Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-08-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 30-августу № 598 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын ички иштер министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болууга дайындалсын.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
Ө.Бабанов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Төмөнкүдөй мазмундагы 231-1-статья менен толукталсын:
"231-1-статья. Жолду мыйзамсыз жабуу
Жеке жана/же юридикалык жактардын жолду мыйзамсыз жабышы, - жеке жактарга отуз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат, юридикалык жактарга беш жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле иш жолду тосуучу нерселерди колдонуу менен жасалса, - жеке жактарга элүү эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат, юридикалык жактарга жети жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат.".
2. 508-статьянын биринчи бөлүгү "230-статьянын үчүнчү бөлүгүндө," деген сөздөрдөн кийин "231-1-статьяда," деген сөздөр менен толукталсын.
3. 556-1-статьянын биринчи бөлүгүнүн үчүнчү абзацы "157," деген цифрадан кийин "231-1" деген цифралар менен толукталсын.
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Ушул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Ө.Бабановдун 2012-жылдын 2-июнундагы № 13-18 тапшырмасын аткаруу максатында иштелип чыккан. Бул тапшырмага ылайык Юстиция министрлигине жолдорду жабуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү боюнча тиешелүү актынын долбоорун киргизүү зарыл. "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамынын 2-беренесине ылайык жол кыймылы - транспорт каражаттары менен же алардын жардамысыз эле адамдардын жана жүктөрдүн ордун которуштуруу процессинде пайда болгон коомдук мамилелердин топтому. Ошол эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 25-беренеси Кыргыз Республикасында ар бир адам ары-бери эркин жүрүүгө укуктуу экендигин белгилейт. Бул укук ажырагыс болуп эсептелет. Ошол эле учурда белгиленген Мыйзамдын 13-беренеси жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жолдордо жүргөн транспорт каражаттарынын кыймылын убактылуу чектөө жана токтотуу мындай укук ыйгарылган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан алардын компетенциясынын чегинде жүргүзүлүшүнө жол берет. Ошол эле мезгилде жолдордо жүргөн транспорт каражаттарынын кыймылын убактылуу чектөө же токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде тастыкталат. Бирок, бүгүнкү күндө жол кыймылын мыйзамсыз жабуу кырдаалы өтө таралган. Кээ бир адамдар бийлик тарабынан тиешелүү талаптарды аткаруу үчүн жолду жабуу жолу менен бийликке жеткирүүгө аракет кылышат. Ошол эле мезгилде. бул жарандар менен ушул себептен башка жарандардын укүктары бузулгандыгы эске алынбайт. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир адамга тынч чогулуштарды өткөрүү менен өзүнүн жарандык көз карашын көрсөтүү укугун кепилдейт. Аталган чогулуштарды өткөрүүнүн укуктук негизи "Тынч чогулуштар жөнүндө" Мыйзамында белгиленген. Ошол эле учурда белгиленген Мыйзамдын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык тынч чогулуштардын катышуучулары жана уюштуруучулары тынч чогулуштарга катышпаган жарандардын эркин жүрүүсүнө тоскоолдук кылбоого милдеттүү. Бул кырдаал башка адамдардын укуктарын чектелишине, тиешелүү ыңгайсыздыктарды пайда кылышына жана олуттуу терс кесепеттерди алып келээрин белгилеп кетүү зарыл. "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Мыйзамынын жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндөгү мыйзамдарын бузуу үчүн жоопкерчиликти белгилеген 31-беренесин эске алуу менен, берилген Мыйзам долбоорунда Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексин жолду жабуу үчүн административдик жоопкерчиликти белгилеген берене менен толуктоо сунушталууда. Ошону менен бирге. Мыйзам долбоорун коомдук талкуудан өткөргөн учурда сунуштар жана пикирлер келип түшпөгөндүгүн белгилеп кетебиз. Ошондой эле. аталган мыйзамдын кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжаларды алып келбейт. Андан башка, өткөрүлгөн улуттук жана эл аралык мыйзамдардын иштеп жаткан ченемдерин талдоонун жыйынтыгында. сунушталган мыйзам долбоорунун ченемдери иштеп жаткан ченемдик укуктук актыларына каршы келбейт. Кошумча иретинде, сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кылбай тургандыгын билдиребиз.
