Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 марта 2022 года № 182 "Об условиях оплаты труда работников организаций здравоохранения Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 19-январы № 13 Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246, 2011-жылдын 19-июлундагы № 400 , 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 415, 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 134 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнү өркүндөтүү жана көтөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгек акысын төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому менен бекитилген Бирдиктүү тарифтик торчонун негизинде жүргүзүлүүчү саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасы жана базалык маяналар тиркемеге ылайык 2011-жылдын 1-майынан баштап белгиленсин.
Ушул токтом эмгек акысын төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө чечими менен жөнгө салынган Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын карамагында турган саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасына карата колдонулбайт. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246, 2011-жылдын 19-июлундагы № 400, 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 415 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Базалык маяналарга үстөк акылар жана кошумча акылар Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө боюнча зарыл болгон эсептөөлөрдү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2011-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө берсин;
- эмгек акыны төлөөнүн жаңы системасын киргизүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин 2001-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө өткөрүүнү камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги менен бирдикте саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнү жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунда ушул токтомду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каражаттарды карасын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 26.05.2011 · № 246 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары…Постановление · 30.03.2022 · № 182 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-октябрындагы №761 ""Инфляцияны эске алуу менен калктын кирешелерин индекстөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын…Постановление · 31.10.2012 · № 761 · Күчүн жоготкон
- ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарга жана алардын үйбүлө мүчөлөрүнө социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 296 токтому…Положение · 25.04.2006 · № 296 · Күчүн жоготкон
- Кызматтык милдеттерин аткарууда адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыгуу коркунучуна туш болгон адамдарды социалдык жактан коргоонун тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз…Положение · 25.04.2006 · № 296 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 19-августундагы №472 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын январь-июнь айларындагы социалдык-экономикалык ɵнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 19.08.2011 · № 472 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 415 токтомуПостановление · 04.09.2018 · № 415
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 134 "Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 08.04.2021 · № 134 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.03.2011 · № 8
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 "Социалдык чӨйрӨнүн кызматкерлеринин эмгегине акы тӨлӨӨ шарттары жӨнүндӨ" токтомуПостановление · 07.12.2005 · № 561 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары…Постановление · 30.03.2022 · № 182 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.