Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө»жобосу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 февраля 2022 года № 95 "О мерах по реализации требований статей 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 и 415 Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-02-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 токтому менен бекитилген
Кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо тартиби жөнүндө ЖОБО (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 702, 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо жана каттоосун жокко чыгаруу тартибин жана шарттарын аныктайт.
2. Кошумча нарк салыгын төлөөчүлөрдү каттоо, каттоосун жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин (мындан ары - Салык кодекси) IX бөлүмүнүн талаптарына ылайык, ушул Жободо белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
3. Ушул Жобонун талаптары экономикалык иш жүргүзүүчү жана бюджетке кошумча нарк салыгын (мындан ары - КНС) төлөө боюнча салыктык милдеттенмеси пайда болгон бардык субъекттерге карата колдонулат.
2. КНС боюнча каттоо тартиби
4. КНС төлөөчүнү каттоо алар тарабынан ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча берилген КНС төлөөчү катары каттоо жөнүндө арыздын негизинде, субъекттин салыктык катталган орду боюнча ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Катары менен он эки календарлык ай ичинде экономикалык иш жүргүзгөн же катары менен он эки календарлык айга жетпеген мезгил ичинде товарларды берүүдө, жумуштарды, кызматтарды аткарууда жалпы наркы КНС боюнча каттоо чегинен ашып кеткен салык төлөөчү, салык салынуучу жабдуу-берүүлөрдүн жалпы наркы КНСти каттоо чегинен ашып кеткен өткөн мезгил боюнча бир айдын ичинде КНС боюнча салык салынуучу субъект катары каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.
6. Салык төлөөчүнү КНС боюнча каттоо салык органы тарабынан салык төлөөчүнү КНС төлөөчү катары каттоо жөнүндө чечим чыгаруу жолу менен ишке ашырылат.
7. Салык органы КНС төлөөчү катары каттоо жөнүндө арызды салык төлөөчү арызды берген күндөн баштап 10 күндүн ичинде карайт, аны КНС төлөөчү катары каттоо же себебин көрсөтүү менен КНС төлөөчү катары каттоодон баш тартуу жөнүндө тийиштүү чечим чыгарат.
8. Кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүнү каттоо жөнүндө салык органынын чечими эки нускада таризделет, жетекчинин колу жана салык органынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана КНС төлөөчүнү каттоо жөнүндө чечимди берүү журналына жазып, салык төлөөчүнүн же анын салыктык өкүлүнүн колун койдуруу менен берилет. КНС төлөөчү катары каттоо жөнүндө чечим салык кызматынын органы тарабынан тийиштүү чечим кабыл алынган күндөн тартып бир айдын ичинде салык төлөөчүгө тапшырылууга тийиш.
9. Эгерде ыктыярдуу тартипте катталган КНС төлөөчү катары каттоо жөнүндө чечим салык төлөөчү тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттө алынбаса салык органы КНС төлөөчү катары каттоо жөнүндө чечимди жокко чыгарууга жана 5 иш күндүн ичинде салык төлөөчүгө кабыл алынган чечим тууралуу билдирүүгө укуктуу.
10. КНС төлөөчү катары каттоо салык төлөөчү каттоо жөнүндө арызын берген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып күчүнө кирет.
11. Салык кызматынын органы КНС төлөөчү катары каттоо жөнүндө ыктыярдуу арыз берген салык төлөөчүнүн төмөнкү шарттарды аткарышын изилдейт:
а) салык төлөөчүнүн салык төлөөчү жөнүндө каттоо маалыматтарында көрсөтүлгөн юридикалык дарегинин тууралыгын;
б) экономикалык ишти жүргүзүү үчүн атайын жайлардын болушун;
в) банкта алыш-бериш эсебинин болушун;
г) салыктык отчёттун өз мөөнөтүндө тапшырылышын.
Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча салык органынын кызмат адамы ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык формада салык төлөөчүнүн изилденгени жөнүндө акт түзөт.
3. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу тартиби
12. КНС боюнча каттоону жокко чыгарууга төмөнкүлөр негиз болот:
1) эгерде КНС төлөөчү катары катталган салык салынуучу субъекттин жабдуу-берүүлөрүнүн салык салынуучу наркы акыркы 12 айда КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн ашпаса;
2) КНС төлөөчү катары катталган салык салынуучу субъект жоюу жана/же кайра түзүү жолу менен банкрот болсо;
3) эгерде отчёт тапшырылуучу күндөн кийинки күндөн тартып 2 календарлык айдын ичинде салык төлөөчү тарабынан КНС боюнча отчёт тапшырылбаса;
4) салык салынуучу субъект Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 277-1-беренесинде белгиленген режимди колдонууну каалаган учурда.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Ушул Жобонун 12-пунктунун 1, 2 жана 4-пунктчаларында каралган учурларда салык төлөөчү же атайын администратор салыктык катталган орду боюнча салык органына ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча түзүлгөн КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу жөнүндө арыз менен кайрылышат.
Мында атайын администратор банкроттоо жол-жобосу башталган күндөн кийинки 10 календарлык күндүн ичинде арызын берүүгө тийиш. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Арызда салык төлөөчү же атайын администратор КНС боюнча каттоону жокко чыгаруунун себептерин көрсөтөт.
Арызга төмөнкүлөр тиркелүүгө тийиш:
- 2016-жылдын 7-ноябрына чейин - КНС боюнча каттоо документи;
- 2016-жылдын 7-ноябрынан тартып - КНС төлөөчү катары каттоо жөнүндө салык кызматынын органынын чечими.