Министр
А.Шыкмаматов
"Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦАСЫ
| Мурдагы редакциясы | Сунушталган редакциясы |
|---|---|
| Статья 231-1. Жолду мыйзамсыз жабуу Жеке жана/же юридикалык жактардын менен жолду мыйзамсыз жабышы - жеке жактарга отуз эсептик көрсөткүчүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат, юридикалык жактарга беш жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга кирептер кылат. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле иш жолду тосуучу нерселди колдонуу менен жасалса, - жеке жактарга элүү көрсөткүчүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга кириптер кылат, юридикалык жактарга жети жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга кирептер кылат. | |
| 508-статья. Судьялар Райондук, шаардык соттордун судьялары ушул Кодекстин 57-64, 66-68, 70-74, 75-1, 79, 80, 82-1, 85, 85-1, 87, 91-1, 91-2, 92, 92-2, 93, 95, 102, 105, 140, 142, 147, 148, 149, 149-1, 151-157-статьяларында, 228-статьясынын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 230-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 238-статьясынын биринчи-үчүнчү, бешинчи, сегизинчи, онунчу жана он биринчи бөлүктөрүндө, 241-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 242-статьясынын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 248-статьясында, 254-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 264, 265, 271, 273, 277-статьяларында, 286-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 286-1-статьясында, 289-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 300, 301, 301-1, 301-2, 301-3-статьяларында, 302-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 305-статьясынын экинчи, үчүнчү, төртүнчү бөлүктөрүндө, 308, 339-345, 346-1, 354, 363, 364, 368, 369, 370, 371, 373, 374, 382-статьяларында, 390-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 391, 392-395-статьяларында, 400, 401-1, 401-2, 401-3, 404-406, 409-1, 409-2, 412-статьяларында, 417-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 420, 422, 422-1-422-4, 454, 464, 466-468, 476, 505-1-505-10-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чараларды көрөт. Ушул Кодекстин 503-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 504-10, 504-14, 504-16, 504-17, 504-19, 504-23, 504-32, 504-33, 504-36, 505, 505-17-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер, мындай администрациялык укук бузуу жөнүндө өздөрүнө келип түшкөн ишти орган же кызмат адамы судьянын кароосуна өткөрүп берген учурларда судьялар тарабынан каралат. (КР 2002-жылдын 10-мартындагы № 33, 2003-жылдын 17-февралындагы № 36, 2003-жылдын 19-февралындагы № 42, 2003-жылдын 5-августундагы № 191, 2003-жылдын 5-августундагы № 192, 2004-жылдын 15-февралындагы № 13, 2004-жылдын 11-июнундагы № 71, 2005-жылдын 5-августундагы № 121, 2005-жылдын 5-августундагы № 122, 2006-жылдын 13-февралындагы № 53, 2007-жылдын 5-мартындагы № 31, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2007-жылдын 9-мартындагы № 33, 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 162, 2008-жылдын 4-августундагы № 185, 2008-жылдын 5-августундагы № 199, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 214, 2008-жылдын 17-декабрындагы № 264, 2009-жылдын 30-мартындагы № 117, 2009-жылдын 26-июнундагы № 194, 2009-жылдын 3-июлундагы № 202, 2009-жылдын 17-июлундагы № 234, 2011-жылдын 30-майындагы № 33, 2011-жылдын 22-июлундагы № 123, 2011-жылдын 12-декабрындагы № 233, 2011-жылдын 16-декабрындагы № 240, 2012-жылдын 1-мартындагы № 10, 2012-жылдын 25-июлундагы № 142, 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) | 508-статья. Судьялар Райондук, шаардык соттордун судьялары ушул Кодекстин 57-64, 66-68, 70-74, 75-1, 79, 80, 82-1, 85, 85-1, 87, 91-1, 91-2, 92, 92-2, 93, 95, 102, 105, 140, 142, 147, 148, 149, 149-1, 151-157-статьяларында, 228-статьясынын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 230-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 231-статьяда, 238-статьясынын биринчи-үчүнчү, бешинчи, сегизинчи, онунчу жана он биринчи бөлүктөрүндө, 241-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө, 242-статьясынын экинчи жана төртүнчү бөлүктөрүндө, 248-статьясында, 254-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 264, 265, 271, 273, 277-статьяларында, 286-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 286-1-статьясында, 