Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Социалдык чөйрөдө иштеген кенже жана тейлөөчү кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 19-январы № 15 Социалдык чөйрөдө иштеген кенже жана тейлөөчү кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө Социалдык чөйрөдө иштеген кенже жана тейлөөчү кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Социалдык чөйрөдө иштеген кенже жана тейлөөчү кызматкерлердин минимум маянасы 2011-жылдын 1-сентябрынан баштап 2500 (эки миң беш жүз) сом өлчөмдө белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте:
- социалдык чөйрөдө иштеген кенже жана тейлөөчү кызматкерлердин убактысынын жана иштөөсүнүн тийиштүү нормативдерин 2011-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө иштеп чыксын;
- социалдык чөйрөдө иштеген кенже жана тейлөөчү кызматкерлерге эмгек акы төлөөнү жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте 2011-жылдын 1-августуна чейинки мөөнөттө киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга карата болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунда ушул токтомду ишке ашыруу үчүн керектүү каражат караштырсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Сузак айылдык кеңешинин 2020-жылдын 24-январындагы № 1 "Сузак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга сметасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.01.2020 · № 1
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 489 "Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2011 · № 489 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-августундагы № 572 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.08.2012 · № 572 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.03.2011 · № 8