Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 168 «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомуна жер берүү жөнүндө» токтомун жокко чыгаруу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 5-июлу № 475 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 168 "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомуна жер берүү жөнүндө" токтомун жокко чыгаруу тууралуу Сейрек кездешүүчү табигый комплекстерди, биологиялык, ландшафттык ар түрдүүлүктү жана Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген өсүмдүктөр, жаныбарлар дүйнөсүнүн түрлөрүн сактоо максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренеси бузулгандыгына байланыштуу, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 15-февралындагы № 1642-V токтому менен түзүлгөн "Алтын казып алуу кенинин ишинин таасири тийген райондо жаратылыш ресурстарын сарамжал пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүштүк процесстердин коопсуздугу жана калкты социалдык коргоо боюнча ченемдер менен талаптардын "Кумтөр оперейтинг компани" жабык акционердик коому тарабынан сакталышын, ошондой эле жүзөгө ашырылып жаткан мамлекеттик контролдун абалын текшерүү жана иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын отчету жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнунда № 2117-V токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 168 "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомуна жер берүү жөнүндө" токтомунун жарактуулугу кабыл алынган күндөн тартып жокко чыгарылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясы ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрүшсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 24-январындагы № 34 "Жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана калкты социалдык…Постановление · 24.01.2013 · № 34
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 168 "Кумтор Голд Компани" жабык акционердик коомуна жер берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.03.2010 · № 168 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 27-июнундагы №2117-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 15-февралындагы №1642-V токтому менен түзүлгөн "Алтын казып алуу…Постановление · 27.06.2012 · № 2117-V
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 168 "Кумтор Голд Компани" жабык акционердик коомуна жер берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 25.03.2010 · № 168 · Күчүн жоготкон