289-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 300, 301, 301-1, 301-2, 301-3-статьяларында, 302-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 305-статьясынын экинчи, үчүнчү, төртүнчү бөлүктөрүндө, 308, 339-345, 346-1, 354, 363, 364, 368, 369, 370, 371, 373, 374, 382-статьяларында, 390-статьясынын экинчи бөлүгүндө, 391, 392-395-статьяларында, 400, 401-1, 401-2, 401-3, 404-406, 409-1, 409-2, 412-статьяларында, 417-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 420, 422, 422-1-422-4, 454, 464, 466-468, 476, 505-1-505-10-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чараларды көрөт. Ушул Кодекстин 503-статьясынын биринчи бөлүгүндө, 504-10, 504-14, 504-16, 504 504-19, 504-23, 504-32, 504-33, 504-36, 505, 505-17-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер, мындай администрациялык укук бузуу жөнүндө өздөрүнө келип түшкөн ишти орган же кызмат адамы судьянын кароосуна өткөрүп бер учурларда судьялар тарабынан каралат. (КР 2002-жылдын 10-мартындагы № 33, 2003-жылдын 17-февралындагы № 36, 2003-жылдын 19-февралындагы № 42, 2003-жылдын 5-августундагы № 191, 2003-жылдын 5-августундагы № 192, 2004-жылдын 15-февралындагы № 13, 2004-жылдын 11-июнундагы № 71, 2005-жылдын 5-августундагы № 121, 2005-жылдын 5-августундагы № 122, 2006-жылдын 13-февралындагы № 53, 2007-жылдын 5-мартындагы № 31, 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2007-жылдын 9-мартындагы № 33, 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 162, 2008-жылдын 4-августундагы № 185, 2008-жылдын 5-августундагы № 199, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 214, 2008-жылдын 17-декабрындагы № 264, 2009-жылдын 30-мартындагы № 117, 2009-жылдын 26-июнундагы № 194, 2009-жылдын 3-июлу № 202, 2009-жылдын 17-июлундагы № 234, 2011-жылдын 30-майындагы № 33, 2011-жылдын 22-июлундагы № 123, 2011-жылдын 12-декабрындагы № 233, 2011-жылдын 16-декабрындагы № 240, 2012-жылдын 1-мартындагы № 10, 2012-жылдын 25-июлундагы № 142, 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) |
| 556-1-статья. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары 1. Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттор тарабынан кароо ишке ашырылуучу администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө төмөндөгүлөр укуктуу: 1) ага ыйгарым укуктуу кызмат адамдары: прокуратура органдары (49, 50, 51, 52, 53, 54, 55, 56, 57, 58, 59, 61, 61-1, 62, 63, 64, 66-2, 66-7, 67, 82-1-статьялар, 400, 400-3, 404, 406, 409-1-статьялар); ички иштер органдары (66-3, 66-4, 66-5, 66-6, 66-8, 66-9, 66-10, 66-11, 105, 148, 149, 149-1, 151, 152, 153, 154, 155, 157, 354, 364, 368, 369, 370, 371, 373, 374, 382, 390-статьянын экинчи бөлүгү, 391, 392, 393,422-статьялар); шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялар (49,50, 51, 52, 53, 54, 55, 56-статьялар); мамлекеттик каражаттарды пайдаланууга контролдоону жүзөгө ашыруучу органдары (60-статья); балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар (65, 66, 66-1, 66-3-статьялар); дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (61, 395-статьялар); мамлекеттик эмгек инспекцияларынын жана аларга баш ийген мамлекеттик инспекциялардын органдары (68, 70, 71, 72, 73, 74, 79-статьялар); миграция жана ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (80-статья); социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары (80-статья); саламаттыкты сактоо органдары (85, 85-1, 87, 91-1, 92, 92-1, 93, 95, 286-статьялар); стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекциясынын органдары (92-статьянын экинчи бөлүгү, 286-статья, 289-статьянын экинчи бөлүгү, 412-статья); геология жана минералдык ресурстар органдары (102-статья); айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба органдары (140, 142, 147, 148, 149, 149-1, 151, 152, 153, 154, 155, 156, 157-статьялар); мамлекеттик бажы кызматынын органдары (147, 153-статьялар, 289-статьянын экинчи бөлүгү, 301, 503, 504-10, 504-14, 504-16, 504-17, 504-19, 504-23, 504-32, 504-33, 504-36, 505-статьялар); мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдары (228, 232, 234-статьялар, 235-статьянын экинчи бөлүгү, 238-статья, 240-статьянын экинчи бөлүгү, 241, 242, 248, 250-статьялар); автомобиль транспорт, электр транспорт жана жол чарба органдары (230-статья); аба транспортунун органдары (254-статья); суу транспортунун органдары (264, 265-статьялар); байланышка мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү органдары (271, 273, 277-статьялар); спиртти жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатууга контролдоону жүзөгө ашыруучу органдары (285, 286, 286-1, 291, 295, 298, 300, 301-1, 301-2-статьялар, 302-статьянын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 307, 310, 341, 354, 408-1, 410, 410-1-статьялар); керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органы (286-статья); салык кызматынын органдары (300, 301, 301-3, 302, 308, 340, 342, 346-1, 405-статьялар); ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдары (404-статья); мамлекеттик патент кызматынын органдары (339, 340, 341, 342, 343, 344, 345-статьялар); маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу органдары (344-статья); Улуттук банк (363-статья); (Жыйырма жетинчи абзац КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) мамлекеттик өрткө каршы кызматынын органдары (371-статья); юстиция органдары (394-статья); улуттук коопсуздук органдары (390-статьянын экинчи бөлүгү, 393, 409-2, 409-3-статьялар); финансы полициясынын органдары (305-статьянын экинчи-төртүнчү бөлүктөрү, 340, 400-1-статьялар); билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын органдары (417-статья); архитектура жана курулуш иштери боюнча органдар 454, (476-статьялар); банкроттук жөнүндө иштер боюнча органдар (505-1, 505-2, 505-3, 505-4, 505-5, 505-6, 505-7, 505-8, 505-9, 505-10-статьялар); терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары (505-17-статья); 2) ушул статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасында каралган учурлардан тышкары, ушул Кодекстин 354-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө аткаруу бийлигинин органдарынын, алардын, мекемелеринин, түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жана аймактык органдарынын, ошондой эле тиешелүү органдардын компетенцияларынын чектеринде ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүн лицензиялоону жана лицензиялардын шарттарын сактоо үчүн контролдоону жүзөгө ашыруучу башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары укуктуу; 3) ушул Кодекстин 420 жана 422-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө сот аткаруучулары, сот приставдары жана соттун төрагасы же соттун жыйналышына төрагалык кылуучу тарабынан ыйгарым укук берилген башка сот кызматкерлери укуктуу. 2. Ушул Кодекстин 509-546-3-статьяларында көрсөтүлгөн органдардын кароосуна өткөрүлүп берилген администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамдары администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө укуктуу. 3. Ушул Кодекстин 20-главасында каралган фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарды колдонуу менен укук бузуулар табылган жана белгиленген учурларда, администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлбөйт, ал эми администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козголгон адам катышпастан, ага карата администрациялык укук бузуу тууралуу иш боюнча токтом чыгарылат жана ушул Кодекстин 589-статьясында каралган тартипте жол-жоболоштурулат. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарды колдонуу менен алынган материалдарды тиркөө менен электрондук документ түрүндө жол-жоболоштурулат, анын юридикалык күчү администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер боюнча материалдарды кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамынын электрондук санарип колтамгасы менен тастыкталат. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом жана фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен алынган материалдар электрондук документти кагаз түрүндөгү документке которуу аркылуу даярдалат. Бул токтомдун көчүрмөсү аталган токтом чыгарылган күндөн тартып үч күндүн ичинде почта аркылуу, заказ почта жөнөтүүсү менен администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козголгон адамга жиберилет. (КР 2009-жылдын 3-июлундагы № 202, 2011-жылдын 30-майындагы № 33, 2011-жылдын 22-июлундагы № 123, 2011-жылдын 16-декабрындагы № 240, 2012-жылдын 1-мартындагы № 10, 2012-жылдын 16-июлундагы № 111, 2012-жылдын 25-июлундагы № 142, 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) | 556-1-статья. Администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары 1. Администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттор тарабынан кароо ишке ашырылуучу администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколду түзүүгө төмөндөгүлөр укуктуу: 1) ага ыйгарым укуктуу кызмат адамдары: прокуратура органдары (49, 50, 51, 52, 53, 54, 55, 56, 57, 58, 59, 61, 61-1, 62, 63, 64, 66-2, 66-7, 67, 82-1-статьялар, 400, 400-3, 404, 406, 409-1-статьялар); ички иштер органдары (66-3, 66-4, 66-5, 66-6, 66-8, 66-9, 66-10, 66-11, 105, 148, 149, 149-1, 151, 152, 153, 154, 155, 157, 231-1, 354, 364, 368, 369, 370, 371, 373, 374, 382, 390-статьянын экинчи бөлүгү, 391, 392, 393,422-статьялар); шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиялар (49, 50, 51, 52, 53, 54, 55, 56-статьялар); мамлекеттик каражаттарды пайдаланууга контролдоону жүзөгө ашыруучу органдары (60-статья); балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар (65, 66, 66-1, 66-3-статьялар); дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (61, 395-статьялар); мамлекеттик эмгек инспекцияларынын жана аларга баш ийген мамлекеттик инспекциялардын органдары (68, 70, 71, 72, 73, 74, 79-статьялар); миграция жана ишке орноштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (80-статья); социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдары (80-статья); саламаттыкты сактоо органдары (85, 85-1, 87, 91-1, 92, 92-1, 93, 95, 286-статьялар); стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекциясынын органдары (92-статьянын экинчи бөлүгү, 286-статья, 289-статьянын экинчи бөлүгү, 412-статья); геология жана минералдык ресурстар органдары (102-статья); айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба органдары (140; 142, 147, 148, 149, 149-1, 151, 152, 153, 154, 155, 156, 157-статьялар); мамлекеттик бажы кызматынын органдары (147, 153-статьялар, 289-статьянын экинчи бөлүгү, 301, 503, 504-10, 504-14, 504-16, 504-17, 504-19, 504-23, 504-32, 504-33, 504-36, 505-статьялар); мамлекеттик автомобиль инспекциясынын органдары (228, 232, 234-статьялар, 235-статьянын экинчи бөлүгү, 238-статья, 240-статьянын экинчи бөлүгү, 241, 242, 248, 250-статьялар); автомобиль транспорт, электр транспорт жана жол чарба органдары (230-статья); аба транспортунун органдары (254-статья); суу транспортунун органдары (264, 265-статьялар); байланышка мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү органдары (271, 273, 277-статьялар); спиртти жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатууга контролдоону жүзөгө ашыруучу органдары (285, 286, 286-1, 291, 295, 298, 300, 301-1, 301-2-статьялар, 302-статьянын биринчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 307, 310, 341, 354, 408:1, 410, 410-1-статьялар); керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органы (286-статья); салык кызматынын органдары (300, 301, 301-3, 302, 308, 340, 342, 346-1, 405-статьялар); ишкерликти өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдары (404-статья); мамлекеттик патент кызматынын органдары (339, 340, 341, 342, 343, 344, 345-статьялар); маданият тармагындагы ыйгарым укуктуу органдары (344-статья); Улуттук банк (363-статья); (Жыйырма жетинчи абзац КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) мамлекеттик өрткө каршы кызматынын органдары (371-статья); юстиция органдары (394-статья); улуттук коопсуздук органдары (390-статьянын экинчи бөлүгү, 393, 409-2, 409-3-статьялар); финансы полициясынын органдары (305-статьянын экинчи-төртүнчү бөлүктөрү, 340, 400-1-статьялар); билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана аттестациялоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын органдары (417-статья); архитектура жана курулуш иштери боюнча органдар 454, (476-статьялар); банкроттук жөнүндө иштер боюнча органдар (505-1, 505-2, 505-3, 505-4, 505-5, 505-6, 505-7, 505-8, 505-9, 505-10-статьялар); терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары (505-17-статья); 2) ушул статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасында каралган учурлардан тышкары, ушул Кодекстин 354-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө аткаруу бийлигинин органдарынын, алардын мекемелеринин, түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жана аймактык органдарынын, ошондой эле тиешелүү органдардын компетенцияларынын чектеринде ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүн лицензиялоону жана лицензиялардын шарттарын сактоо үчүн контролдоону жүзөгө ашыруучу башка мамлекеттик органдардын кызмат адамдары укуктуу; 3) ушул Кодекстин 420 жана 422-статьяларында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө сот аткаруучулары, сот приставдары жана соттун төрагасы же соттун жыйналышына төрагалык кылуучу тарабынан ыйгарым укук берилген башка сот кызматкерлери укуктуу. 