Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 29-июлу № 432 «Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 192 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин ишине дем берүү, потенциалын, чыгармачыл жана кесиптик деңгээлин өнүктүрүү, ишинин сапаты менен натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, эмгек акы төлөөнү реформалоо жана тармактык системасын киргизүү зарылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2011-жылдын 1-сентябрынан тартып төмөнкү кызматтык маяналар белгиленсин:
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 192 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан "Илим" бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине 2-тиркемеге ылайык.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 192 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин кызматтык маяналарына кошумча төлөөлөр жана үстөктөр Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.
3. Илимий изилдөөлөрдүн эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында 2011-жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкүлөргө тапшырма берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумуна Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын түзүмүнө кирүүчү илимий мекемелерди оптималдаштырууну жана реформалоону ишке ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине «Илим» бөлүмү боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги аркылуу каржылануучу илимий мекемелерди оптималдаштырууну жана реформалоону ишке ашырууга.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
- илимий мекемелерди оптималдаштыруунун жана реформалоонун натыйжасында бошогон каражаттарды дем берүүчү мүнөздөгү эмгек акы төлөөгө жумшашсын;
- Кыргыз Республикасынын илимий мекемелеринде эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү боюнча даярдык көрүү жана маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылышсын;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын илимий мекемелеринин эмгек акы төлөө шарттары жана типтүү штаттары жөнүндө жобону иштеп чыксын жана белгиленген тартипте киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргаз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүүгө керектүү акча каражатын караштырсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү жана маданият бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
А. Атамбаев
2-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан «Илим» бөлүмү боюнча каржылануучу илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин кызматтык маяналары
№
Кызмат орундарынын аталышы
Кызматтык маяналар (сом менен)
1
Директор
9300
2
Директордун орун басары
8500
3
Кеңешчи
7500
4
Окумуштуу катчы
8200
5
Лаборатория башчысы, бөлүм башчы
7800
6
Башкы илимий кызматкер
7400
7
Жетектөөчү илимий кызматкер
7200
8
Улук илимий кызматкер
7000
9
Илимий кызматкер
6500
10
Кенже илимий кызматкер
5900
11
Башкы бухгалтер
6500
12
Улук бухгалтер
6200
13
Бухгалтер
5500
14
Башкы экономист
6500
15
Экономист
6000
16
Улук редактор, улук корректор
6000
17
Техникалык редактор
5100
18
Корректор
5100
19
Башкы инженер
6500
20
Жетектөөчү инженер
6000
21
1-категориядагы инженер
5300
22
2-категориядагы инженер
5100
23
Инженер
5000
24
Патенттик жана ойлоп табуу иштери боюнча инженер
5200
25
Кадрлар бөлүмүнүн улук инспектору
6000
26
Кадр боюнча инспектор
5500
27
Улук лаборант
5000
28
Лаборант
4500
29
Техник
4000
30
Токойчу
4000
31
Агроном
5000
32
Агротехник
4400
33
Ветврач
4000
34
Чарба башчысы
4400
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын илим жана илимий тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 15.01.2013 · № 18
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 192 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн илим жана илимий тейлөө жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.04.2019 · № 192
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-октябрындагы №761 ""Инфляцияны эске алуу менен калктын кирешелерин индекстөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын…Постановление · 31.10.2012 · № 761 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 244 "Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлерине жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 30.04.2022 · № 244 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-апрелиндеги № 192 токтомуПостановление · 23.04.2019 · № 192