Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-06-26.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 26-июну № 194 Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене. Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. Кодекстин 29-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 400-2-статья менен толукталсын:
"400-2-статья. Прокурордун, тергөөчүнүн, ошондой эле административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарбоо Прокурордун, тергөөчүнүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынан келип чыккан талаптарын, ошондой эле административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруучу кызмат адамынын талабын атайылап аткарбоо,- Жарандарга-жыйырмага чейинки, кызмат адамдарына - элүүдөн жүзгө чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 508-статьядагы "400-1-статьясында" деген сөздөр "400-1, 400-2-статьяларында" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 598 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.08.2012 · № 598 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-сентябрындагы № 615 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу"…Постановление · 14.09.2012 · № 615 · Күчүн жоготкон