Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2 ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 10-майы № 265 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2 ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү процесстерин оптималдаштыруу максатында, «Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө» жана «Электр жана почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2 ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
«31. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети «Кыргызтелеком» ачык акционердик коому (макулдашуу боюнча) менен бирдикте 2017-жылдын 15-майынан тартып жергилүктүү рельефтин мүнөздөмөлөрүнүн географикалык өзгөчүлүктөрүнө байланыштуу республикалык санаритпик телерадиоберүү менен камтылбаган калктуу конуштарынан тышкары Кыргыз Республикасынын бардык аймагында аналогдук телерадиоберүүнү (аналогдук өткөргүчтөрдү) өчүрсүн.»; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында санариптик берүүгө өтүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында:
- бүткүл тексти боюнча “ТКМ” жана «МБА» деген аббревиатуралар “МТБМК” деген аббревиатурага алмыштырылсын;
- 7-пунктунун «Ишке ашыруу мөөнөтү» графасындагы «2015-жылдын I жарым жылдыгы» деген цифралар жана сөздөр «2017-жылдын II жарым жылдыгы» деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктунун «Ишке ашыруу мөөнөтү» графасындагы «2015-жыл» деген цифралар жана сөз «2017-жыл» деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;
- 14-пунктундагы «СӨМ» деген аббревиатура «ЭСӨМ» деген аббревиатура менен алмаштырылсын;
- 14-пунктунун «Ишке ашыруу мөөнөтү» графасындагы «2015-жылдын майы» деген цифралар жана сөздөр «2017-жылдын декабры» деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
Эскертүүдө:
- «МТБМК» деген аббревиатура менен толукталсын;
- «СӨМ» деген аббревиатура жана «Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгү министрлиги» деген сөздөр тиешелүү түрдөө «ЭСӨМ» деген аббревиатура жана «Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги» деген сөздөр менен алмаштырлсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышынын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 4
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.11.2011 · № 692
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-майындагы №265 токтомуПостановление · 10.05.2017 · № 265
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөЗакон · 02.06.2008 · № 106
- Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүүнүн ПРОГРАММАСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 токтому менен бекитилген)Программа · 02.11.2011 · № 692
- Кыргыз Республикасында санариптик берүүгө өтүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 токтому менен…План · 02.11.2011 · № 692
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон