Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды „Кумтөр Оперейтинг Компани“ ЖАКнын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 24-январы № 34 Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКнын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-мартындагы № 127 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 465 токтому менен түзүлгөн Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча нормаларды жана талаптарды "Кумтор Оперейтинг Компани" ЖАКнын сактоосун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын (мындан ары - Мамлекеттик комиссия) отчетун угуп чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик комиссиянын тиркелген отчету эске алынсын.
2. Мамлекеттик комиссиянын отчету жиберилсин:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине;
- "Центерра Голд Инк." компаниясынын директорлор кеңешине.
3. Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Мамлекеттик комиссиянын отчетун берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети менен бирге Мамлекеттик комиссиянын отчетунда баяндалган актыларга укуктук баа берүү сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жана "Кыргызалтын" ачык акционердик коому "Центерра Голд Инк" акционердик компаниясынын акционерлеринин кезексиз чогулушун өткөрүү демилгесин көтөрсүн жана Кыргыз Республикасынын позициясын жана "Кумтор" долбоорунун андан ары өнүктүрүү жөнүндө маселелерди түшүндүрүү менен Мамлекеттик комиссиянын ишинин натыйжалары менен тааныштырышсын.
6. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-мартындагы № 127 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-мартындагы № 127 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-мартындагы № 127 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
9. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд жана "Кыргызалтын" ачык акционердик коому "Кумтөр оперейтинг компани" ЖАКтын ишин токтото турууга жол бербөө, анын ичинде форс-мажорлук жагдайлар пайда болгон учурда "Кумтөр" кенинде үзгүлтүксүз өндүрүштүк циклди камсыз кылуу боюнча чара көрүшсүн, зарыл учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү сунуштарды киргизишсин.
10. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик "Кумтөр оперейтинг компани" жабык акционердик коомунун ишинин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыктуулугун пландуу текшерүү боюнча ишти улантсын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катаал чараларды көрүшсүн.
11. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте "Кумтөр" долбоору боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтык ишти, анын ичинде эл аралык коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы № 2117-V токтомунун 6-пунктун аткаруу жөнүндө маселени карасын.
13. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 34 токтомуна тиркеме
"Кумтөр" долбоору боюнча шарттарды кайра караштыруу жөнүндө консультацияларды өткөрүү боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
Оторбаев Ж.К. - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, жумушчу топтун жетекчиси; Момуналиев Н.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр; Чунуев И.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Мукамбетов М.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары; Турусбеков Б.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнүн башчысы; Иминов М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; Исмаилов А.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысынын орун басары.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 31 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 9
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (31)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-июнундагы №2117-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 15-февралындагы №1642-V токтому менен түзүлгөн "Алтын казып алуу…Постановление · 27.06.2012 · № 2117-V
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-мартындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2805-V "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап…Постановление · 12.03.2013 · № 127
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-июлундагы № 475 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 168 "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомуна жер берүү жөнүндө"…Постановление · 05.07.2012 · № 475
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексиКодекс · 27.06.2025 · № 128
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги № 181-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр…Распоряжение · 24.04.2009 · № 181-р
- Положение о рекультивации (восстановлении) земель и порядке их приемки в эксплуатацию (утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 12 июля 1993 года № 304)Положение · 12.07.1993 · № 304
- Постановление Правительства КР от 31 мая 1994 года N 379 "О технико-экономическом обосновании (ТЭО), дополнениях и изменениях к Генеральному Соглашению по проекту "Кумторзолото"Постановление · 31.05.1994 · № 379
- Постановление Правительства КР от 4 января 2003 года №4 "О реструктуризации проекта "Кумторзолото"Постановление · 04.01.2003 · № 4
- Постановление Правительства КР от 21 декабря 1998 года N 845 " О проекте Договора между Правительством Кыргызской Республики и компанией "Кумтор Оперейтинг Компани" по…Постановление · 21.12.1998 · № 845
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН 2003-жылдын 31-декабрындагы № 835 "«Кумтор» долбоорун реструктуралаштыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 31.12.2003 · № 835
- Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын"ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр…Закон · 30.04.2009 · № 142
- КР Конституциялык сотунун 2009-жылдын 2-июнундагы (Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги N 181-р буйругу жана…Решение · 02.06.2009
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү тууралууЗакон · 29.05.2009 · № 175
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 160 · Күчүн жоготкон
- Об акционерных обществах в Республике КыргызстанЗакон · 26.06.1991 · № 513 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-июлундагы № 465 "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу…Постановление · 03.07.2012 · № 465 · Күчүн жоготкон
- Суу жөнүндөгүЗакон · 14.01.1994 · № 1422-XII · Күчүн жоготкон
31 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (9)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Акционердик коомдор жөнүндөЗакон · 27.03.2003 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 22-майында № 251 буйругуРаспоряжение · 22.05.2007 · № 251
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги №254 ""Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому…Постановление · 24.04.2009 · № 254
- Суу КодексиКодекс · 12.01.2005 · № 8 · Күчүн жоготкон
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 02.07.1997 · № 42 · Күчүн жоготкон
- Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндөЗакон · 13.11.2001 · № 89 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-августундагы № 382 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Камеко" жана "Центерра Голд Инк" компанияларынын ортосунда…Постановление · 30.08.2007 · № 382 · Күчүн жоготкон
- О введении в действие Конституции Кыргызской РеспубликиЗакон · 05.05.1993 · № 1186-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 30.04.2009 · № 143 · Күчүн жоготкон