Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Фрунзе айылдык кеңешинин “Күн” бала бакчага тамактандырууга белгиленген каржылоону белгилөө жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Фрунзенского айылного кенеша от 10 мая 2023 года № 21 "Об отмене постановления Фрунзенского айылного кенеша"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-05-10.
Фрунзе айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-майындагы № 21 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
XXVIII чакыруунун 25-(кезексиз) сессиясы 2019-жылдын 25-июну № 20 “Күн” бала бакчага тамактандырууга белгиленген каржылоону белгилөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Мектепке чейинки билим берүү” жөнүндө мыйзамынын 5-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы №478 “Мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдардын тармактарынын абалы жана аларды өнүктүрүү жөнүндөгү” токтомуна ылайык жана “Күн” бала бакчасынын мүдүрү А.Т.Акматалиеванын бир балага тамактандырууга белгиленген каржылоону белгилөө жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бир баланы тамактандырууга каржылоо күнүнө 18 сом Фрунзе айыл өкмөтүнүн бюджетинен белгиленсин.
2. 2019-жылга Фрунзе айыл өкмөтүнүн бюджети бекитилип жана бөлүштүрүп калгандыгына байланыштуу бир баланы тамактандырууга күнүнө 18 сомдон каржылоо 2019-жылдын бюджеттин аткаруусунун жыйынтыгы жана 2020-жылга бюджет бекилгенден кийин жүргүзүлсүн.
3. “Күн” бала бакчасына кирээрде ар бир баладан керектүү төмөнкү чарбалык жана кеңсе товарларынын тизмеси, калктын социалдык-аялуу катмарын бошотууну эске алуу менен жана камкорчулук кеңеши менен макулдашуу менен бекитилсин.
Кеңсе товарлары:
1. Түстүү карандаш 12 өңдүү. 2 б.
2. Альбом 2 б.
3. Боек 1 пач
4. Кургак клей 2 б.
5. ПВА клеи 2 б.
6. Түстүү картон (калың катуу кагаз) 2 б.
7. Түстүү кагаз А 4: 1 уп
8. Снегурочка А4: 1уп
9. Жакшы сапаттагы пластилин 2 уп
10. Жөнөкөй карандаш 10 б.
11. Ар түрдүү калемсаптардын набору 1 уп
12. Файл «Дельфин» 1 уп
13. Жалпы дептер 2 б.
14. Кайчы 1 б.
15. Сызгыч 1 б.
16. Боёк менен коздоочу 2 б. жашына жараша
17. Баланын портфолиосу үчүн бокс файл 1 б.
18. Органайзер 1 шт
19. Китеп (жомоктор) 1шт
Жуугуч каражаты:
1. Кагаз кол аарчы 1 уп
2. Нымдуу кол арчы (120) 1 б.
3. Жөнөкөй кир жуучу айна 2 б.
4. Автомат кир жуучу айна (Миф Зкг) 1уп
5. Самын балдардыкы 1 уп
6. Чарбалык самын 2 б.
7. Идиш-аяк жуучу каражат 2 б.
8. Тазалоочу каражат 2 б
9. Даарат кагазы 1уп
10. Резинадан мээлей 2 б.
11. Пол жуучу чүпөрөк 3 шт
12. Идиш-аяк жуучу Идиш-аяк жуучу 2 уп
13 .Даараткана үчүн каражат «Доместес» 1 литр
14. Тазалоочу каражат Сиф 1 б
15. Гүл отургузганга челек
16. Жаамат оюну үчүн оюнчук.
Төрага
Токоев К.О
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Фрунзе айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-майындагы № 21 "Фрунзе айылдык кеңешинин токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 10.05.2023 · № 21
Шилтеме берет (3)
- Фрунзе айылдык кеңешинин 2023-жылдын 10-майындагы № 21 "Фрунзе айылдык кеңешинин токтомун жокко чыгаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 10.05.2023 · № 21
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы №478 "Мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдардын тармактарынын абалы жана аларды өнүктүрүү…Постановление · 28.07.2009 · № 478 · Күчүн жоготкон
- Мектепке чейинки билим беруу жонундоЗакон · 29.06.2009 · № 198 · Күчүн жоготкон