Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 30 марта 2022 года № 181 "Об условиях оплаты труда педагогических и некоторых категорий работников системы образовании"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-30.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2015-жылдын 10-июлу № 480 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Социалдык чөйрөдө иштеген кызматкерлердин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 489 "Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1 жана 2-тиркемелери ушул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык тейлөөчү персоналдарынын жана кенже тейлөөчү персоналдарынын кызматтык маянасына төмөнкүдөй өлчөмдөрдө коэффициенттер белгиленсин:
- 2015-жылдын 1-сентябрынан тартып - 1,2;
- 2016-жылдын 1-сентябрынан тартып - 1,35;
- 2017-жылдын 1-сентябрынан тартып - 1,5.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 369 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2015-жылдын 3-июлунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т.А.Сариев
1-тиркеме "1-тиркеме
Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары
№
Кызмат орундарынын аталышы
Кызматтык маянасы (сом менен)
1
Жабдуу боюнча агент
3000
2
Архивариус(*), иш кагаздарын жүргүзүүчү(*), катчы (катчы-машинистка, катчы-референт), стенографист, диктофон кызматынын машинисти (2-категориядагы машинист)
2700
3
Атайын үн сигналы бар медициналык тез жардам автомобилдеринин, санитардык жеңил жана атайын автомобилдердин айдоочулары:
- өзгөчө чакан жана чакан автомобилдердин айдоочулары (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 1,8 куб.см чейин)
3800
- орто автомобилдердин айдоочулары (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 1,8ден 3,5 куб.см чейин)
4200
- чоң автомобилдердин айдоочулары (автомобилдин кыймылдаткычынын көлөмү 3,5 куб.см ашык)
4400
4
Жеңил автомобилдин айдоочусу
3800
5
Автобустун, жүк ташуучу автомобилдин айдоочусу
4200
6
Транспорттук-жыйноочу машиналардын, электр жана автоарабанын айдоочусу, тракторист-машинист, тракторист
3000
7
Режим боюнча нөөмөтчү, жатакана боюнча нөөмөтчү
3000
8
Дизайнер
3800
9
Зал боюнча нөөмөтчү, портье
2700
10
Диспетчер
3800
11
Архив башчысы, канцелярия башчысы
4400
12
Сактоочу жайдын жана чарбанын башчысы, чарбанын башчысы, кампа башчы, кийимкананын башчысы, фонотеканын башчысы, фильмотеканын башчысы
3800
13
Кир жуучу жайдын башчысы
3800
14
Эмгек боюнча инструктор
3000
15
Кассир, билет саткан кассир
3000
16
1, 2, 3-категориядагы киномеханик
3800
17
Комендант (жатакананын, лагердин, окуу корпусунун, корпустар тобунун, имараттардын жана курулмалардын)
3800
18
Корректор
3800
19
Костюмер
3000
20
Лаборант(*)
3800
21
Механик, спорт кемелердин механиги, курал-жарак ондоо боюнча механик
3800
22
Откананын оператору, машинист
3800
23
Көчүрүүчү-көбөйтүүчү техниканын оператору, электрондук-эсептөөчү машиналардын (ЭЭМ) оператору, жеке эсептөөчү машиналардын (ЖЭМ) оператору
3000
24
Официант
3000
25
Котормочу
4200
26
Нотаны көчүрүп жазуучу
3800
27
Документтерди сырттоочу
2700
28
Жыгач уста (столяр), сантехник, слесарь, автослесарь, электрик, электромонтер
3000
29
Имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды күнүмдүк оңдоо (тейлөө) боюнча жумушчу, сырдоочу, шыбакчы
2500
30
Радиомеханик, радиооператор, телефонист
3800
31
Редактор
4000
32
Музыкалык аспаптарды оңдоочу-күүлөөчү
4000
33
Өтүкчү (бут кийим оңдогуч)
2700
34
Чарбачы айым, кенже медициналык айым
3800
35
Музейди кароочу
3000
36
Угууну текшерүү кабинетинин техник-инструктору, ортопедия аппараттарын оңдоо боюнча техник, техник
4000
37
Фильмди текшерүүчү
4000
38
Шеф-ашпозчу(*)
4200
39
Ашпозчу(*)
3800
40
Кайышчы
2500
41
Экспедитор, эсепчи
3000
42
Электр-газ ширетүүчү, ширетүүчү
3000
Эскертүү:
- техникалык тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары аткарылчу жумуштун кесиптик билимди, билгичтикти жана көндүмдү талап кылган татаалдык деңгээлине жараша, мурда колдонулган разряддарды эске алуу менен белгиленди;
- автомобилдердин айдоочуларына ченемделбеген жумушчу күн үчүн айдоочу катары иштеген убактысына жараша кызматтык маянанын 25 пайызы өлчөмүндө үстөк акы төлөнөт;
- кесиптик чебердиги үчүн дифференцияланган үстөк акылар тийиштүү кызматтык маянадан: 2-разряддагы жумушчу үчүн - 5 пайыз, 3-разрядга - 10 пайыз, 4-разрядга - 15 пайыз, 5-разрядга - 20 пайыз, 6-разрядга - 25 пайыз өлчөмүндө белгиленет;
- кассирдин кызматтык маянасы саламаттык сактоо чөйрөсүндө иштегендерден башка кызматкерлер үчүн белгиленген, аларга эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жободо белгиленген;
- чарба башчынын, кампа башчынын, эмгек боюнча инструктордун кызматтык маяналары социалдык коргоо системасында иштегендерден башка кызматкерлер үчүн белгиленген, аларга эмгек акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтому менен белгиленген;
- (*) белгиси менен белгиленген билим берүү уюмдарынын техникалык тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомунун 14-тиркемесине ылайык белгиленет.".
