Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 13-июлу № 390 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү процесстерин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын "Телеберүү жана радиоуктуруу жөнүндө" жана "Электр жана почта байланышы жөнүндө" мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүүнүн программасында:
- 1-главанын он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бул учурда "Кыргызтелеком" ААКына бир катар шарттар коюлат, анын ичинде социалдык пакетти берүү үчүн бир жыштык ыйгарууну пайдалануу, ошондой эле Баткен облусунда калктын жакыр катмарларына бөлүштүрүлгөн гранттык ресиверлердин 20000 (жыйырма миң) социалдык пакетин кабыл алууну же аларды алмаштырууну камсыз кылуу.";
- 2-главанын экинчи абзацындагы "теле жана радио уюмдарын" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;
- 6-главанын төртүнчү абзацындагы "берүү программаларын" деген сөздөр алып салынсын;
- 7-главада:
7-пунктчанын аталышы "Социалдык пакет" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 7-пунктчанын экинчи абзацындагы "Программалардын социалдык пакетин" деген сөздөр "Социалдык пакетти" деген сөзгө алмаштырылсын жана "программасын берүү" деген сөздөр алып салынсын; 12-пунктчанын он экинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "- Социалдык пакетти түзүү жана бекитүү;";
- 8-главанын үчүнчү абзацындагы "программалык берүүлөрдүн социалдык пакетин" деген сөздөр "социалдык пакеттин берүүлөрүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-главанын 14-пунктчасынын он экинчи абзацындагы "берүүнүн социалдык пакет программалары" деген сөздөр "социалдык пакет" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында санариптик берүүгө өтүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында:
- 3-пунктта:
"Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2013-2015-жылдар" деген цифралар жана сөз "Санариптик берүүгө өтүүнүн бардык мезгилинде" деген сөздөргө алмаштырылсын; "Жооптуу аткаруучулар" графасы "Экотехинспекция" жана "Экономминдин алдындагы СМБ" деген аббревиатуралар жана сөз менен толукталсын;
- 4-пунктта "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2013-2015-жылдар" деген цифралар жана сөз "Санариптик берүүгө өтүүнүн бардык мезгилинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пунктта: "Иш-чаралар" графасы "маданий-агартуу" деген сөздөрдөн кийин ", музыкалык, спорттук, илимий-билим берүү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 8-пунктта "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2014-жылдын IV кварталы" деген цифралар жана сөздөр "Санариптик берүүгө өтүүнүн бардык мезгилинде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-1-пункттагы "Иш-чаралар" графасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Параллель берүүнүн механизмин (аналогдук жана санариптик), ошондой эле аналогдук берүүнү өчүрүүнүн мөөнөтүн аныктоо";
- 9-2-пунктта:
"Иш-чаралар" графасы "телерадиокомпанияларды" деген сөздөн кийин ", ошондой эле республикалык бюджеттен каржыланбаган, бирок мамлекет (мамлекеттик органдар) катышуучу (уюштуруучусу) болуп эсептелген телекөрсөтүү жана радиоуюмдарды" деген сөздөр менен толукталсын; "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2014-2015-жылдар" деген цифралар жана сөз "Санариптик берүүгө өтүүнүн бардык мезгилинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 13-пунктта: "Ишке ашыруу мөөнөтү" графасындагы "2015-жылдар" деген цифра жана сөз "Санариптик берүүгө өтүүнүн бардык мезгилинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "Каржылоо булактары" графасы "Инвестициялар" деген сөздөн мурда "Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү программасын ишке ашырууга республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттын чегинде," деген сөздөр менен толукталсын; Эскертүүдө:
- "ЭлТР - Коомдук телекөрсөтүүсү" Кыргыз Республикасынын телерадиоберүү компаниясы" деген аббревиатура жана сөздөр "ЭлТР" Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы" деген аббревиатура жана сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй аббревиатуралар жана сөздөр менен толукталсын: "Экотехинспекция - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция"; "Экономминдин алдындагы СМБ - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 349 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункту "телекөрсөтүү" деген сөздөн мурда "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүүнүн ПРОГРАММАСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 токтому менен бекитилген)Программа · 02.11.2011 · № 692
- "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн тартиби жөнүндө жобо" (Кыргыз…Положение · 23.06.2014 · № 349
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 "Кыргыз Республикасында санариптик телерадиоберүүгө өтүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.11.2011 · № 692
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 23-июнундагы № 349 "Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү санариптик обо берүүсүнүн телеканалдарынын жана/же радиоканалдарынын социалдык пакетин түзүүнүн…Постановление · 23.06.2014 · № 349
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөЗакон · 02.06.2008 · № 106
- Кыргыз Республикасында санариптик берүүгө өтүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-ноябрындагы № 692 токтому менен…План · 02.11.2011 · № 692
- Электр жана почта байланышы жөнүндөЗакон · 02.04.1998 · № 31 · Күчүн жоготкон