Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Инфляцияны эске алуу менен калктын кирешелерин индекстөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-10-31.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2012-жылдын 31-октябры № 761 "Инфляцияны эске алуу менен калктын кирешелерин индекстөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э.Сабиров, М.И.Бакиров жана А.Ж.Эшимовдор тарабынан демилге кылынган "Инфляцияны эске алуу менен калктын кирешелерин индекстөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Тиркеме "Инфляцияны эске алуу менен калктын кирешелерин индекстөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Э.Сабиров, М.И.Бакиров жана А.Ж.Эшимовдор тарабынан демилгеленген "Инфляцияны эске алуу менен калктын кирешелерин индекстөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүү каралган мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары Өкмөт) каржылоо булагын аныктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн. Мында, Өкмөт тарабынан пенсиялардын, мамлекеттик жөлөкпулдардын, саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, дене тарбия, спорт жана башкалардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө деңгээлин жогорулатуу боюнча чаралар көрүлүп жатканын белгилеп кетүү зарыл. Пенсиялар. Пенсияларды жогорулатуу 2010-жылы үч этап менен ишке ашырылган: 2010-жылдын 1-январынан баштап электр энергияга компенсациялык төлөөлөрдүн өлчөмү, 2010-жылдын 1-мартынан - пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмү жана 2010-жылдын 1-октябрынан - пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү көбөйтүлгөн. Жыйынтыгында пенсиянын орточо номиналдык өлчөмү 2009-жылга салыштырмалуу 35,4%ке көбөйгөн. 2010-жылы пенсиялардын өлчөмүн жогорулатууга жалпы керектөө 3659,1 млн.сомду түздү. Мындан тышкары, 2010-жылы аскер кызматчылардын пенсияларынын өлчөмүн жогорулатуу бир нече этапта жүргүзүлдү. 2010-жылдын 1-январынан баштап пенсиялардын өлчөмүн индекстөө жүргүзүлдү жана мурда ай сайын коммуналдык кызматтарга элүү процент арзандатылган акы төлөөгө укугу бар пенсионер-аскер кызматчыларга коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жеңилдиктин ордуна 650 сом өлчөмдөгү айлык сайынкы акчалай компенсация белгиленген. Ошондой эле 2010-жылдын 1-январынан тартып аскер кызматчыларга пенсия чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу 10 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү паектук акчалардын чектик өлчөмү белгиленген (Өкмөттүн 2010-жылдын 9-августундагы № 154 токтому). 2011-жылы пенсиялардын өлчөмүн жогорулатуу эки этапта жүргүзүлгөн (1-майда жана 1-октябрда). Натыйжада пенсиялардын орточо өлчөмү 2010-жылга салыштырмалуу 36%ке (инфляция 16,6%) көбөйгөн. 2011-жылы пенсияларды жогорулатууга жалпы кошумча керектөө 2,6 млрд.сомду түзгөн. 2012-жылы пенсиялардын өлчөмүн эки этаптуу жогорулатуу пенсиялардын орточо өлчөмүн 4270 сомго жеткирүүгө мүмкүндүк берет. 2012-жылы пенсиялардын орточо өлчөмүнүн өсүшү 510 сомду, же былтыркы жылга салыштырмалуу 114%ти түзөт, мында инфляция 103,5%. Эки этаптуу жогорулатууга кошумча керектөөлөрдүн жалпы суммасы 1903,2 млн.сомду түзөт. Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө. 2010-жылдын январынан 2011-жылдын июлуна чейинки мезгилинде кепилденген минималдуу киреше 240тан 370 сомго чейин жогорулаган (же 54%ке). Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 543 токтомуна ылайык кепилденген минималдуу кирешенин өлчөмү 2012-жылдын 1-ноябрынан баштап 580 сомду түзөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 822 "Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык ар айлык социалдык жөлөкпул орточо алганда 1,5 эсеге жогорулаган. Эмгек акы. Иштин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, социалдык чөйрөнүн кызматкерлери үчүн материалдык дем берүү жана шарттарды түзүү максатында 2011-жылдын 1-майынан баштап эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарына өтүү ишке ашырылган. 2011-жылдын бюджетинде бул максатка 10,4 млрд.сом каралган жана төмөнкү чөйрөлөрдө эмгек акы жогорулатылган:
- билим берүү - 6,5 млрд.сом (Өкмөттүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 токтому);
- дене тарбия жана спорт - 8,3 млн.сом (Өкмөттүн 2011-жылдын 19-январындагы № 17 токтому);
- маданият, искусство жана маалымат - 108 млн.сом (Өкмөттүн 2011-жылдын 19-январындагы № 16 токтому);
- саламаттык сактоо - 3,6 млрд.сом (Өкмөттүн 2011-жылдын 19-январындагы № 13 токтому);
- социалдык коргоо - 69,5 млн.сом (Өкмөттүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 токтому);
- илим, 2011-жылдын 1-сентябрынан баштап - 93,8 млн.сом (Өкмөттүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 432 токтому).
Ошондой эле, 2011-жылдын 1-сентябрынан баштап социалдык чөйрөдө иштеген кенже жана техникалык тейлөөчү персоналдын эмгек акысы жогорулаган - 800 млн.сомдон ашык бөлүнгөн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 489 токтому). Жүргүзүлүп жаткан реформанын чегинде социалдык сектордун кызматкерлерине эмгек акы 2011-жылы 2,5-3,5 эсе көбөйтүлгөн. Республиканын бийик тоолуу жана алыскы региондорунда жайгашкан социалдык чөйрөнүн уюмдарында иштеген кызматкерлери үчүн эмгек акы баарынан көп көбөйтүлгөн. Пенсиялардын, жөлөкпулдардын жана эмгек акынын өлчөмдөрүн көбөйтүү боюнча Өкмөттүн жогоруда аталган мамлекеттик чаралары эң биринчиден калктын социалдык аялуу катмарларынын социалдык-экономикалык абалын жана жашоосунун сапатын жакшыртуу, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин финансылык-экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша жарандардын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн жана кирешелерин көбөйтүүгө багытталган. Жогоруда айтылгандарды көңүлгө алуу менен, ошондой эле мамлекеттик бюджеттин тартыштыгын эске алып "Инфляцияны эске алуу менен калктын кирешелерин индекстөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр
Н.Момуналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 13 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (13)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы №432 "«Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 29.07.2011 · № 432
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 489 "Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2011 · № 489 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №16 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 16 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 010-жылдын 9-августундагы №154 "Аскер кызматчыларына пенсия чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.08.2010 · № 154 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө токтому"Постановление · 19.01.2011 · № 18 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары…Постановление · 19.04.2011 · № 170 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 17 "Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 17 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 543 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар…Постановление · 03.08.2012 · № 543 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №822 "Мамлекеттик жөлөкпул чектөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 29.12.2009 · № 822 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №13 "Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 13 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон