230-статья. Прокурорго жөнөтүлүүчү иш боюнча тергөөнүн аякталышы жөнүндө билдирүү
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 29-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 октября 2002 года № 141
(1) Иш боюнча бардык тергөө аракеттери аткарылды, ал эми чогултулган далилдер жетиштүү деп тапкандан кийин тергөөчү бул жөнүндө айыпкерге билдирүүгө, ага иштин милдеттүү тартипте көктөлгөн, номерленген жана тизмеленген түрдөгү (тизмектөө барактары) бардык материалдары менен жеке өзү да, ошондой эле жактоочунун жардамы менен да таанышууга укуктуулугун, ошого тете тергөөнү толуктоо же иш боюнча башка чечимдерди кабыл алуу жөнүндө өтүнүч билдирүү укуктугун түшүндүрүүгө милдеттүү. Айыпкерге тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндө билдирилгендиги жана укуктары түшүндүрүлгөндүгү тууралу ушул Кодекстин 170 жана 171-статьяларынын талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт. (2) Тергөөнүн аяктагандыгы жөнүндө жана иштин материалдары менен таанышуу жана өтүнүчтөр билдирүү укугу тууралу, тергөөчү, айыпкердин жактоочусуна, ошондой эле жабырлануучуга жана анын өкүлүнө, жарандык доогерге, жарандык жоопкерге жана алардын өкүлдөрүнө билдирүүгө милдеттүү. (3) Эгерде айыпкердин жактоочусу же жабырлануучунун, жарандык доогердин, жарандык жоопкердин өкүлү иш менен таанышуу үчүн жүйөлүү себептер боюнча дайындалган убакта келе албаса, тергөөчү тааныштырууну беш суткадан ашпаган мөөнөткө кийинкиге калтырат. Жактоочу же өкүл бул мөөнөттүн ичинде келбеген учурда, тергөөчү айыпкерге башка жактоочуну же жабырлануучунун башка өкүлүн чакырууну сунуш кылат, же болбосо адвокаттардын кесиптик уюму аркылуу башка жактоочуну же өкүлдү дайындайт. (4) Айыпкерди, анын жактоочусун, жабырлануучуну, жарандык доогерди, жарандык жоопкерди жана алардын өкүлдөрүн иш менен тааныштыргандан кийин тергөөчү тергөөнүн бүткөндүгү жөнүндө токтом түзөт, анда бардык тергөө аракеттери аткарылгандыгы, чогултулган далилдер ишти сотко жөнөтүү үчүн жетиштүү экендиги тууралу көрсөтөт. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 23-апрелиндеги N 26-р чечими
(КР 2002-жылдын 16-октябрындагы № 141 мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
230-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-230" title="230-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>