Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-мартындагы № 81 „Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана мамлекеттик ишканалардын финансылык агымын тейлөө боюнча коммерциялык банктарды тандоонун критерийлери жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 3-февралы № 61 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-мартындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана мамлекеттик ишканалардын финансылык агымын тейлөө боюнча коммерциялык банктарды тандоонун критерийлери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун жана мамлекеттик ишканалардын финансы агымдарын башкаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн банктарды реалдуу тандоо, ошондой эле алардын акча каражаттарын бир нече коммерциялык банктарда диверсификациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-мартындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана мамлекеттик ишканалардын финансылык агымын тейлөө боюнча коммерциялык банктарды тандоонун критерийлери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пунктунда:
үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: "- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык белгиленген экономикалык ченемдерди жана талаптарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун тендерден мурдагы отчеттук жылдын ичинде сактоо;"; алтынчы абзацтагы "эки" деген сөз "үч" деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи-он алтынчы абзацтар менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана мамлекеттик ишканалардын финансылык агымын тейлөө тартибин регламенттеген банктын тийиштүү ички ченемдик документтеринин болушу;
- банктын активдеринин үлүшү банктык системанын активдеринен 1 пайыздан аз эмесин түзүүсү керек;
- жеке жактардан депозиттерди тартууда, жеке жана юридикалык жактарга алыш-бериш эсебин ачууда, кредит берүүдө жана банктын ишиндеги башка чектөөлөрдө тыюу же чектөөлөрдүн жоктугу;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен соттук териштирүүлөрдүн жоктугу;
- банк убактылуу башкаруу режиминде эмес жана банкка тике банктык көзөмөл киргизилген эмес.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Мамлекеттик үлүшү 51 пайыздан жогору болгон акционердик коомдорго акционердик коомдун каражаттарын тейлөө үчүн коммерциялык банктарды тандоодо ушул токтомдун 1-пунктунда бекитилген критерийлерге таянуу, ошондой эле акча каражаттарын бир коммерциялык банкта топтолуу тобокелдигине жол бербөө максатында акча каражаттарын бир нече коммерциялык банктарга диверсификациялоо сунушталсын.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-мартындагы №81 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана мамлекеттик ишканалардын финансылык…Постановление · 01.03.2011 · № 81
- "Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө"Проект · 29.12.2012 · № 868
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 31.07.2006 · № 135 · Күчүн жоготкон