183-статья. Окуянын кырдаалын жана жагдайларын кайталоо. Көрсөтүүлөрдү жеринде текшерүү
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 22-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
183-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 183-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
(1) Тергөөчү, сот карап чыгууда, көрүп аныктоодо, суракта таануу үчүн көрсөтүүдө жана башка тергөө аракеттеринде алынган маалыматтарды текшерүү, тактоо максатында күбө-калыстардын катышуусу менен белгилүү окуянын кырдаалын жана жагдайларын кайталоону жүзөгө ашырышы мүмкүн. Мында тергөөчү, сот зарыл учурларда өлчөөлөрдү, сүрөткө тартууну, киного тартууну, көрмө жазууну жүргүзөт, пландарды жана схемаларды түзөт. Эгерде бул аларга катышкан адамдардын жана айланадагылардын кадыр-баркын кемсинтпесе жана саламаттыгына коркунуч келтирбесе, тиешелүү аракеттерди аткарууга жол берилет. (2) Окуянын кырдаалын жана жагдайларын кайталоодо зарыл болсо шектүү адам, айыпкер, соттолуучу, жабырлануучу, күбөлөр жана тиешелүү адистер да чакырылат. (3) Шектүү адамдын, айыпкердин, соттолуучунун, жабырлануучунун же күбөнүн көрсөтүүлөрү жаңы фактылай маалыматтарды аныктоо, багытты жана текшерилип жаткан аракеттер жасалган жерди белгилөө үчүн, ошондой эле аларды окуянын жагдайы менен салыштыруу аркылуу көрсөтүүлөрдүн тактыгын аныктоо үчүн тергелип жаткан окуяга байланыштуу жерде текшерилиши же такталышы мүмкүн. Мында:
1) көрсөтүүлөрдү жеринде текшерүү көрсөтүү берген адамдын иликтенип жаткан окуяга байланыштуу жерде кайра кайталашын; иш үчүн мааниси бар буюмзаттарды, документтерди, издерди издеп табышын жана көрсөтүшүн; белгилүү аракеттерди көрсөтүшүн; тигил же бул буюмзат иликтенип жаткан окуяда кандай роль ойногондугун көрсөтүп беришин; окуя болгон жердин жагдайындагы өзгөртүүлөргө көңүл бурушун; өзүнүн мурдагы көрсөтүүлөрүн айкындаштырышын жана такташын билдирет. Бул аракеттерге кандайдыр-бир тышкаркы кийлигишүүгө жана багыттама суроолорду берүүгө жол берилбейт;
2) зарыл учурларда көрсөтүүлөрдү жеринде текшерүү адистин катышуусу менен жүргүзүлөт;
3) бир нече адамдын көрсөтүүлөрүн жеринде текшерүүгө жол берилбейт;
4) көрсөтүүлөрдү текшерүү ал адамга анын көрсөтүүлөрү текшериле турган багытты жана жерди көрсөтүү сунушунан башталат. Көрсөтүүлөрү текшерилип жаткан адам жайма-жай баяндап жана аракеттерин көрсөтүп бергенден кийин ага суроолор берилиши мүмкүн. Ушул адам, ошондой эле процесстин башка катышуучулары өткөрүлүп жаткан тергөө аракеттерине байланыштуу аларды кошумча суракка алууну талап кылууга укуктуу.
(4) Окуянын жагдайын жана кырдаалын каттоого жана көрсөтүүлөрдү жеринде текшерүү жөнүндө ушул Кодекстин 170 жана 171-статьяларынын талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт. Протоколдо көрсөтүүлөрдү жеринде текшерүүнүн шарттары, жүрүшү жана натыйжалары чагылдырылууга тийиш.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
183-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-183" title="183-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>