186-статья. Тинтүүнүн же алып коюунун протоколу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 23-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Жүргүзүлгөн тинтүү же алып коюу жөнүндө ушул Кодекстин 170 жана 171-статьяларынын талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт. (2) Протоколдо буюмзаттар жана документтер кайсыл жерде жана кандай жагдайларда табылгандыгы, алар өз ыктыяры менен берилгендиги же мажбурлап алынгандыгы көрсөтүлүүгө тийиш. Бардык алынган буюмзаттар протоколдо алардын санын, ченин, салмагын, жекече белгилерин жана мүмкүн болушунча наркын так көрсөтүү менен саналып өтүүгө тийиш. (3) Эгерде тинтүү же алып коюу жүргүзүүдө алынып коюлууга тийиш болгон буюмзаттарды же болбосо документтерди жок кылууга же катууга аракет жасалса, ал көрүлгөн чараларды көрсөтүү менен протоколдо чагылдырылууга тийиш. (4) Тинтүүнүн жана алып коюунун протоколунун көчүрмөсү кол койдуруу менен алар алынган адамга, же болбосо анын үй-бүлөсүнүн эрезеге жеткен мучөсүнө, ал эми алар жок болгондо турак-жайды пайдалануу уюмунун өкүлүнө же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына тапшырылат. Эгерде тинтүү жана алып коюу уюмда жүргүзүлсө протоколдун көчүрмөсү кол койдуруу менен алардын өкүлдөрүнө берилет.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
186-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-186" title="186-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>