Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
289-статья. Соттолуучунун көрсөтүүлөрүн жарыялоо
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 35-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Төмөндөгүдөй учурларда:
1) тергөөнүн жүрүшүндө соттолуучу берген көрсөтүүлөрдүн жана сотто берилген көрсөтүүлөрдүн ортосунда олуттуу карама-каршылыктар болгондо;
2) соттолуучу сотто көрсөтүүлөрдү берүүдөн баш тартканда;
3) иш соттолуучу жокто каралганда, тараптардын өтүнүчү боюнча айыпкердин тергөө жүргүзүүдө берген көрсөтүүлөрү жарыяланышы, ошондой эле сурактын протоколуна тиркелген анын көрсөтүүлөрүнүн үн жазуулары, көргөзмө жазуулары же киного тартылып алынгандары кайра кайталанышы мүмкүн.
(2) Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган эрежелер соттолуучунун мурда сотто берген көрсөтүүлөрүн жарыялоо учурларына да тиешелүү болот. (3) Тийиштүү сурактын протоколунда же сот заседаниесинин протоколунда камтылган көрсөтүүлөрдү алдын-ала жарыялабай туруп үн, көргөзмө жазууларды жана киного тартылгандарды кайра кайталоого жол берилбейт. Үн, көргөзмө жазууларды, киного тартылгандарды кайра кайталоо жөнүндө сот заседаниесинин протоколунда белгиленет.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-289" title="289-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>