Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен „Камеко“ жана „Центерра Голд Инк“ компанияларынын ортосунда макулдашууларды жактыруу жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительство КР от 24 апреля 2009 года №254 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О ратификации Соглашения о новых условиях по проекту "Кумтор" между Правительством Кыргызской Республики, открытым акционерным обществом "Кыргызалтын", канадской компанией "Центерра Голд Инк.", закрытым акционерным обществом "Кумтор Оперейтинг Компани", закрытым акционерным обществом "Кумтор Голд Компани" и канадской корпорацией "Камеко", подписанного 24 апреля 2009 года в городе Бишкек""» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-04-24.
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги № 254 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2007-жылдын 30-августу № 382
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Камеко" жана "Центерра Голд Инк" компанияларынын ортосунда макулдашууларды жактыруу жөнүндө
"Кумтөр" долбоорун ишке ашыра баштагандан тартып Кыргыз Республи- касынын коомчулугунда ага карата ар кандай себептер боюнча терс мамиле- лер түзүлгөн, ал кийин 2003-2004-жылдарда "Кумтөр" долбоорун реструкту- ралаштырууга карата терс кабылдоо менен да терењдеп кеткен. Көрсөтүлгөн кырдаалды көњүлгө алуу менен кыргыз жана канада тарап- тар "Кумтөр" долбоорун андан ары ишке ашыруу жөнүндө маселе боюнча кыр- гыз тараптын позицияларын жакшыртуу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү туура- луу чечим кабыл алышкан. Бул максаттарда Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 22-майындагы № 251 буйругу менен эксперттик топ түзүлүп, анын курамына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, администрация- лык ведомстволордун жана ишканалардын жетекчилери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасынын орун басары Э.Д.Алымбеков киришкен. Көрсөтүлгөн эксперттик топ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши- нин алтын кендерди өздөштүрүүнүн негиздүүлүгүн жана мыйзамдуулугун пар- ламенттик териштирүү боюнча депутаттык комиссиянын мүчөлөрү менен бир- дикте 10 жолугушуу-кењешме өткөргөн жана "Центерра Голд Инк" компания- сындагы "Камеко" компаниясынын акцияларын кыргыз тарапка өткөрүп берүүнү кароочу эсептөөлөрдүн ар кандай варианттарын, ошондой эле "Кумтөр" долбоорун андан ары ишке ашыруунун жањы шарттарын иштеп чык- кан, көрсөтүлгөн кењешмелер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин бардык депутаттарына жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнө катышуу үчүн жеткиликтүү түрдө ачык болгон. Иштелип чыккан эсептөөлөргө негизденүү менен 2007-жылдын июль-ав- густунда кыргыз тарап сүйлөшүүлөрдүн кезектеги эки раундун өткөргөн. Көрсөтүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары боюнча, ошондой эле "Центерра Голд Инк" компаниясынын акцияларынын баасынын 4,75 канада долларына че- йин төмөндөп кетишинен улам тараптар эки тараптуу төмөнкүдөй чечим ка- был алышкан:
- "Центерра Голд Инк" компаниясындагы "Камеко" компаниясынын акци-
яларынын реструктуралаштыруу башталганда 52 процентти түзгөн акцияларын кыргыз тарапка өткөрүп берүү жөнүндө;
- милдеттүү төлөмдөрдү, ошондой эле Ысыккөл облусун өнүктүрүү фон-
дуна чегерүүлөрдү кошо алганда "Кумтөр" долбоору үчүн салыктарды төлөөнү кароочу салыктык режимди белгилөө жөнүндө. Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана "Камеко" компаниясынын
ортосунда Өз ара колдоо жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана "Центерра Голд Инк" ком-
паниясынын ортосунда "Кумтөр" долбоору боюнча Жањы шарттар жөнүндө ма- кулдашуунун долбооруна макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2007-жылдын 22-майында № 251 буйругуРаспоряжение · 22.05.2007 · № 251
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 24-апрелиндеги №254 ""Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому…Постановление · 24.04.2009 · № 254
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.