Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана мамлекеттик ишканалардын финансылык агымын тейлөө боюнча коммерциялык банктарды тандоонун критерийлери жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 1-марты № 81 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана мамлекеттик ишканалардын финансылык каражаттарын тейлөө боюнча коммерциялык банктарды тандоонун критерийлери жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 61, 2017-жылдын 22-июнундагы № 398 , 2018-жылдын 27-августундагы № 402 , 2019-жылдын 15-мартындагы № 122 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Банк системасындагы атаандаштык чөйрөнүн шарттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана мамлекеттик ишканалардын акча каражаттарынын коромжу болуу опурталын минималдаштыруу жана сакталышын камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин, "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө", "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана мамлекеттик ишканалардын финансылык каражаттарын тейлөө боюнча коммерциялык банктарды тандоо үчүн төмөнкү критерийлер бекитилсин:
- коммерциялык банкта банк операцияларын жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясынын болушу;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген экономикалык ченемдерди жана талаптарды, ошондой эле "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун конкурстан мурдагы 12 айдын ичинде баардык отчеттук даталарга карата (ай сайын) сакталышы;
- конкурстан мурдагы акыркы 12 айдын ичинде "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" жана "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларынын коммерциялык банктарга колдонулбаганы.
Ушул токтомду ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коллегиялуу органынын чечими боюнча берилүүчү жазма буйруктардан тышкары, көзөмөл иш-чараларын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө коммерциялык банктарга берилүүчү жазма буйруктар таасир этүү чараларына кирбейт;
- Кыргыз Республикасынын баардык региондорунда банк кызматтарын көрсөтүү үчүн аманат жана көчмө кассалары бар филиалдык тармагынын болушу;
- акыркы үч жыл үчүн ар жылдык пайданын болушу;
- конкурстан мурдагы эки акыркы жыл үчүн бухгалтердик жана финансылык отчеттун белгиленген стандарттарына эсепке алуунун жана отчеттун шайкеш келишин ырастоочу тышкы аудитордун эскертүүсүз корутундусунун болушу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине салыктык жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандырууга карата камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздарынын жоктугу;
- конкурстан мурдагы акыркы отчеттук датага карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, ошондой эле башка кредиторлорго жана контрагенттерге төлөнө элек мөөнөтү өткөн береселеринин жоктугу;
- коммуналдык төлөмдөрдүн, байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн ж.б. баардык түрлөрү боюнча төлөм карталары менен тейлөө жана калкка сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири түрлөрү (мисалы, мүмкүндүккө жараша суткасына 24 саат бою калктан акы төлөөнү кабыл алуу) үчүн банктын кеңейтилген инфратүзүмүнүн (перифериялык түзүлүш) болушу;
- эсептерди ачуу жана иштетүү, төлөм карталарын чыгаруу жана тейлөө, ички жана банктар арасындагы төлөмдөрдү жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыруу үчүн коммерциялык банктар тарабынан Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын талаптарына ылайык өз алдынча белгиленген коммерциялык банктардын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана мамлекеттик ишканалардын финансылык каражаттарын тейлөө тартибин жөнгө салуучу банктын тиешелүү ички ченемдик документтеринин болушу;
- банктын активдеринин үлүшү конкурстан мурдагы акыркы отчеттук датага карата банк системасынын активдеринин 1 пайызынан кем эмести түзүүгө тийиш;
- конкурстан мурдагы акыркы отчеттук датага карата жеке адамдардан депозиттерди тартууга, жеке жана юридикалык жактарга алыш-бериш эсептерди ачууга, кредит берүүгө тыюу салуу же чектөөлөрдүн жоктугу;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен соттук териштирүүлөрдүн жоктугу;
- банк убактылуу башкаруу режиминде болбошу жана банкка тикелей банктык көзөмөл киргизилбеши.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана мамлекеттик ишканалар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин финансылык агымдарын тейлөө боюнча коммерциялык банктарды тандоодо ушул критерийлерди жетекчиликке алышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду фонддун каражаттарын тейлөө боюнча коммерциялык банктарды тандоодо, Мамлекеттик топтоочу пенсиялык фонддун каражаттарын коммерциялык банктардагы депозиттик эсептерге салгандан башка учурларда, ушул критерийлерди жетекчиликке алсын.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № 402 токтомунун редакциясына ылайык) 3-1. Мамлекеттик үлүшү 51 пайыздан жогору болгон акционердик коомдорго акционердик коомдун каражаттарын тейлөө үчүн коммерциялык банктарды тандоодо ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген критерийлерге таянуу, ошондой эле акча каражаттарын бир коммерциялык банкта топтолуу тобокелдигине жол бербөө максатында акча каражаттарын бир нече коммерциялык банктарга диверсификациялоо сунушталсын. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 61 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 8
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “2011-жылдын 1-мартындагы № 81 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик…Постановление · 27.08.2018 · № 402
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 122 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-мартындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин…Постановление · 15.03.2019 · № 122
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-мартындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин, Кыргыз…Постановление · 03.02.2017 · № 61
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 22-июнундагы № 398 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуПостановление · 22.06.2017 · № 398
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 27-августундагы № 402 токтомуПостановление · 27.08.2018 · № 402
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 122 токтомуПостановление · 15.03.2019 · № 122
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексиКодекс · 16.05.2016 · № 59
- Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 06.08.2018 · № 87
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (8)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндөЗакон · 02.08.2004 · № 103
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 17/4 "Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун…Постановление · 11.04.2016 · № 17/4
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 60 · Күчүн жоготкон
- Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 31.07.2006 · № 135 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы №71 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу боюнча…Постановление · 10.06.2010 · № 71 · Күчүн жоготкон