Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам чыгаруу актыларына („Жарнак жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси) толуктоолор киргизүү жөнүндө» мыйзамы
Бишкек шаары
2008-жылдын 17-декабры № 264
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзам чыгаруу
актыларына ("Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Администрациялык
жоопкерчилик жөнүндө кодекси) толуктоолор
киргизүү жөнүндө
2008-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй
толуктоо киргизилсин:
16-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары балдарды жасалма тамак-
тандыруу үчүн тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган
азыктардын жана каражаттардын үлгүлөрүн акысыз таратууга;
- балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды
колдонууну идеалдаштыруу боюнча ар кандай маалыматтык жана билим берүү
материалдарын белекке берүүгө жана таратууга;
- эгерде балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана кара-
жаттарды жасап чыгаруучулардын аталыштары, сүрөт-сыпаттамалары жана то-
вардык белгилери колдонулса, балдардын, айрыкча ымыркайлардын жана кен-
же курактагы балдардын тамак-аш азыктарына карата кызыкчылыгы бар кош
бойлуу жана эмчектеги балдары бар аялдар, саламаттык сактоо кызматкер-
лери жана башка жактар үчүн арналган иш-чараларга демөөрчүлүк кылууга;
- балдарды тамактандыруу процессине тиешеси болбогон, сырт жагына
балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктардын жана каражаттардын ата-
лыштары же сүрөт-сыпаттамалары түшүрүлгөн товарларды (футболкалар, баш
кийимдер, оюнчуктар, кол чатырлар, баштыктар д.у.с.) адамдардын кењири
чөйрөсүнө таратууга, анын ичинде сатууга;
- балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды
сатып алууга же пайдаланууга дем берүүгө тикелей же кыйыр багытталган
башка иш-аракеттердин түрлөрүнө.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө ко-
дексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., №
2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 92-2-статья менен толукталсын:
"92-2-статья. Балдарды жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана
каражаттарды жарнамалоо жана таратуу эрежелерин
бузуу
Тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген балдарды
жасалма тамактандыруу үчүн азыктарды жана каражаттарды жарнамалоо жана
таратуу эрежелерин бузуу, -
тиешелүүлүгүнө жараша жарандарга эсептешүү көрсөткүчтүн ондон жы-
йырмага чейинки, кызмат адамдарына - эсептешүү көрсөткүчтүн жыйырмадан
жүзгө чейинки, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчтүн жүздөн беш
жүзгө чейинки администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 508-статьянын 1-бөлүгү "92" деген цифралардан кийин "92-2" де-
ген цифралар менен толукталсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө
кирет.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн
тартып үч айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ага ылайык
келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 615 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу"…Постановление · 14.09.2012 · № 615 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 598 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.08.2012 · № 598 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Жарнак жөнүндөЗакон · 24.12.1998 · № 155