Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон Кыргызской Республики от 17 марта 2021 года № 35 "Об аквакультуре, рыболовстве и охране водных биологических ресурсов"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-01-24.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2008-жылдын 5-августу № 199 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө (КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
"Балык чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 6, 232-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 14-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-4-бөлүктөр менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндө жашаган балыктардын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрү өзгөчө корулууга тийиш. Балыктардын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрү болуп Ысык-Көлдүн жана Аму дарыясынын форель, сиг-лудога, пеляды, Ысык-көлдүн көкчаар осман, чабак, чабакча, маринка жана сазандары эсептелет. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары же Өкмөтүнүн чечимдери менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык көлмөлөрүндө жашаган балыктардын өзгөчө баалуу жана эндемикалык түрлөрүн кармоого чектөө киргизилиши мүмкүн.".
2. 18-статьядагы "мамлекеттик максаттуу жана балык чарбасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик эмес фонддору түзүлөт" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда фонд түзүлөт" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 19-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19-статья. Балык чарбаны өнүктүрүү фондун түзүү жана пайдалануу Балык чарбаны өнүктүрүү фонду төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:
- республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден максаттуу балык чарба программаларын ишке ашыруу үчүн бөлүнүүчү которуулардан;
- менчигинин формасына жана чарба жүргүзүүсүнүн ыкмасына карабастан жеке адамдардан жана юридикалык жактардан, анын ичинде биргелешкен жана чет өлкөлүк юридикалык жактардан, балык чарба көлмөлөрүн жана суудагы биологиялык ресурстардан пайдалангандык үчүн түшүүлөрдөн;
- жеке адамдардын жана юридикалык жактардын балык чарбаны өнүктүрүүгө ыктыярдуу кошумчаларынан;
- балык запастарын көбөйтүү боюнча жумуштарды каржылоо үчүн максаттык каражаттардан;
- балык өстүрүүгө, балык уулоого жана балык запастарын корууга инвестицияларды жана гранттарды тартуудан түшкөн каражаттардан;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка түшүүлөрдөн (анын ичинде чет өлкөлүк валютада);
- Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүү фондунун каражаттары төмөнкүдөй иш-чараларды каржылоого жумшалат;
- балык тармагын өнүктүрүүгө жана мамлекеттик балык өстүрүүчү чарбаларды уюштурууга;
- балык өстүрүүчү ишканаларда жана алардын көлмө фондунда оңдоо-калыбына келтирүү жана реконструкциялоо жумуштарын жүргүзүүгө;
- балык чарбалык жана башка көлмөлөрдө илимий жана ихтиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;
- балык чарбалык көлмөлөрдө жана көлмөлүк балык чарбаларда балык өстүрүү- мелиорация жумуштарын жана балыктардын ылаңдарынын алдын алуу, балык өстүрүүчү чарбаларды митефаунадан жана балыктардын инвазийлеринен тазалоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө;
- балык питомниктерин жана инкубациялык цехтерди түзүүгө;
- республиканын балык чарбалык көлмөлөрүн балыктандыруу үчүн балыктын кое берилүүчү сапаттуу материалын алууга;
- көлмөлүк балык чарбаларда селекциялык-асыл тукумдук ишти жүргүзүүгө;
- балык чарбасын өстүрүүгө багытталган республикалык жана регионалдык программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга;
- ышкыбоздук жана спорттук балык кармоо үчүн маданий балык чарбаларды уюштурууга жана өнүктүрүүгө;
- балыкты коруу мыйзамдарын жана нормативдик укуктук актыларын иштеп чыгууга, балык чарба көлмөлөрүн жана суудагы биологиялык ресурстарды пайдалануунун экономикалык механизмин өркүндөтүүгө;
- садоктук жана көлдүк-товардык балык чарбаларды өнүктүрүүгө жана аларды заманбап жабдуулар жана шаймандар менен жабдууга;
- балык чарбалары үчүн балык өстүрүүчү жабдууларды, мүлктөрдү, инвентарларды жана балык комбикормдарын сатып алууга;
- балык запастарын корууга жана көбөйтүүгө, балыктардын баалуу түрлөрүн жана суудагы жемдик организмдерди климатташтырууга жана республиканын көлмөлөрүнө кое берүүгө;
- балык чарбасы үчүн кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого;
- балык чарбаны өнүктүрүү жана балык чарбалык көлмөлөрдөгү браконьерликке каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга активдүү катышкан адамдарды сыйлоого;
- балык чарбаны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын материалдык-техникалык базасын чыңдоого;
Фондду түзүүнүн жана каражаттарын пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Кодекстин 15-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 149-1-статья менен толукталсын:
"149-1-статья. Мыйзамсыз кармалган балыкты биле туруп сатуу максатында өткөрүү же сатып алуу Мыйзамсыз кармалган балыкты же андан жасалган балык продукциясын жана икраны биле туруп сатуу максатында өткөрүү же сатып алуу- балыкты жана андан жасалган продукцияны жана икраны конфискациялоо менен жарандарга-жыйырма, кызмат адамдарына-отуз эсептик көрсөткүчкө чейин администрациялык айып салууга кириптер кылынат.".
2. 508-статья "149," деген сандан кийин "1491," деген сан менен толукталсын.
3-берене. (КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот)
4-берене. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндөЗакон · 17.03.2021 · № 35
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Балык чарбасы жөнүндөЗакон · 25.06.1997 · № 39 · Күчүн жоготкон
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 598 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.08.2012 · № 598 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 615 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу"…Постановление · 14.09.2012 · № 615 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- Балык чарбасы жөнүндөЗакон · 25.06.1997 · № 39 · Күчүн жоготкон