Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарына тиешелүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 30 марта 2022 года № 181 "Об условиях оплаты труда педагогических и некоторых категорий работников системы образовании"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-30.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 31-декабры № 720 Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарына тиешелүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү, мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманын 5-главасында:
- 5.1 жана 5.2-бөлүктөрдөгү "жогорку билим (бакалавр, дипломдуу адис)" жана "магистр" деген сөздөр тийиштүү түрдө "жогорку педагогикалык билим (бакалавр, дипломдуу адис)" жана "магистр академиялык даражасын ыйгаруу менен жогорку педагогикалык билим" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5.4-главанын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи жана он тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"Республикалык "Алтын түйүн" балдар инженердик-техникалык академиясынын ийримдеринин окутуучуларынын ставкаларынын, жетекчилеринин жана кызматкерлеринин айрым категорияларынын кызматтык маяналарынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы № 18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө" токтомунун 3, 9 жана 14-тиркемелеринде аныкталган мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарынын ийримдеринин окутуучуларынын ставкаларынын, жетекчилеринин жана кызматкерлеринин айрым категорияларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүнүн 1,8 коэффициенти менен белгиленет. Республикалык "Алтын түйүн" балдар инженердик-техникалык академиясынын техникалык жана кенже тейлөөчү персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 489 "Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө" токтомунун 1 жана 2-тиркемелеринде аныкталган техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарынын өлчөмүнүн 1,8 коэффициенти менен белгиленет.".
3. Кыргыз билим берүү академиясынын жана Республикалык инженердик-техникалык "Алтын түйүн" балдар академиясынын кызматкерлеринин эмгек акыларына ушул токтом менен белгиленген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралган эмгек акы фондусунун чегинде жүргүзүлөт.
4. Бул токтом 2014-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (5)
- Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысын эсептөөнүн тартиби жөнүндө Нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 токтому менен бекитилген)Инструкция · 31.05.2011
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 " Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлсрине эмгек акы…Постановление · 30.03.2022 · № 181
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө токтому"Постановление · 19.01.2011 · № 18 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 "Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2019 · № 511 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 токтомуПостановление · 30.09.2019 · № 511
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 " Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлсрине эмгек акы…Постановление · 30.03.2022 · № 181
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 511 "Билим берүү системасынын айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуПостановление · 30.09.2019 · № 511 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №18 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы шарттарын киргизүү жөнүндө токтому"Постановление · 19.01.2011 · № 18 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 489 "Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын кызматтык маяналарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.08.2011 · № 489 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы № 270 "Билим берүү уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларын эсептөөнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 31.05.2011 · № 270 · Күчүн жоготкон
- «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 115…Заключение · 03.03.2014 · № 115 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон