Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Ɵкмɵтүнүн «Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 30 марта 2022 года № 181 "Об условиях оплаты труда педагогических и некоторых категорий работников системы образовании"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-30.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 23-августу № 489 Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 373, 2015-жылдын 7-апрели № 201, 2015-жылдын 16-июну № 369, 2015-жылдын 10-июлундагы № 480, 2016-жылдын 23-ноябры № 612 , 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 538, 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 134 ) токтомдорунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 15 "Социалдык чөйрөдө иштеген кенже жана тейлөөчү кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары, 1-тиркемеге ылайык;
- Социалдык чөйрөдө иштеген кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары, 2-тиркемеге ылайык;
- Саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо чөйрөсүндө, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясында жана анын карамагындагы мекемелеринде, Кыргыз Республикасынын "ЭЛТР-коомдук телекөрсөтүү" телерадиоберүү компаниясында иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын иштеген жылдары үчүн үстөк акы, 3-тиркемеге ылайык.
2. Бийик тоолуу жана барууга кыйын алыстагы зоналарда иштегени үчүн, ошондой эле эмгектин өзгөчө шарттары үчүн кошумча төлөмдөр жана үстөк акылар Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарына ылайык белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүлүштөрүнүн системасына тиешелүү саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маданият мекемелеринин техникалык жана кенже тейлөөчү персоналына иштин татаалдыгы, сапаты жана натыйжасы үчүн кызматтык маянанын 25 пайызы өлчөмдө үстөк акы белгиленет.
4. Министрликтер жана ведомстволор өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
5. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 7-апрели № 201 токтомдун редакциясына ылайык кγчγн жоготту)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө тапшырылсын.
7. Бул токтом 2011-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
9. Ушул токтомдун күчү Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлерине колдонулбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябры № 612 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри
А.Атамбаев
1-тиркеме
Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы № 480, 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 538, 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 134 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№
Кызмат орундарынын аталышы
Кызматтык маянасы (сом менен)
1
Жабдуу боюнча агент
3000
2
Архивариус(*), иш кагаздарын жүргүзүүчү(*), катчы (катчы-машинистка, катчы-референт), стенографист, диктофон кызматынын машинисти (2-категориядагы машинист)
2700
3
Атайын үн сигналы бар медициналык тез жардам автомобилдеринин, санитардык жеңил жана атайын автомобилдердин айдоочулары:
- өзгөчө чакан жана чакан автомобилдердин айдоочулары (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 1,8 куб.см чейин)
3800
- орто автомобилдердин айдоочулары (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 1,8ден 3,5 куб.см чейин)
4200
- чоң автомобилдердин айдоочулары (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 3,5 куб.см ашык)
4400
4
Жеңил автомобилдин айдоочусу
3800
5
Автобустун, жүк ташуучу автомобилдин айдоочусу
4200
6
Транспорттук-жыйноочу машиналардын, электр жана автоарабанын айдоочусу, тракторист-машинист, тракторист
3000
7
Режим боюнча нөөмөтчү, жатакана боюнча нөөмөтчү
3000
8
Дизайнер
3800
9
Зал боюнча нөөмөтчү, портье
2700
10
Диспетчер
3800
11
Архив башчысы, канцелярия башчысы
4400
12
Сактоочу жайдын жана чарбанын башчысы, чарбанын башчысы, кампа башчы, кийимкананын башчысы, фонотеканын башчысы, фильмотеканын башчысы
3800
13
Кир жуучу жайдын башчысы
3800
14
Эмгек боюнча инструктор
3000
15
Кассир, билет саткан кассир
3000
16
1, 2, 3-категориядагы киномеханик
3800
17
Комендант (жатакананын, лагердин, окуу корпусунун, корпустар тобунун, имараттардын жана курулмалардын)
