171-статья. Тергөө аракетинин протоколуна кол коюудан баш тартуу же ага кол коюуга мүмкүн эместигинин фактысын күбөлөндүрүү
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 21-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Эгерде шектүү адам айыпкер, тергөөчү же башка адам тергөө аракетинин протоколуна кол коюудан баш тартса, бул тууралу протоколго белги коюлуп, ал тергөө аракетин жүргүзгөн адамдын коюлган колу менен күбөлөндүрүлөт. (2) Протоколго кол коюудан баш тарткан адамга баш тартуунун себептерин түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк берилип, ал протоколго жазылат. (3) Эгерде шектүү адам, айыпкер, жабырлануучу же күбө дене боюндагы кемчиликтерден улам же ден соолугунун абалына байланыштуу сурактын протоколуна кол кое албаса, тергөөчү башка адамды чакырат, ал суралып жаткан адамдын макулдугу менен анын көрсөтмөлөрүнүн жазылышынын тууралыгын өзүнүн коюлган колу менен күбөлөндүрөт. Бул протоколго сурак жүргүзгөн тергөөчү да кол коет. Эгерде ушул эле себептер боюнча ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдардын бири башка тергөө аракетинин протоколуна кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбосо, бул тууралу протоколго белги коюлуп, ал тергөөчүнүн коюлган колу менен күбөлөндүрүлөт.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
171-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-171" title="171-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>