Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасында санариптик берүүгө өтүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасында санариптик берүүгө өтүү программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-июлундагы № 415, 2015-жылдын 19-январы № 12, 2017-жылдын 10-майындагы № 265 токтомдорунун редакциясына ылайык)
N
Иш-чаралар
Ишке ашыруу мөөнөтү
Каржылоо булактары
Ишке ашыруу чаралары
Күтүлүүчү жыйынтыктар
Жооптуу аткаруучулар
1-этап. Санариптик берүүнү ишке киргизүү үчүн платформаларды түзүү жана контентти өнүктүрүү
1
Жыштыктарды ыйгаруу пландарын иштеп чыгуу
2013-2015-жылдар
МТБМКнын каралган каражаттарынын чегинде
"Женева-06" планына ылайык жыйынтыктарды ыйгаруу планын иштеп чыгуу
Санариптик берүү үчүн жыштыктарды ыйгаруунун макулдашылган планы
МТБМК
2
Жер бетиндеги санариптик эфирдик берүүнү ишке киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо
Санариптик берүүгө өтүүнүн бардык мезгилинин ичинде
Талап кылынбайт
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын инвентаризациялоо
Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын жаңы ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу же тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
МТБМК, ММТМ
3
Кыргыз Республикасынын калкын сапаттуу (SТВ) сет-топ-бокстар менен камсыздоону контролдоо
Санариптик берүүгө өтүүнүн бардык мезгилинде
Талап кылынбайт
SТВ тастыктамасын минималдык техникалык талаптарга шайкеш уюштуруу
Кыргыз Республикасынын калкын сапаттуу SТВ менен камсыз кылуу
МТБМК, "Экотехинспекция" жана Экономминдин алдындагы СМБ
4
Контентпровайдерлерди өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу
Санариптик берүүгө өтүүнүн бардык мезгилинде
Талап кылынбайт
Зарыл болгон учурда телекөрсөтүү программаларынын контентин жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү
Телекөрсөтүү программаларынын контентин өнүктүрүүгө шарттарды түзүү
ММТМ, КТРК (макулдашуу боюнча), ЭлТР (макулдашуу боюнча)
5
Улуттук аудиовизуалдык продуктуга мамлекеттик заказды мамлекеттик жана расмий тилдерде жайгаштыруу
Санариптик берүүлөргө өтүүнүн бардык мезгилинде
ММТМнын, КТРКнын, ЭлТРнын, "МИР" МТРКнын, "Ынтымак" КРТРКнын жана облустук, жеке телерадиокомпаниялардын каралган каражаттарынын чегинде, ошондой эле инвестициялардын, гранттык жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен
Ата мекендик аудиовизуалдык продуктуну мамлекеттик жана расмий тилдерде түзуү
Ата мекендик контентти өнүктүрүү
ММТМ, КТРК, ЭлТР, "МИР" МТРК, "Ынтымак" КРТРК
6
Балдардын маданий- агартуу, музыкалык, спорттук, илимий-билим берүү телеканалдарын мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүү
Санариптик берүүгө өтүүнүн бардык мезгилинде
ММТМнын, КТРКнын жана ЭлТРнын, облустук жана жеке телерадиокомпаниялардын каралган каражаттарынын чегинде, ошондой эле инвестициялардын, гранттык жана спонсордук каражаттардын эсебинен
Ата мекендик аудиовизуалдык продуктуну мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүү
Ата мекендик контенттин көлөмүн мамлекеттик жана расмий тилдерде көбөйтүү
ММТМ, КТРК, ЭлТР
2-этап. Сынакты өткөрүү
7
Санариптик берүү үчүн радиожыштыктарды алууга сынак
2017-жылдын II жарым жылдыгы
Катышуучулардын каражаттарынын эсебинен
Санариптик берүү үчүн радиожыштыктарды алууга сынак өткөрүү
Санариптик берүү үчүн радиожыштыктарды алууга талапкерлерди аныктоо
МТБМК
8
Телекөрсөтүү программаларынын социалдык пакетин аныктоо
Санариптик берүүгө өтүүнүн бардык мезгилинде
Талап кылынбайт
Социалдык пакетти түзүүчү телекөрсөтүү программала- рынын тизмегин аныктоо жана бекитүү
Социалдык пакетти түзүүчү телекөрсөтүү программаларынын тизмеги
ММТМ
3-этап. Санариптик берүү тарамын өнүктүрүү
9
Кыргыз Республикасы- нын санариптик телерадиоберүү тарамын түзүү жолу аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагын санариптик берүү менен камтууну камсыз кылуу
2013-2015-жылдар
