Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз республикасынын «Үрөн жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 4-июну № 69
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2005-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-жыл, № 6, 231-ст.)
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 3-статьяда:
2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
4-пунктта "же лицензиялары" деген сөздөр алып салынсын.
2. 5-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацындагы "лицензия алуу" де-
ген сөздөр алып салынсын.
3. 6-статьяда:
1-пункттагы ", айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик орга-
нынын" жана "лицензия берген" деген сөздөр алып салынсын;
2-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"патент ээсинин сортту пайдалануудан баш тартуу жөнүндө чечимин
сот тартибинде талашууга;";
3-пункттун экинчи абзацы алып салынсын.
4. 7-статьяда:
1-пункттагы "жана айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик
органынын лицензиясын алган" деген сөздөр алып салынсын;
4-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
5. 12-статьяда:
1-пункттун алтынчы абзацындагы "сорттук үрөндөрдү өндүрүү жана са-
тууга укук берген тиешелүү лицензиясыз, ошондой эле" деген сөздөр "ти-
йиштүү" деген сөз менен тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын;
1-пункттун тогузунчу абзацындагы "сорттук үрөндөрдү өндүрүүгө жана
сатып өткөрүүгө укук берген лицензиясы бар" деген сөздөр алып салынсын.
6. 13-статьянын 4-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин
милдетин аткаруучу К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Үрөн жөнүндөЗакон · 19.06.1997 · № 38
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-майындагы № 345 ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам…Постановление · 29.05.2012 · № 345
Шилтеме берет (1)
- Үрөн жөнүндөЗакон · 19.06.1997 · № 38