3800
18
Корректор
3800
19
Костюмер
3000
20
Лаборант(*)
3800
21
Механик, спорт кемелердин механиги, курал-жарак ондоо боюнча механик
3800
22
Откананын оператору, машинист
3800
23
Көчүрүүчү-көбөйтүүчү техниканын оператору, электрондук-эсептөөчү машиналардын (ЭЭМ) оператору, жеке эсептөөчү машиналардын (ЖЭМ) оператору
3000
24
Официант
3000
25
Котормочу
4200
26
Нотаны көчүрүп жазуучу
3800
27
Документтерди сырттоочу
2700
28
Жыгач уста (столяр), сантехник, слесарь, автослесарь, электрик, электромонтер
3000
29
Имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды күнүмдүк оңдоо (тейлөө) боюнча жумушчу, сырдоочу, шыбакчы
2500
30
Радиомеханик, радиооператор, телефонист
3800
31
Редактор
4000
32
Музыкалык аспаптарды оңдоочу-күүлөөчү
4000
33
Өтүкчү (бут кийим оңдогуч)
2700
34
Чарбачы айым, кенже медициналык айым, патронаждык кызматкер
3800
35
Музейди кароочу
3000
36
Угууну текшерүү кабинетинин техник-инструктору, ортопедия аппараттарын оңдоо боюнча техник, техник
4000
37
Фильмди текшерүүчү
4000
38
Шеф-ашпозчу(*)
4200
39
Ашпозчу(*)
3800
40
Кайышчы
2500
41
Экспедитор, эсепчи
3000
42
Электр-газ ширетүүчү, ширетүүчү
3000
Эскертүү:
- техникалык тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары аткарылчу жумуштун кесиптик билимди, билгичтикти жана көндүмдү талап кылган татаалдык деңгээлине жараша, мурда колдонулган разряддарды эске алуу менен белгиленди;
- автомобилдердин айдоочуларына ченемделбеген жумушчу күн үчүн айдоочу катары иштеген убактысына жараша кызматтык маянанын 25 пайызы өлчөмүндө үстөк акы төлөнөт;
- кесиптик чебердиги үчүн дифференцияланган үстөк акылар тийиштүү кызматтык маянадан: 2-разряддагы жумушчу үчүн - 5 пайыз, 3-разрядга - 10 пайыз, 4-разрядга - 15 пайыз, 5-разрядга - 20 пайыз, 6-разрядга - 25 пайыз өлчөмүндө белгиленет;
- кассирдин кызматтык маянасы саламаттык сактоо чөйрөсүндө иштегендерден башка кызматкерлер үчүн белгиленген, аларга эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жободо белгиленген;
- чарба башчынын, кампа башчынын, эмгек боюнча инструктордун кызматтык маяналары социалдык коргоо системасында иштегендерден башка кызматкерлер үчүн белгиленген, аларга эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому менен белгиленген;
- (*) белгиси менен белгиленген билим берүү уюмдарынын техникалык тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомунун 14-тиркемесине ылайык белгиленет.
- саламаттык сактоо уюмдарынын техникалык тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарына 1,4 коэффициенти колдонулат.
2-тиркеме
Социалдык чөйрөдө иштеген кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы № 480, 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 134 токтомунун редакциясына ылайык)
№
Кызмат орундарынын аталышы
Кызматтык маянасы (сом менен)
1
Ассенизатор
3000
2
Гардеробчу, лифтчи, кароолчу (вахтер, кароолчу), өткөрмө пункттун контролеру
2500
3
Короо тазалагыч, багбан, пол сүрткүч, жарык бергич, айнек сүрткүч
2700
4
От жаккыч (кочегар)
2500
5
Кубовщик, ташыгыч, мончочу
2700
6
Кампачы, кастелянша, чабарман
2500
7
Ашкана кызматкери
2500
8
Атчы, кошчу
2700
9
Көмөкчү жумушчу
2500
10
Сцена боюнча кызматкер
3000
11
Жаныбарларды багуу боюнча жумушчу
3000
12
Үтүкчү, кийимдерди, шейшептерди комплекттөөчү, кир жуугуч, кир (атайын кийимди) жууш боюнча машинист
2700
13
Санитарка, санитарка-буфетчица, санитарка-ванначы, санитарка-няня, коштоочу санитарка, санитарка-тазалоочу, палаталык санитарка, жуугуч, таңгактагыч, башка кенже медициналык персонал
3000
14
Кызматтык жана маданий-тиричиликтик жайларды тазалоочу (таштандыларды чыгаруу)
2500
15
Коомдук дааратканаларды тазалоочу
3000
Эскертүү:
- кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары аткарылчу жумуштун татаалдык даражасына жараша белгиленди;
- хирургиялык жана стоматологиялык бөлүмдөрдө иштеген санитаркаларга кызматтык маянасы 10 процентке көбөйтүлөт;
- кызматтык жана маданий-тиричилик жайларды, коомдук дааратканаларды тазалоочуларга, кир (атайын кийим) жуугуч машинисттерге, кир жуугучтарга, санитаркаларга синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегени үчүн кызматтык маянасынын 25 пайызына чейинки өлчөмдө үстөк акылар белгиленет.
