331-17-статья. Соттук жарыш сөздөр
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 37-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Соттук териштирүү аяктагандан кийин сот сот арачыларынын катышуусу менен соттук жарыш сөздөргө өтөт. (2) Сотто сот арачыларынын катышуусу менен соттук жарыш сөздөр эки бөлүктөн турат. (3) Жарыш сөздөрдүн биринчи бөлүгү прокурордун, жапа чегүүчүнүн, коргоочунун жана соттолуучунун сөздөрүнөн турат, алар соттолуучунун мурдагы соттолгондугу жөнүндө эске албастан, анын күнөөсүнүн далилденгендиги же далилденбегендиги боюнча өз позицияларын баяндайт. Тараптар сот арачыларынын катышуусу менен каралууга жатпай турган жагдайларды эскерте алышпайт жана сот заседаниесинде изилденбеген далилдерге таяна алышпайт. Төрагалык кылуучу мындай сөздөрдү токтотот жана сот арачыларына вердикт чыгарууда алар ушул жагдайларды эске алууга тийиш эместигин түшүндүрөт. (4) Жарыш сөздөрдүн экинчи бөлүгү прокурордун, ошондой эле жапа чегүүчүнүн, жарандык доогердин жана жоопкердин же алардын өкүлдөрүнүн, коргоочунун жана соттолуучунун сөздөрүнөн турат, анда соттолуучунун аракеттерин квалификациялоо, жаза дайындоо, жарандык доо маселелери боюнча позициялар баяндалат. Жарыш сөздөрдүн экинчи бөлүгү вердикт жарыялангандан кийин сот арачыларынын катышуусуз жүргүзүлөт.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
331-17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-331-17" title="331-17-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>