Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Энергетика жана турак-жай проблемаларын заманбап глобалдык кризистин себептери катары системалуу жоюу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-10-12.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 12-октябры № 640 "Энергетика жана турак-жай проблемаларын заманбап глобалдык кризистин себептери катары системалуу жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттар тобу демилге кылган "Энергетика жана турак-жай проблемаларын заманбап глобалдык кризистин себептери катары системалуу жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-октябрындагы № 640 токтому менен Жактырылган
"Энергетика жана турак-жай проблемаларын заманбап глобалдык кризистин себептери катары системалуу жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесинин 3-пунктуна жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.А.Калмаматов, А.Т.Сейтказиев, А.С.Кулбаев жана башкалар демилге кылган "Энергетика жана турак-жай проблемаларын заманбап глобалдык кризистин себептери катары системалуу жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун (мындан ары - Мыйзам долбоору) карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт. Мыйзам долбоорунда Энергетика жана турак-жай проблемаларынын кыргыз кеңешин түзүп, ага мамлекеттик жана муниципалдык менчикти инвентаризация кылуу укугун берүү, энергетика жана турак-жай проблемаларынын жергиликтүү кеңештерин жана алардын эксперттик катчылыктарын түзүү каралган, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесине, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү энергетика жана турак-жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү чөйрөсүн кошкондо, мамлекеттик башкаруунун маселелеринин чечилиши үчүн жооп берет, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" жана "Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келет, аларга ылайык мамлекеттик мүлктү жана муниципалдык менчикти башкарууну тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу-тескөөчү органдары жүргүзөт. Мыйзам долбоорунун 23-беренеси Салык кодексине туура келбейт, себеби мыйзам долбоорунда Салык кодексинде каралбаган юридикалык жана жеке жактарга салык жеңилдиктери белгиленген. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык нормативдик укуктук акт Кодексте аныкталган милдеттердин мазмунун киргизип, өзгөртүп же жокко чыгарса, нормативдик укуктук акт Кодекске туура келбейт деп таанылат. Мыйзам долбоорунун 3, 23 жана 25-беренелери "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине карама-каршы келет. Кыргыз Республикасынын 2008-2010-жылдарга улуттук энергетикалык программасы жана отун-энергетикалык комплексти 2025-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясы (мындан ары - УЭП) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 346-IV токтому менен жактырылган. Отун-энергетикалык комплекстин ар бир тармагын өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо УЭПтин максаты болуп эсептелет, мунун өзү энергиялык ресурстарды сактоону жана натыйжалуу пайдаланууну, отун жана энергия берүүнүн, энергия үнөмдөөнүн системаларынын натыйжалуулугун жогорулатууну, отундун экологиялык таза түрлөрүн пайдаланууну, курчап турган чөйрөнү коргоону, түзүмдүк кайра өзгөртүүлөрдү жүргүзүүнү, энергетика, отун өнөр жайы жана илимий-изилдөө иштери жаатындагы инвестициялык, баа коюу, салык жана башка маселелерди чечүүнү камтыйт. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-октябрындагы № 365 "Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча конкреттүү чаралар жөнүндө" Жарлыгына ылайык УЭПти жана 2025-жылга чейин отун-энергетика комплексин өнүктүрүүнүн стратегиясынын чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү бөлүгүн аткаруу, чакан жана орто энергетиканын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Киото протоколун аткаруунун алкагында Таза өнүгүүнүн конкреттүү механизмин жана Биргелешип жүргүзүү механизмин киргизүү боюнча милдеттер Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун дирекциясына жүктөлгөн. Мыйзам долбоорунда эксперттик катчылыктарды республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржылоо каралган. Энергетика жана турак-жай проблемаларын жоюучулардын тилектештигин майрамдоо менен байланышкан майрамдык иш-чараларды өткөрүү боюнча чыгымдар да бюджеттик каражаттардын эсебинен жүргүзүлөөрү каралган. Мындай учурда жаңы түзүмдүн иштөөсү менен байланышкан маяналарга кошумчаларды жана калган чыгымдарды кошпогондо, Энергетика жана турак-жай проблемаларынын кыргыз кеңешинин катчылыгынын кызматкерлеринин негизги маянасын төлөө үчүн гана республикалык бюджеттин кошумча чыгымдары болжол менен 2,6 млн. сомду түзөт. Мыйзам долбоорунда ушундай эле региондук түзүмдөрдү түзүү каралган, бул жергиликтүү бюджет үчүн да кошумча оордуктарды жаратат. Ошол эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде кароодо жаткан "Кыргыз Республикасынын 2010-жылдагы республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунда жогоруда аталган мекемелердин ишин каржылоо каралган эмес. Мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына туура келбей тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Тактап айтканда, жогоруда аталган Мыйзамдын 11-беренесинин 3-пунктуна ылайык нормативдик укуктук актылардын, бөлүктөрдүн, бөлүмдөрдүн, бөлүмчөлөрдүн, главалардын жана беренелердин аталышы кыска, так берилип, негизги мазмунду чагылдырууга тийиш. Нормативдик укуктук актынын текстинде колдонулуучу терминдер жана түшүнүктөр түшүнүктүү болуп, бир маанини билдириши керек. Мыйзам долбоорунун тексти үчүнчү жак формасында, тезистик-программалык тартипте берилип, так берилбеген жоболорду камтыйт, алардын так эмес берилиши аларды ишке ашырууну камсыз кылбайт. Мындан тышкары, Мыйзам долбоорун иштеп чыккандар жогоруда аталган Мыйзамдын 19-беренесине ылайык жөнгө салуучу таасирди талдоону жүргүзүшкөн эмес. Ошондой эле жогоруда аталган Мыйзамдын 22-беренесиндеги талапка ылайык Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган эмес. Жогоруда баяндалгандарга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Энергетика жана турак-жай проблемаларын заманбап глобалдык кризистин себептери катары системалуу жоюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайык келбейт деп эсептейт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (9)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-октябрындагы №365 "Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча конкреттүү чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 14.10.2008 · № 365
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Энергетика жөнүндөЗакон · 30.10.1996 · № 56
- Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 29.01.2010 · № 19
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 1-январындагы №346-IV "2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын улуттук энергетикалык программасынын жана 2025-жылга чейин отун-энергетика…Постановление · 24.04.2008 · № 346-IV
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештируу жонундоЗакон · 02.03.2002 · № 31