"Кыргыз- телеком" ААКнын каралган каражатта- рынын чегинде
Санариптик берүү тарамын өнүктүрүүнү жана модернизациялоону камсыздоо
Кыргыз Республикасынын аймагын санариптик эфирдик берүү менен камтуу
МТБМК, "Кыргызтелеком" ААК
9-1
Параллель берүүнүн механизмин (аналогдук жана санариптик), ошондой эле аналогдук берүүнү өчүрүүнүн мөөнөтүн аныктоо
Санариптик берүүгө өтүүнүн бардык мезгилинде
Параллель берүүлөрдүн мезгилиндеги трансляциянын кызматын төлөө үчүн республикалык бюджеттен каражаттарды алдын ала караштыруу
Каржылоонун бюджетин аныктоо жана бекитүү
Паралель берүүлөрдү каржылоонун булактары жана мөөнөтү белгилүү
ММТМ, ФМ, ''Кыргызтелеком" ААК (макулдашуу боюнча)
9-2
Республикалык бюджеттен каржыланган телерадиокомпанияларды, ошондой эле республикалык бюджеттен каржыланбаган, бирок мамлекет (мамлекеттик органдар) катышуучу (уюштуруучусу) болуп эсептелген телекөрсөтүү жана радиоуюмдарды техникалык кайра жабдууну өткөрүү
Санариптик берүүгө өтүүнүн бардык мезгилинде
370 млн. сом талап кылынат
Техникалык кайра жабдуу боюнча техникалык иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу
Санариптик телерадиоберүүнү камсыздоо
ММТМ, ФМ, ТРК (макулдашуу боюнча)
10
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-январындагы № 12 токтомуна ылайык күчүн жоготту
11
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-январындагы № 12 токтомуна ылайык күчүн жоготту
4-этап. Санариптик берүүгө өтүүнү аяктоо
12
Учурдагы абалды талдоо жана санариптик берүүнү ишке киргизүүнү аяктоо боюнча чараларды иштеп чыгуу
2017-жыл
Талап кылынбайт
Учурдагы абалга баа берүү жана санариптик берүүнү ишке киргизүүнү өз убагында аяктоо боюнча чараларды иштеп чыгуу
Санариптик берүүгө өтүү аяктайт
МТБМК, ММТМ, "Кыргызтелеком" ААК
13
Кыргыз Республикасынын социалдык жактан аялуу катмарларына колдоо көрсөтүү боюнча маселени иштеп чыгуу
Санариптик берүүгө өтүүнүн бардык мезгилинде
Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттын чегинде, Инвестициялар, гранттар жана башка тартылган каражаттар
Калктын аялуу катмарына санариптик берүүнүн жеткиликтүүлүгүнө колдоо көрсөтүү боюнча механизмдерди жана чараларды аныктоо
Өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун камсыздоо
ММТМ, МТБМК, ЭСӨМ
14
Аналогдук берүүдөн санариптик берүүгө өтүүнү аяктоо
2017-жылдын декабры
МТБМКнын жана байланыш жаатындагы ишкердик субъекттердин каралган каражаттарынын чегинде
Аналогдук берүүлөргө жыштыктарды ыйгарууну токтотуу
Аналогдук берүүлөр өчүрүлөт
МТБМК, байланыш жаатындагы ишкердик субъекттер
Эскертүү: Кыскартуулардын жана аббревиатуралардын тизмеси: ''МИР" МТРК - "МИР" Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясы; "Ынтымак" КРТРК - "Ынтымак" коомдук регионалдык телерадиокомпаниясы; КТРК - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы; "ЭлТР" Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы; ТРК - телерадиокомпаниялар; ММТМ - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги; ФМ - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; ЭСӨМ - Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги; Экотехинспекция - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция; "Экономминдин алдындагы СМБ - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору; МТБМК.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.11.2011 · № 692
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-январы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 “Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө”…Постановление · 19.01.2015 · № 12
4 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-июлундагы № 390 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.07.2016 · № 390
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-майындагы № 265 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2 ноябрындагы № 692 «Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө»…Постановление · 04.05.2017 · № 265