Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Мангыт айылдык кеңешинин «Мангыт айылына балдар бакчасын ачууга уруксат берγγ жѳнγндѳ» токтому
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Мангыт айылдык кеңешинин 5-чакырылышынын кезексиз 24-сессиясы
2016-жылдын 29-июну № 24-28 Мангыт айылына балдар бакчасын ачууга уруксат берγγ жѳнγндѳ Депутаттардын Мангыт айылдык кеңеши Мангыт айылынын тургундарынын Мангыт айылына балдар бакчасын ачууга уруксат берγγ жѳнγндѳгγ кайрылуусун карап жана талкуулап тѳмѳндѳгγдѳй ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳгγ Мыйзамынын 18-беренесинин 20-пунктуна негизденγγ менен Мангыт айылынын тургундарынын Мангыт айылына балдар бакчасын ачууга уруксат берγγ жѳнγндѳгγ кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Мангыт айылынын тургуну Абдиваитова Пашанын турак γйγн элдин суроо-талабы боюнча жана турак-γй ээсинин макулдугу менен Мангыт айылында муниципалдык менчиктеги балдар бакчасы ачылганга чейин узак мѳѳнѳткѳ (он жылга) балдар бакчасы катары пайдаланууга уруксат берилсин.
3 Жаныдан уюштурулган балдар бакчаны областтык “Адилет” башкармалыгынан каттоодон ѳткѳрγγ, балдар бакчасында иштѳѳчγ тарбиячылардын штаттык бирдигин чечγγ боюнча райондук билим берγγ башкармалыгына сунуш даярдоо Мангыт айыл ѳкмѳтγнѳ милдеттендирилсин.
4. Убактылуу пайдаланууга кабыл алынып жаткан жеке менчик турак γйдγн имаратынын балдар бакчасынын талаптарына ылайык келγγсγ боюнча тиешелγγ мекемелерден корутундуларды алуу турак-γй ээси П.Абдиваитовага сунуш кылынсын.
5. Балдар бакчасынын штаттык бирдиктери Кыргыз Республикасынын билим берγγ Министрлиги тарабынан чечилгенден сон балдар бакчасында тарбиялануучу балдарды сапаттуу жана коопсуз тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 28.07.2009-жылдагы № 478-токтомунун талаптарына ылайык уюштуруу жана ал γчγн акча каражатын чечγγ боюнча 2017-жылдын бюджетине сунуш даярдоо Мангыт айыл ѳкмѳтγнѳ милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ милдети айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жγктѳлсγн.
Төрага
Т. Торобаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-июлундагы №478 "Мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдардын тармактарынын абалы жана аларды өнүктүрүү…Постановление · 28.07.2009 · № 478 · Күчүн жоготкон