2-тиркеме "2-тиркеме
Социалдык чөйрөдө иштеген кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары
№
Кызмат орундарынын аталышы
Кызматтык маянасы (сом менен)
1
Ассенизатор
3000
2
Гардеробчу, лифтчи, кароолчу (вахтер, кароолчу), өткөрмө пункттун контролеру
2500
3
Короо тазалагыч, багбан, пол сүрткүч, жарык бергич, айнек сүрткүч
2700
4
От жаккыч (кочегар)
2500
5
Кубовщик, ташыгыч, мончочу
2700
6
Кампачы, кастелянша, чабарман
2500
7
Ашкана кызматкери
2500
8
Атчы, кошчу
2700
9
Көмөкчү жумушчу
2500
10
Сцена боюнча кызматкер
3000
11
Жаныбарларды багуу боюнча жумушчу
3000
12
Үтүкчү, кийимдерди, шейшептерди комплекттөөчү, кир жуугуч, кир (атайын кийимди) жууш боюнча машинист
2700
13
Санитарка, санитарка-буфетчица, санитарка-ванначы, санитарка-няня, коштоочу санитарка, санитарка-тазалоочу, палаталык санитарка, жуугуч, таңгактагыч, башка кенже медициналык персонал
3000
14
Кызматтык жана маданий-тиричиликтик жайларды тазалоочу (таштандыларды чыгаруу)
2500
15
Коомдук дааратканаларды тазалоочу
3000
Эскертүү:
- кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналары аткарылчу жумуштун татаалдык даражасына жараша белгиленди;
- хирургиялык жана стоматологиялык бөлүмдөрдө иштеген санитаркаларга кызматтык маянасы 10 процентке көбөйтүлөт;
- кызматтык жана маданий-тиричилик жайларды, коомдук дааратканаларды тазалоочуларга, кир (атайын кийим) жуугуч машинисттерге, кир жуугучтарга, санитаркаларга синтетикалык жуугуч жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу менен иштегени үчүн кызматтык маянасынын 25 пайызына чейинки өлчөмдө үстөк акылар белгиленет.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 " Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлсрине эмгек акы…Постановление · 30.03.2022 · № 181
- МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 2024-жылдын 26-январы № 156 “Мады айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 26.01.2024 · № 156
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 489 "Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2011 · № 489 · Күчүн жоготкон
- "ОСНОВНЫЕ НАПРАВЛЕНИЯ фискальной политики Кыргызской Республики на 2019-2021 годы" Утверждены постановлением Правительства Кыргызской Республики от 23 августа 2018 года № 397Направления · 23.08.2018 · № 397 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 369 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.06.2015 · № 369 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 " Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлсрине эмгек акы…Постановление · 30.03.2022 · № 181
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө токтому"Постановление · 19.01.2011 · № 18 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 489 "Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2011 · № 489 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары…Постановление · 19.04.2011 · № 170 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 "Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"…Постановление · 26.05.2011 · № 246 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-июнундагы № 369 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.06.2015 · № 369 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобо ( Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 токтому менен…Положение · 26.05.2011 · № 246 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-февралындагы № 33 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.02.2015 · № 33 · Күчүн жоготкон