Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Уйдун чийки сүтүндө майдын жана белоктун болушунун базистик ченемдерин белгилөө жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2022-жылдын 28-январы № 25 Уйдун чийки сүтүндө майдын жана белоктун болушунун базистик ченемдерин белгилөө жөнүндө Республиканын чарбаларында жетишилген сүттөгү майдын массалык үлүшүнүн орточо деңгээлин эске алуу менен уйдун чийки сүтүнүн сапатын объективдүү баалоо, сатып алынган уйдун чийки сүтүнө акы төлөөдө бир түрдүү мамиле жасоо максатында, ошондой эле республикада уйдун чийки сүтүн өндүрүүнү мындан ары көбөйтүүгө дем берүү үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү жана сүттү кайра иштетүүчү ишканалары үчүн жеткирилген уйдун чийки сүтү үчүн эсептөөлөрдө сүттүн салмагына карата майдын болушунун нормативи 3,4 % жана белоктуку - 2,8 % өлчөмүндө белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы № 675 "Уйдун сүтүндө майдын жана белоктун болушунун убактылуу базистик нормаларын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Төрага
А.У. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоонун жана байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуунун тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105…Порядок · 03.03.2025 · № 105
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-сентябрындагы №675 "Уйдун сүтүндө майдын жана белоктун болушунун убактылуу базистик нормаларын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.10.2011 · № 675 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-сентябрындагы №675 "Уйдун сүтүндө майдын жана белоктун болушунун убактылуу базистик нормаларын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.10.2011 · № 675 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги №144 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө"жобосуПоложение · 07.04.2011 · № 144 · Күчүн жоготкон