- саламаттык сактоо уюмдарынын кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарына 1,4 коэффициенти колдонулат.
3-тиркеме
Саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо чөйрөсүндө, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясында жана анын карамагындагы мекемелерде, Кыргыз Республикасынын "ЭЛТР коомдук телекөрсөтүү" телерадиоберүү компаниясында иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын иштеген жылдары үчүн ай сайынкы ҮСТӨК АКЫНЫН ӨЛЧӨМҮ
| № | Иш стажы | Үстөк акынын өлчөмү (процент менен) |
|---|---|---|
| 1 | Бештен он жылга чейин | 10% |
| 2 | Ондон он беш жылга чейин | 20% |
| 3 | Он беш жылдан жогору | 30% |
Эскертүү:
1. Иштеген жылдары үчүн үстөк акылар кызматтык маянага башка үстөк акыларды жана кошумча акыларды эсепке албастан кошулат.
2. Иштеген жылдары үчүн ай сайынкы үстөк акы төлөө үчүн иштин стажын эмгек стажын аныктоо боюнча комиссия аныктайт. Эмгек стажын аныктоо боюнча комиссиянын курамын мамлекеттик органдын жетекчиси бекитет.
3. Иштеген жылдары үчүн үстөк акы бул үстөк акыны алууга укук берген иш стажына жараша дифференциялуу төлөнөт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 12 · цитата келтиргендер: 18 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (18)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 " Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлсрине эмгек акы…Постановление · 30.03.2022 · № 181
- Оор турмуштук кырдаалга кабылган балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерде балдарды багуу, тарбиялоо жана социалдаштыруу боюнча МИНИМАЛДЫК СТАНДАРТТАРСтандарт · 09.10.2012
- Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө Нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 токтому менен бекитилген)Инструкция · 31.05.2011
- Ысык-Ата айылдык кеңешинин 2019-жылдын 29-январындагы № 113/ XXI–27 "Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жылдык бюджетинин аткарылышы жана Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылга түзүлгөн…Постановление · 29.01.2019 · № 113/XXI-27
- Ысык-Ата айылдык кенешинин 2020-жылдын 31-январындагы №166 /XXVI-27 "2019-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2020-жылдын бюджетин айыл өкмөтүнүн штаттык жүгүртмөсүн бекитүү…Постановление · 31.01.2020 · № 166 /XXVI-27
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 "Социалдык чӨйрӨнүн кызматкерлеринин эмгегине акы тӨлӨӨ шарттары жӨнүндӨ" токтомуПостановление · 07.12.2005 · № 561 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-октябрындагы №761 ""Инфляцияны эске алуу менен калктын кирешелерин индекстөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын…Постановление · 31.10.2012 · № 761 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 "Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2019 · № 511 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 201 "Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлерине эмгек акы…Постановление · 07.04.2015 · № 201 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орто кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин аныктоо…Методика · 21.06.2021 · № 39 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-мартындагы №165 "2011-жылы Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 09.03.2012 · № 165 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуПостановление · 30.09.2019 · № 511
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 612 токтомуПостановление · 23.11.2016 · № 612
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы № 538 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 489 "Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү…Постановление · 19.11.2018 · № 538 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 134 "Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 08.04.2021 · № 134 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-июнундагы № 373 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн билим берүүчү уюмдардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарына тиешелүү айрым чечимдерине…Постановление · 24.06.2013 · № 373 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы № 480 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.07.2015 · № 480 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 720 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарына тиешелүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине…Постановление · 31.12.2013 · № 720 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (12)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 " Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлсрине эмгек акы…Постановление · 30.03.2022 · № 181
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №15 "Социалдык чөйрөдө иштеген кенже жана тейлөөчү кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө"…Постановление · 19.01.2011 · № 15
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө токтому"Постановление · 19.01.2011 · № 18 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары…Постановление · 19.04.2011 · № 170 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 26.05.2011 · № 246 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-апрелиндеги № 201 "Токой жана аңчылык чарбаларынын, мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана мамлекеттик жаратылыш парктарынын кызматкерлерине эмгек акы…Постановление · 07.04.2015 · № 201 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы № 480 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.07.2015 · № 480 · Күчүн жоготкон
12 ичинен 7 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кесиптик лицейлерин бюджеттик каржы- лоонун типтүү ченемдерин аныктоонун МЕТОДИКАСЫ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын…Методика · 22.11.2018 · № 545 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобо ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 токтому менен…Положение · 26.05.2011 · № 246 · Күчүн жоготкон