295-статья. Сотто экспертиза жүргүзүү
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 35-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Сот тараптардын өтүнүчү боюнча сот заседаниесинде экспертиза дайындоого укуктуу. Экспертиза тергөөдө корутунду беришкен эксперттер же сот дайындаган башка эксперттер тарабынан жүргүзөт. (2) Сотто экспертиза ушул Кодекстин 25-главасында баяндалган эрежелер боюнча жүргүзүлөт. (3) Экспертиза дайындоо жөнүндө чыгарылган токтомду жарыялоо менен төрагалык кылуучу тараптарга алардын эксперттен баш тартуу билдирүүгө, эксперттердин ичине тарап көрсөткөн адамды кошуу тууралу, экспертизаны башка эксперттик уюмдун өкүлдөрү жүргүзүшү тууралу, экспертизаны тараптардын катышуусу алдында жүргүзүү тууралу өтүнүч кылууга укуктуу экендиктерин түшүндүрөт. (4) Сот заседаниесинде эксперт суракка алынган адамдарга суроо берүүгө, жазуу жүзүндө далилдер, тергөө аракеттеринин протоколдору, башка эксперттердин корутундулары менен таанышууга, карап чыгууларга, эксперименттерге жана экспертизага тиешелүү соттук башка аракеттерге катышууга укуктуу. (5) Экспертке салыштырып изилдөө үчүн үлгүлөрдү берүү зарыл болгондо ушул Кодекстин 207-статьясынын эрежелери колдонулат. (6) Корутунду берүү үчүн мааниге ээ болгон бардык жагдайлар айкындалгандан кийин төрагалык кылуучу тараптарга экспертке суроолорун кат түрүндө берүүнү сунуш кылат. Берилген суроолор жарыяланууга жана алар боюнча соттук териштирүүнүн катышуучуларынын ой-пикирлери угулууга тийиш. Сот бул суроолорду карап чыгат жана өзүнүн токтому менен алардын ичинен ишке же эксперттин компетенциясына тиешеси жокторун четке кагат, ошондой эле жаңы суроолорду түзөт, мына ошондон кийин эксперт экспертиза өткөрүүгө жана корутунду түзүүгө киришет. (7) Корутунду эксперт тарабынан жазуу жүзүндө берилип, сот заседаниесинде ал тарабынан жарыяланат жана суроолор менен кошо ишке тиркелет. Эксперт өз корутундусуна иштин өзүнүн компетенциясына тийиштүү болгон, алар тууралу анын алдына коюлбаган маселелер боюнча тыянактарын киргизүүгө укуктуу. (8) Эгерде сотко тергөөдө корутунду берген эксперт чакыртылса, сот корутунду жарыялангандан кийин, эгерде ал тараптардын каршылыгын туудурбаса, экспертиза дайындабай эле экспертти суракка алуу менен чектеле алат.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
295-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-295" title="295-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>