Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
331-16-статья. Сот арачыларынын катышуусу менен сотто соттук териштирүүнүн өзгөчөлүктөрү
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 37-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Сот арачыларынын катышуусу менен соттук териштирүү ушул статьянын талаптарын эске алуу менен ушул Кодекстин 286-304, 307-статьяларында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. (2) Төрагалык кылуучу соттолуучуга, жапа чегүүчүгө жана соттук териштирүүнүн башка катышуучуларына суроо берүүгө, ошондой эле изилденген далилдерге карата өз пикирин билдирүүгө укуксуз. Иш боюнча бардык далилдер соттук териштирүүнүн жүрүшүндө түздөн-түз жана оозеки изилденет. Тергөө өндүрүшүнүн стадиясында берилген процесстин катышуучуларынын көрсөтмөлөрүн жарыя кылууга ал адам өлгөн, катуу ооруп калган же ал Кыргыз Республикасынан сырткары чыгып кеткен же болбосо сотто көрсөтмө берүү мүмкүнчүлүгү болбой калган башка жагдайларда жол берилет. Соттук тергөөнүн жүрүшүндө эксперттин корутундусу талашка түшкөн учурда экспертти суракка алуу милдеттүү тартипте жүргүзүлөт. (3) Соттолуучуну, жапа чегүүчүнү жана соттук териштирүүнүн башка катышуучуларын суракка алууну айып коюучу жана коргоочу тараптар жүргүзөт. Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сот арачыларынын катышуусу менен далилдениши сот арачыларынын ушул Кодекстин 331-15-статьясында каралган ыйгарым укуктарына ылайык белгилене турган жазык ишинин иш жүзүндөгү жагдайлары гана изилденет. (4) Мамлекеттик айыптоочу айып коюу корутундусунун чечимдик бөлүгүн жарыя кылууда соттолуучунун соттолгондугунун фактылары жөнүндө эске салууга укуксуз. (5) Сот арачылары төрагалык кылуучу аркылуу соттолуучуга, жапа чегүүчүгө, күбөлөргө, эксперттерге жана адистерге бул адамдар тараптар тарабынан суралгандан кийин суроо бере алышат. Суроолор сот арачылары тарабынан жазуу жүзүндө баяндалат жана улук аркылуу төрагалык кылуучуга берилет. Төрагалык кылуучу ишке тиешеси жок деп эсептеген, ошондой эле таңууланган же мазактоочу мүнөздөгү суроолорду четке кагууга укуктуу. (6) Сот арачыларынын катышуусу менен соттолуучунун мурдагы соттолгондугуна байланышкан, аны өнөкөт аракеч же баңги деп таануу жөнүндөгү жагдайлар, ошондой эле соттолуучуга карата сот арачысынын бир жактуу мамилесин пайда кылышы мүмкүн болгон башка жагдайлар изилдөөгө жатпайт. (7) Сот арачыларынын катышуусу менен сотто каралып жаткан жазык иштерин тергөөдөгү кемчиликтердин ордун толтуруу үчүн кайра кайтарууга жол берилбейт, коргоочу тараптын өтүнүчү боюнча ишти кайтаруу учурларын кошпогондо.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-331-16" title="331-16-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>