Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдардын тармактарынын абалы жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 22 ноября 2024 года № 711 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-11-22.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 28-июлу №478 Мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдардын тармактарынын абалы жана аларды өнүктүрүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 730, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 320 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 2009-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасында 503 мамлекеттик, менчик жана 244 вариативдүү (жамааттык) мектепке чейинки билим берүүчү уюм иштейт, алар мектепке чейинки курактагы балдардын жалпы санынын 13,4%ын камтыйт. Андан тышкары 133 мектептен тышкаркы билим берүүчү уюм иштейт, алар окуучулардын жалпы санынын 7,8%ын камтыйт. Бюджеттик каржылоону кыскартуу мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы уюмдарды кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизет. Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарды күтүүгө 2008-жылы 702,7 млн.сом каражат бөлүнгөн, анын 559,9 млн.сому - бюджеттик каражаттар, бул "Билим берүү" бөлүмү боюнча бюджеттик каражаттардын жалпы чыгымынын 6,1%ын түзөт. Мектепке чейинки уюмдардын бюджеттик каражаттарынын чыгымдарынын түзүмүнүн 51,3 пайызын эмгек акы төлөө фонду, 27,5 пайызын тамактанууга чыгымдар, 9,4 пайызын коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө чыгымдар түзөт. Мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдарды күтүүгө бюджеттик каражаттардын чыгымдары 2000-2008-жылдар мезгили үчүн "Билим берүү" бөлүмү боюнча бюджеттик каражаттардын жалпы чыгымдарынан 1,3төн 2,2%ге чейинки пайызын гана түзгөн. Мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүдө педагогикалык кадрлар менен камсыз кылуу проблема бойдон калууда. Педагогикалык кадрлардын жетишсиздиги 11 пайызды түзөт. Мектепке чейинки билим берүү боюнча адистерди республикада эки ЖОЖ - Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Ош педагогикалык институту даярдайт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мектепке чейинки уюмдардын педагогдору статусу жана эмгек акысы боюнча баштапкы билим берүүнүн мугалимдерине теңештирилген. Мыйзамдардын ушул нормалары аткарылбагандыктан педагогикалык кадрлардын иштен бошоп кетүүлөрү көбөйүүдө. Жаш адистерди мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга жумушка тартуу үчүн аларды "Жаш мугалимдин депозити" программасына катышуу үчүн тартуу керек. Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдар нормадан 1,5-2 эсеге көп балдар менен иштейт. Бул 1991-жылдан 2002-жылга чейин 464 бала бакчанын имараты менчиктештирилгени жана кайра профилдештирилгени менен шартталган. Мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдарды куруу, оңдоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселеси абдан курч маселе. Акыркы 20 жылдын ичинде болгону 5 мектепке чейинки билим берүүчү уюм курулган. Мектепке чейинки билим берүүгө жетүүнү кеңейтүү максатында мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарды курууну, оңдоону жана жабдуулар менен камсыз кылууну Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объекттердин тизмесине киргизүү жана аларды каржылоону 2010-жылда жана андан кийинки жылдарда республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүү зарыл. Бир баланы тамактандырууга белгиленген каржылоо күнүнө 36 сомду түзөт, анын 18 сому бюджеттен бөлүнөт, 18 сомун ата-энелер төлөйт, бул сумма балдарды толук тамактандыруу үчүн жетиштүү эмес. Тамактанууга каралган каражаттарды бөлүүнү көбөйтүүнү кароо зарыл. Финансылык каражаттарына республиканын региондорунда вариативдүү (жамааттык) мектепке чейинки уюмдар түзүлгөн эл аралык уюмдардын долбоорлору азыркы мезгилде аяктагандыгына байланыштуу аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күтүүсүнө өткөрүп берүү маселеси келип чыгууда. Мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүнү андан ары өнүктүрүү маселелерин чечүү, ошондой эле "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2009-жылдын 10-июнунда айтылган, Кыргызстанда билим берүүнү реформалоо концепциясына ылайык жакынкы 5 жылга Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын иштеп чыксын жана кароого киргизсин.
2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте республикалык бюджеттен каржылануучу, 2010-жылдагы курулуштардын жана объекттердин тизмесине мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы объекттерди белгиленген тартипте киргизүү үчүн сунуштарды 2009-жылдын аягына чейин даярдасын;
- 2010-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык уюмдардын долбоорлорунун алкагында түзүлгөн мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансына өткөрүп берүүнү ишке ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик баалардын негизсиз жогорулашына жол бербестен, социалдык маанилүүлүгүн эске алуу менен жогорку кесиптик билим берүүнүн педагогикалык багыттарына жана адистиктерине окутуунун контракттык формасы үчүн акы төлөөнүн наркын жыл сайын карасын.
4. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 730 токтому менен күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 320 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (11)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 320 "Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө"…Постановление · 15.06.2022 · № 320
- Кадамжай шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 20-сентябрындагы №11/2 "Кадамжай шаарынын бала бакчаларында балдардын тарбиясына берилүүчү ата-энелердин салымын бекитүү жөнүндө." токтомуПостановление · 20.09.2013 · № 11/2
- Кызыл-Жылдыз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 4-24-3 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мектепке чейинки билим берүүчү тармактарынын абалы жана аларды…Постановление · 09.04.2021 · № 4-24-3
- Бурана айылдык кенешинин 2022 жылдын 05-апрели № 23 “Келечек Дөӊ-Арык “, “Алтын шоола” балдар бакчасынын тамак-аштын баасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.04.2022 · № 23
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11- ноябрындагы № 730 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 11.11.2011 · № 730
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2024 · № 711
- Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004- жылдын 21- сентябрынын № 702 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жалпы билим беруу уюмдарына жаш адистерди бекитуу боюнча чаралар…Постановление · 21.09.2004 · № 702 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги №295 "Билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2006 · № 295 · Күчүн жоготкон
- "Жаш мугалимдин депозити" программасы (Кыргыз Республикасынын Окмотунун 2004 -жылдын 21-сентябрындагы № 702 токтому менен бекитилген )Программа · 21.09.2004 · № 702 · Күчүн жоготкон
- Фрунзе айылдык кеңешинин 2019-жылдын 25-июнундагы № 20 “Күн” бала бакчага тамактандырууга белгиленген каржылоону белгилөө жөнүндө" токтомуПостановление · 25.06.2019 · № 20 · Күчүн жоготкон
- Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 320 токтомуПостановление · 15.06.2022 · № 320
Шилтеме берет (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 320 "Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө"…Постановление · 15.06.2022 · № 320
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11- ноябрындагы № 730 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомуПостановление · 11.11.2011 · № 730
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2024 · № 711
- Мектепке чейинки билим беруу жонундоЗакон · 29.06.2009 · № 198 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кайыңды шаардык кеңешинин 2016-жылдын 27-июнундагы № 117/XXXIII - 3 "Мурунку “Улыбка” бала бакчасынын имаратын Кайыңды шаарынын мэриясынын балансына алууга макулдук берүү…Постановление · 27.06.2016 · № 117/XXXIII-3
- Мангыт айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29-июнундагы № 24-28 "Мангыт айылына балдар бакчасын ачууга уруксат берγγ жѳнγндѳ" токтомуПостановление · 29.06.2016 · № 24-28
- Чаек айылдык кеңешинин 2014-жылдын 18-мартындагы № 8 "Чаек айыл аймагындагы балдар бакчалардын тамак ашына болгон төлөмдөрдү (ата-энелер төлөөчү взносту) жогорулатуу боюнча…Постановление · 18.03.2014 · № 8