Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн 010-жылдын 9-августундагы №154 «Аскер кызматчыларына пенсия чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 13 сентября 2013 года № 513 "О признании утратившим силу постановления Правительства Кыргызской Республики "О размере пайковых денег, включаемых в расчет для исчисления пенсий военнослужащих" от 9 августа 2010 года № 154"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2013-09-13.
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 513 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 9-августундагы № 154 Аскер кызматчыларына пенсия чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмдөрү жөнүндө «Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесине ылайык, ошондой эле пенсионерлерди материалдык камсыздоону жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аскер кызматчыларынын пенсияларын эсептөөгө кошулуучу паектук акчалардын чектелген өлчөмү 2010-жылдын 1-январынан баштап 10 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы, Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлери жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Атайын байланыш кызматы:
- ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык пенсияларды кайра эсептөөнү жүргүзүшсүн;
- ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык пенсионерлерге паектук акчаларды кошумча төлөп берүүнү каржылоо үчүн кошумча муктаждыктар жөнүндө тиешелүү эсептөөлөрдү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Аскер кызматчыларынын пенсияларын эсептөөгө кошулуучу паектук акчалардын өлчөмүн көбөйтүү үчүн зарыл болгон финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна 2010-жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджеттен өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 21-февралындагы № 75 «Аскер кызматчыларынын жана ички иштер органдарынын кызматчыларынын пенсиясынын эсебине кошулуучу паектук акчалардын өлчөмү жөнүндө» токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июнундагы № 421 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пункту.
5. Бул токтом 2010-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июнундагы № 421 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.06.2006 · № 421
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 513 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-августундагы № 154 "Аскер кызматчыларына пенсия чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу…Постановление · 13.09.2013 · № 513
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-октябрындагы №761 ""Инфляцияны эске алуу менен калктын кирешелерин индекстөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын…Постановление · 31.10.2012 · № 761 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 21 февраля 1994 года №75 "О размере пайковых денег, включаемых в расчет пенсии военнослужащих и сотрудников органов внутренних дел"Постановление · 21.02.1994 · № 75 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июнундагы № 421 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 12.06.2006 · № 421
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 513 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-августундагы № 154 "Аскер кызматчыларына пенсия чектөө үчүн эсептөөлөргө кошулуучу…Постановление · 13.09.2013 · № 513
- Постановление Правительства КР от 21 февраля 1994 года №75 "О размере пайковых денег, включаемых в расчет пенсии военнослужащих и сотрудников органов внутренних дел"Постановление · 21.02.1994 · № 75 · Күчүн жоготкон