Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2017-жылдын 22-июну № 398 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 621, 2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-августундагы № 584 "Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан администратор дайындоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан администраторду дайындоо тартиби жөнүндө жободо:
- 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Ушул Жобо, ошондой эле кредиторлор жыйынында соттон тышкары тартипте администраторлорду дайындоого, четтетүүгө жана бошотууга карата да колдонулушу мүмкүн. Депозиттерди тартпаган финансы-кредит уюмдарын кошпогондо, банктар жана башка финансы-кредит уюмдары банкрот болгон учурларда Убактылуу администраторлорду жана жоюучуларды дайындоо жана алардын ыйгарым укуктарын токтотуу тартиби "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык белгиленет.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы № 34 "Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин жана ишканалардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоону жана кайтарууну ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен байланыштарын чыңдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоону жана кайтарууну ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрүн шефке алган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин жана ишканалардын тизмесинде: "2024-аскер бөлүгү" бөлүмүндө:
- бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 621 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-мартындагы № 81 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана мамлекеттик ишканалардын финансылык агымын тейлөө боюнча коммерциялык банктарды тандоонун критерийлери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- расмий тилдеги текстинин 1-пунктунун бешинчи абзацындагы "О Национальном банке Кыргызской Республики", "О банках и банковской деятельности в Кыргызской Республике" и "О противодействии финансированию терроризма и легализации (отмыванию) доходов, полученных преступным путем" деген сөздөр "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности" и "О противодействии легализации (отмыванию) преступных доходов и финансированию террористической или экстремистской деятельности" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- мамлекеттик тилдеги текстинин 1-пункту төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" жана "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир берүү чараларынын жана айыптык санкциялардын жоктугу, тендер өткөрүлгөндөн мурунку отчеттук жылдын ичинде;".
6. (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Ушул токтом 2017-жылдын 22-июнунан тартып күчүнө кирет.
9. Ушул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр
С.Ш.Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 12 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (12)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы № 34 "Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик…Постановление · 20.01.2006 · № 34
- "Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан администраторду дайындоо тартиби жөнүндө жобо" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 22-августундагы N 584…Положение · 22.08.2002 · № 584
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-мартындагы №81 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана мамлекеттик ишканалардын финансылык…Постановление · 01.03.2011 · № 81
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата жыл сайын бир жолку акчалай…Постановление · 21.04.2021 · № 161
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 621 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик…Постановление · 24.11.2023 · № 621
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабры № 733 "Нотариалдык иш маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 29.12.2023 · № 733
- Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш аракеттерди жасоонун тартиби жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги № 179 токтому менен бекитилген) нускамаИнструкция · 20.04.2011 · № 179 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик (эсептик) каттоодо мамлекеттик органдар ортосунда өз ара аракеттенүү тартиби…Положение · 23.04.2008 · № 182
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 токтомуПостановление · 21.04.2021 · № 161
- КР Министрлер Кабинетинин 29.12.23 ж. №733 токтомуПостановление · 29.12.2023 · № 733
Шилтеме берет (9)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-мартындагы №81 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана мамлекеттик ишканалардын финансылык…Постановление · 01.03.2011 · № 81
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-январындагы № 34 "Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик…Постановление · 20.01.2006 · № 34
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 621 "Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) "бирдиктүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик…Постановление · 24.11.2023 · № 621
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабры № 733 "Нотариалдык иш маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 29.12.2023 · № 733
- Постановление Правительства КР от 22 августа 2002 года №584 "Об утверждении Положения о порядке назначения администратора государственным органом по делам о банкротстве"Постановление · 22.08.2002 · № 584
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги № 161 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүн майрамдоонун урматына 9-майга карата жыл сайын бир жолку акчалай…Постановление · 21.04.2021 · № 161
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 206 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 16.12.2016 · № 207
- Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) жана террористтик же экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндөЗакон · 31.07.2006 · № 135 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-апрелиндеги №179 "Нотариалдык иш жүргүзүү маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 20.04.2011 · № 179 · Күчүн жоготкон
- "Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү "бириктирүү терезе" принциби боюнча мамлекеттик (эсептик) каттодо (кайра каттодо) мамлекеттик органдар ортосунда өз ара…Постановление · 23.04.2008 · № 182
5 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.