Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча конкреттүү чаралар жөнүндө» Жарлыгы
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2008-жылдын 14-октябры ПЖ № 365
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча конкреттүү чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Чакан жана орто энергетиканын орду толуп туруучу булактарын өнүк- түрүүгө инвестицияларды тартуу боюнча конкреттүү чараларды ишке ашыруу- га өзгөчө маани берүү менен токтом кылам:
1. КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
2. Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү
боюнча долбоордун дирекциясына (мындан ары - Дирекция) Программаны ишке ашыруу, 2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук энергетика программасынын жана чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү жагынан 2025-жылга чейин отун-энергетикалык комплексти өнүктүрүү стратегиясын, чакан жана орто энергетиканын орду толуп туруучу булактарынын чөйрөсүн- дө Киото протоколун аткаруунун алкагында конкреттүү Таза өнүктүрүү ме- ханизмин жана Биргелешип ишке ашыруу механизмин колдонууга киргизүү бо- юнча иштеп чыгууларды аткаруу милдети жүктөлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Дирекцияга чакан жана орто энергетика объекттерин куруу жана ре-
конструкциялоо, ошондой эле зарыл электр өткөргүч линияларын куруу бо- юнча башкы заказчы болуу укугун берсин;
- бир айлык мөөнөттө "Энергиянын орду толуп туруучу булактары жө-
нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасы- нын Жогорку Кењешине киргизсин;
- бөлүштүрүүчү энергетика тармактарына Чакан жана орто гидроэлект-
рстанциялардын жабдууларын кепилденген дискриминациясыз кошуунун тарти- би жөнүндө жобону үч айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин, алар иштеп чыгуучу электр энергиясын ташууга дискриминациясыз тарифтерди белгилесин жана энергетикалык компаниялар электр станцияларды курууга, кубаттуулуктарды көбөйтүүгө жана модернизациялоого инвесторлор жумшаган каражаттардын акталышын камсыз кылуучу тарифтер боюнча милдеттүү сатып алышынын тартибин белгилесин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү мамлекеттик админист-
рациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте Кио- то протоколун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасы кол койгон макул- дашууларды жана программаларды аткаруу максатында:
- чакан жана орто энергетика объекттерин жана электр өткөргүч ли-
нияларын курууда Дирекцияга ар тараптан колдоо көрсөтсүн;
- Дирекциянын суроо-талабы боюнча көрсөтүлгөн объекттерди куруу
үчүн жер участокторун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык артык- чылыктуу тартипте берсин;
- чакан гидроэлектрстанциялардын ээлери өзүнө алган милдеттенме-
лерди аткарбаган учурда чакан гидроэлектрстанцияларды реконструкциялоо- го мурда берилген уруксаттар боюнча келишимдердин жана макулдашуулардын шарттарын бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайра карап чыксын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Дирекция менен бирдикте өзүн-өзү
каржылоо принциптеринде Чакан жана орто энергетика объекттерин долбоор- лоо боюнча институтту 2009-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө түзсүн жана анын ишин камсыз кылуунун бардык уюштуруу-техникалык, кадрдык жана финансылык маселелерин чечсин.
8. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 14-октябрындагы № 365 жарлыгы менен бекитилген "2012-жылга чейин Кыргыз Республикасында чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү)"…Программа · 14.10.2008 · № 365
- КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 "Кыргыз Республикасынын Президентинии айрьш жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.12.2021 · № 587
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-октябрындагы №640 "Энергетика жана турак-жай проблемаларын заманбап глобалдык кризистин себептери катары системалуу жоюу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 12.10.2009 · № 640 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы № 476 "Чакан гидроэлектростанцияларды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу"Постановление · 28.07.2009 · № 476 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын чакан гидроэнергетикасын 2017-жылга чейин өнүктүрүү Концепциясы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-июлундагы № 507 токтому менен бекитилген)Концепция · 20.07.2015 · № 507 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы №476 "Чакан гидроэлектростанцияларды куруу, кабыл алуу жана электр тармактарына технологиялык кошуу тартиби жөнүндө" жобосуПоложение · 28.07.2009 · № 476 · Күчүн жоготкон