Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
207-статья. Салыштырып иликтөө үчүн үлгүлөрдү алуу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 25-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Тергөөчү салыштырып иликтөө үчүн шектүү адамдын же айыпкердин кол жазмасынын үлгүсүн же башка үлгүлөрдү алууга укуктуу. (2) Тергөөчү ошондой эле салыштырып иликтөө үчүн күбөнүн же жабырлануучунун кол жазмасынын үлгүсүн же башка үлгүлөрдү алууга укуктуу, бирок бул алардын макулдугу менен жана окуя болгон жерде же болбосо заттык далилдерде издин алар тарабынан калтырылгандыгын текшерүү зарылдыгы пайда болгон учурларда гана жүргүзүлөт. (3) Салыштырып иликтөө үчүн үлгүлөрдү алууда адамдын өмүрү, ден соолугу үчүн коркунучтуу болгон же анын ар-намысы менен кадыр-баркын кемсинтүүчү усулдар колдонулбоого тийиш. (4) Салыштырып иликтөө үчүн тирүү адамдардан үлгүлөрдү алуу жөнүндө тергөөчү токтом чыгарат. Зарыл учурларда үлгүлөрдү алуу адистердин катышуусу менен жүргүзүлөт, бул тууралу ушул Кодекстин 170 жана 171-статьяларынын талаптарын сактоо менен протокол түзүлөт. (5) Эгерде үлгүлөрдү алуу эксперттик иликтөөнүн бир бөлүгү болуп эсептелсе, ал эскперт тарабынан жүргүзүлөт. Мындай учурда бул аракет жөнүндө маалыматты эксперт өзүнүн корутундусунда чагылдырат.
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-207" title="207-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>