Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-14.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2006-жылдын 25-апрелиндеги №295 Билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-февралындагы № 58, 2009-жылдын 28-июлундагы № 478, 2013-жылдын 29-июлундагы № 422, 2017-жылдын 17-январы № 28 , 2018-жылдын 15-майындагы № 234 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 380-статьясын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Менчигинин түрүнө карабастан билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги №295 токтомуна тиркеме
Билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-февралындагы № 58, 2009-жылдын 28-июлундагы № 478, 2013-жылдын 29-июлундагы № 422, 2017-жылдын 17-январы № 28, 2017-жылдын 17-январы № 28, 2018-жылдын 15-майындагы № 234 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Билим берүүчү уюмдар
Өргүүнүн узактыгы
Педагогикалык кызматкерлердин кызмат орундарынын аталышы
1. Мектепке, чейинки билим берүүчү уюмдар, жалпы билим берүүчү уюмдар бардык түрдөгү жана аталыштагы мектеп-интернаттар, санаториялык мектептер жана мектеп-интернаттар, дене түзүлүшү жана акыл-эси кем балдар жана өспүрүмдөр үчүн атайын мектептер жана мектеп-интернаттар. Музыкалык мектептер жана мектеп-интернаттар. Аскердик лицейлер жана башка аскердик атайын орто мектептер жана окуу жайлар. Жетим балдар жана ата-энесинен кароосуз калган балдар үчүн балдар үйлөрү жана мектеп-интернаттар. Саламаттык сактоо жана социалдык камсыздоо мекемелери (балдар клиникалары, бейтапканалары, ооруканалары жана балдар үйлөрү)
Окутуучулар, мугалимдер, методисттер, музыкалык кызматкерлер, музыкалык жетекчилер, балдар менен класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы ишти уюштуруучулар, социалдык педагогдор, психологдор, дефектологдор, сурдологдор, ийримдердин жана класстан тышкаркы физкультуралык иштердин жетекчилери, концертмейстерлер жана иллюстраторлор үчүн - 56 календардык күн, 10 жылга чейинки эмгек стажысы бар жетекчилерге жана жетекчилик кылуучу кызматкерлерге - 35 календардык күн, 10 жылдан ашык эмгек стажысы барларга - 49 календардык күн, 15 жылдан ашык эмгек стажысы барларга - 56 календардык күн.
Окутуучу, мугалим, методист, музыкалык кызматкер, музыкалык жетекчи, балдар менен класстан тышкаркы жана мектептен тышкаркы ишти уюштуруучу, социалдык педагог, психолог, дефектолог, сурдолог, ийримдин жана класстан тышкаркы физкультуралык иштердин жетекчиси, Концертмейстер, иллюстратор, логопед, логопед-мугалим, дефектолог-мугалим тарбиячы, директор, директордун орун басары
2. Мектептен тышкаркы балдар мекемелери, дене тарбия жана спорт мекемелери (балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептер, олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептери, республикалык олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектептери, дене тарбия даярдыгынын балдар-өспүрүмдөр клубдары), облустук методикалык билим берүү борборлору (бөлүмдөрү), билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттери
Иш стажы 5 жылга чейинки жетекчилерге, ошондой эле педагогикалык жана окуу-методикалык иштерди аткаруучу кызматкерлерге - 35 календардык күн, иш стажы 5 жыл жана жогору болсо - 42 календардык күн
Башчы, тарбиячы, окутуучу, усулчу, ийримдин жетекчиси усулдук иштерди аткаруучу башка адистер
3. Кесиптик башталгыч жана орто билим берүү окуу жайлары жана кадрларды даярдоо боюнча башка окуу жайлары.
Жогорку окуу жайлары Жогорку жана орто аскердик окуу жайлары Билимин өркүндөтүү, кадрларды даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институттары. Мамлекеттик жана коомдук башкаруунун жогорку мектеби
Окутуучулар жана окутуу устаттары үчүн - 56 календарлык күн, 10 жылга чейинки эмгек стажы бар жетекчилерге жана жетекчилик кылуучу кызматкерлерге - 35 календарлык күн, 10 жылдан ашык эмгек стажы барларга - 49 календарлык күн, 15 жылдан ашык эмгек стажы барларга - 56 календарлык күн Окутуучулар үчүн - 56 календарлык күн 10 жылга чейинки эмгек стажы бар жетекчилерге жана жетекчилик Декан кылуучу кызматкерлерге - 35 календарлык күн 10 жылдан ашык эмгек барларга - 49 календарлык күн, 15 жылдан ашык эмгек стажы барларга 56 календарлык күн
Окутуучу, өндүрүштүк окутуу устаты, директор, башчы жана анын орун басарлары Доцент, окутуучу, профессор, концертмейстер, ректор (директор, начальник) жана алардын орун басарлары Окутуучу директор, башчы жана анын орун басарлары
Эскертүү: 1-пункттагы саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыздоо мекемелеринде көрсөтүлгөн (балдар клиникалары, бейтапканалары, ооруканалары жана балдар үйлөрү) узартылган өргүү педагогикалык кызматты аткарган кызматкерлерге гана берилет. Жыл сайын негизги узартылган өргүүгө укук берүүчү эмгек стажына билим берүүчү мекемелерде жетекчилердин, жетекчи кызматкерлердин, педагогикалык кызматкерлердин, тарбиячылардын, усулчулардын жана башка адистердин окутуу-усулдук иштерди аткаруудагы иштеген убактысы кирет. Узартылган өргүү менчигинин түрүнө карабастан бардык билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине берилет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат Жетекчиси - министр
Т.Коеналиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (8)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 320 "Билим берүү уюмдарынын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы жөнүндө"…Постановление · 15.06.2022 · № 320
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
- Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июнундагы № 320 токтомуПостановление · 15.06.2022 · № 320
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 15-майындагы № 234 токтомуПостановление · 15.05.2018 · № 234
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 28-токтомуПостановление · 17.01.2017 · № 28
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-февралындагы № 58 «Билим берүүчү уюмдардын педагогикалык кызматкерлерине жыл сайын берилүүчү негизги узартылган өргүүнүн узактыгы…Постановление · 19.02.2007 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июлундагы № 422 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 295 "Билим берүүчү уюмдардын педагогикалык…Постановление · 29.07.2013 · № 422 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон
7 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-февралындагы № 61 "Айыл чарбасында эмгекти коргоону, эмгек коопсуздугун жана шарттарын жакшыртуу боюнча 2007-2009-жылдарга карата…Постановление · 20.02.2007 · № 61 · Күчүн жоготкон