Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын администрациялык жооппкерчилик жонундо кодексине озгортуулор жана толуктоо киргизуу тууралу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2005-08-05.
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2005-жылдын 5-августу № 121
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу
1-статья. Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 238-статьяда:
биринчи бөлүктүн биринчи абзацындагы "бештен он өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи бөлүктүн экинчи абзацындагы "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "он бештен жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; үчүнчү бөлүктүн экинчи абзацындагы "экиден беш өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 239-статьянын экинчи абзацындагы "бештен жети өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "ондон жыйырма өлчөмүнө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 242-статьянын экинчи бөлүгүнүн экинчи абзацы "транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратылышына" деген сөздөрдөн мурда "соттун чечими боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.
4. 508-статьяда:
"230" деген сан "230-статьянын экинчи бөлүгүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын; "241, 246, 248-статьяларында" деген сөздөр "241-статьянын биринчи бөлүгүндө, 242-статьянын экинчи бөлүгүндө, 246, 248-статьяларында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. 510-статьядагы "242-статьясынын экинчи бөлүгүндө" деген сөздөр "242-статьясынын үчүнчү бөлүгүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 511-статьянын жетинчи абзацындагы "241-статьянын биринчи бөлүгүндө" деген сөздөр "241-статьянын экинчи бөлүгүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу
К.Бакиев
2005-жылдын 28-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
ф
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 598 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.08.2012 · № 598 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 615 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу"…Постановление · 14.09.2012 · № 615 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Приказ МВД КР от 20 сентября 2006 года №547 «Об утверждении Инструкции по организации производства по делам об административных нарушениях Правил дорожного движения.»Приказ · 20.09.2006 · № 547 · Күчүн жоготкон