2. Ушул Кодекстин 509-546-3-статьяларында көрсөтүлгөн органдардын кароосуна өткөрүлүп берилген администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамдары администрациялык укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзүүгө укуктуу. 3. Ушул Кодекстин 20-главасында каралган фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарды колдонуу менен укук бузуулар табылган жана белгиленген учурларда. администрациялык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлбөйт, ал эми администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козголгон адам катышпастан, ага карата администрациялык укук бузуу тууралуу иш боюнча токтом чыгарылат жана ушул Кодекстин 589-статьясында каралган тартипте жол-жоболоштурулат. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарды колдонуу менен алынган материалдарды тиркөө менен электрондук документ түрүндө жол-жоболоштурулат, анын юридикалык күчү администрациялык укук бузуу жөнүндө иштер боюнча материалдарды кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамынын электрондук санарип колтамгасы менен тастыкталат. Администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтом жана фотожана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарын колдонуу менен алынган материалдар электрондук документти кагаз түрүндөгү документке которуу аркылуу даярдалат. Бул токтомдун көчүрмөсү аталган токтом чыгарылган күндөн тартып үч күндүн ичинде почта аркылуу, заказ почта жөнөтүүсү менен администрациялык укук бузуу жөнүндө иш козголгон адамга жиберилет. (КР 2009-жылдын 3-июлундагы № 202, 2011-жылдын 30-майындагы № 33, 2011-жылдын 22-июлундагы № 123, 2011-жылдын 16-декабрындагы № 240, 2012-жылдын 1-мартындагы № 10, 2012-жылдын 16-июлундагы № 111, 2012-жылдын 25-июлундагы № 142, 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 27 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 2501-V "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 22.11.2012 · № 2501-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 19-январындагы № 2678-V "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду иргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 19.01.2013 · № 2678-V
- КР Жогорку Кенешинин 2013-жылдын 19-январындагы №2679-V "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 19.01.2013 · № 2679-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (27)
- Тынч чогулуштар жөнүндөЗакон · 23.05.2012 · № 64
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине, Кыргыз…Закон · 25.06.2007 · № 91
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 30.05.2011 · № 33
- Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам чыгаруу актыларына ("Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси)…Закон · 17.12.2008 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуЗакон · 03.07.2009 · № 202 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 10.08.2012 · № 164 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 01.03.2012 · № 10 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 16.07.2012 · № 111 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 22.07.2011 · № 123 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуЗакон · 05.03.2007 · № 31 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралууЗакон · 26.06.2009 · № 194 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 16.12.2011 · № 240 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 25.07.2012 · № 142 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөЗакон · 17.07.2009 · № 234 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуЗакон · 05.08.2005 · № 122 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндөЗакон · 05.08.2008 · № 199 · Күчүн жоготкон
- О внесении изменений и дополнений в Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственностиЗакон · 11.06.2004 · № 71 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын администрациялык жооппкерчилик жонундо кодексине озгортуулор жана толуктоо киргизуу тууралуЗакон · 05.08.2005 · № 121 · Күчүн жоготкон
27 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөЗакон · 20.04.1998 · № 52
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон