331-15-статья. Төрагалык кылуучунун жана сот арачыларынын ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 37-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Жазык ишин соттук териштирүүнүн жүрүшүндө ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдөн тышкары бардык маселелер ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык төрагалык кылуучу тарабынан жеке чечилет. (2) Жазык ишин соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сот арачылары ушул Кодекстин 312-статьясынын биринчи бөлүгүнүн 1, 2, 4-пункттарында каралган жана суроо баракчасында баяндалган маселелерди чечет. Соттолуучу күнөөлүү деп табынган учурда сот арачылары соттолуучу күнөөсүн жеңилдетүүгө арзый тургандыгын көрсөтүүгө укуктуу. (3) Төрагалык кылуучу сот арачылары жок болгондо тараптардын өтүнүчтөрү боюнча ишти териштирүүдөн ушул Кодекстин 81-статьясына ылайык далил катары жол берилгис болгон иш жүзүндөгү маалыматтарды чыгарып салуу жөнүндө маселени чечүүгө милдеттүү. (4) Тараптар сот арачылары катышкан сотто ишти териштирүүдөн чыгарып салынган далилдер бар экендиги жөнүндө эске салууга, өзүнүн позициясын негиздөө үчүн аларга таянууга укуксуз. (5) Төрагалык кылуучу сот арачыларын жол берилгис деп таанылган далилдер менен тааныштырууга укуксуз. Эгерде төрагалык кылуучу сот арачыларына, алар ушундай тартипте алган маалыматтарды эсепке албоого милдеттүү экендигин түшүндүрсө, сот арасыларынын катышуусунда изилденгенге чейин жол берилгис деп таанылган же кийин жазыктык-процесстик мыйзамды орчундуу бузгандык болбогон далилдер менен сот арачыларын тааныштыруу.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
331-15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-331-15" title="331-15-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>