15. Эгерде КНС боюнча каттоо документи жана/же салык төлөөчүнү КНС төлөөчү катары каттоо жөнүндө салык кызматынын органынын чечими жоголуп кетсе, салык төлөөчү же атайын администратор салык органына алардын жоголгону жана аларды жараксыз деп эсептөө тууралуу расмий басма сөзгө жарыяланган кулактандырууну көрсөтөт.
16. Салык төлөөчүнү КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу тууралуу арызды берүүдө салык төлөөчү же атайын администратор белгиленген мөөнөттүн ичинде КНС боюнча акыркы салыктык отчётун берүүгө милдеттүү.
17. Ушул Жобонун 12-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында каралган учурларда салык кызматынын органы тарабынан КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу же себебин көрсөтүү менен КНС боюнча каттоону жокко чыгаруудан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынып, ал салык төлөөчүнүн өз колуна тапшырылат же 5 иш күндүн ичинде заказ кат менен жиберилет.
18. Салык төлөөчүлөрдүн катталган орду боюнча салык органы тарабынан 2 календарлык айдын ичинде КНС боюнча отчётторун тапшырбаган салык төлөөчүлөрдүн тизмеси төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен түзүлөт:
- юридикалык жактын аталышы же жеке ишкердин аты-жөнү;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери;
- салык кызматынын органынын КНС боюнча салык төлөөчү катары каттоо тууралуу чечиминин номери, датасы;
- салык төлөөчүнүн КНС төлөөчү катары каттоо күчүнө кирген күнү;
- КНС боюнча отчёт тапшыруунун акыркы салыктык мезгили;
- КНС боюнча отчёт тапшырбаган салык төлөөчүнүн КНС боюнча эсеп-фактураларынын ыйгарылган серияларынын жана номерлеринин саны.
19. Ушул Жобонун 12-пунктунун 3-пунктчасында каралган учурларда КНС боюнча каттоо салык төлөөчүнүн арызы жок эле салык кызматынын органынын чечиминин негизинде жокко чыгарылат.
20. Салык төлөөчүнүн КНС боюнча каттоосун жокко чыгаруу салык төлөөчүнүн КНС боюнча каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим салык органы тарабынан кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
21. Салык төлөөчүнүн КНС боюнча каттоосун жокко чыгарууда, анын ичинде жоюу жана/же кайра түзүү жолу менен банкроттоодо КНСтин калып калган эсеп-фактураларынын пайдаланылбаган сериялары жана номерлери жараксыз деп эсептелет.
22. КНС боюнча каттоону жокко чыгаруу тууралуу чечимдин негизинде салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн (REG STI-025) формасы боюнча каттоо карточкасына өзгөртүү киргизилет.
23. КНС боюнча каттоосу жокко чыгарылган салык төлөөчүлөрдүн тизмеси ыйгарым укуктуу салык органынын ачык маалыматтык веб-сайтына жайгаштырылат.
Кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме
Салык төлөөчүнүн кошумча нарк салыгына каттоо АРЫЗЫ (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо тартиби жөнүндө жобого 2-тиркеме
Форма
20__-жылдын "___" ______________
Бишкек ш.
Текшерүү АКТЫСЫ Биз __________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ (кызматы, салык кызматынын органынын кызматкеринин кызмат орду, аты-жөнү) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 229-беренесинин 6-пунктуна ылайык, ______________________________________________________________________________ (жетекчинин, башкы бухгалтердин, жеке ишкердин аты-жөнү) катышуусу менен ______________________________________________________________________________ (салык төлөөчүнүн аталышы, ИНН) төмөнкү даректе жайгашкан ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ (шаардын, райондун, айылдын, көчөнүн аталышы, үй №) жана _________________________________________________________________________ ____________________________________________________________________ катталган (салык органынын аталышы) _________________________________________________ контролдук текшерүү жүргүздүк
Контролдук текшерүүнүн натыйжасында төмөнкүлөр аныкталды: ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________ ______________________________________________________________________________
Салык органынын кызмат адамдары:
_________________
______________________
(колу)
(аты-жөнү)
_________________
______________________
(колу)
(аты-жөнү)
Жетекчиси:
_________________
______________________
(колу)
(аты-жөнү)
Кошумча нарк салыгы боюнча салык төлөөчүлөрдү каттоо тартиби жөнүндө жобого 3-тиркеме
Салык төлөөчүнүн кошумча нарк салыгына каттоосун жокко чыгаруу тууралуу АРЫЗЫ (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 7
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 59, 85, 127, 130, 131, 329, 414 жана 415-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу…Постановление · 24.02.2022 · № 95
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы № 95 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүүнүн алкагында салыктарды башкарууну жакшыртуу боюнча чаралар…Постановление · 16.03.2021 · № 95 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 ""Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (7)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 25 "Уйдун чийки сүтүндө майдын жана белоктун болушунун базистик ченемдерин белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 28.01.2022 · № 25
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2012 · № 104
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бириктирүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик (эсептик) каттодо (кайра каттодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара…Постановление · 23.04.2008 · № 182
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 613 "Кыргыз Республикасын 2013-жылга жана 2014-2015-жылдары социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жөнүндө"…Постановление · 12.09.2012 · № 613 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-январындагы № 12 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү…Постановление · 16.01.2016 · № 12 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 625 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү…Постановление · 25.11.2016 · № 625 · Күчүн жоготкон