Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 28-октябрындагы жыйынынын күн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2020-жылдын 28-октябры № 4131-VI Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 28-октябрындагы жыйынынын күн тартибин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 28-октябрындагы жыйынынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ант берүүсү: Исманов Самат Жекшеналиевичтин Урумкалиева Чынара Чалагызовнанын; Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Абдрахматова Атыр Болотбековнаны ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө; Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековнаны Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министринин кызмат ордуна дайындоого жактыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунуштамасы жөнүндө; Исмаилова Аида Жекшенбаевнаны Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоого жактыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунуштамасы жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүүсү; "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу; Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө", "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, ошондой эле айрым эл аралык келишимдерди өзгөртүү жана колдонуусун токтотуу жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "2020-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо" (2-фаза) долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2020-жылдын 30-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Нарын шаарында суу менен камсыздоо жана саркынды суу тутумдарын реабилитациялоо" (2-фаза) долбооруна Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтү жана Европа бирлиги тарабынан берилүүчү инвестициялык грант боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "2020-жылдын 11-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Ысык-Көл жана Нарын областтарында сугат жерлерин иштетүүнү өнүктүрүү" долбоору боюнча зайым жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "2016-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2016-жылдын 28-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы Кыргыз Республикасында ичүүчү суу менен жабдуу, канализация жана катуу калдыктар долбоору боюнча кредиттик макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 2020-жылдын 18-майында Бишкек шаарында кол коюлган макулдашуу-катын ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан кайтарып берилген каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору жөнүндө; "Электрондук коммерция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "2019-жылдын 12-декабрында Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүн тандоо жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
К.Исаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 14 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 7
Шилтеме берет (14)
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 19.05.2018 · № 49
- Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндөЗакон · 04.12.2020 · № 5
- КР Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 03-февралындагы № 4362-VI “Электрондук коммерция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтомуПостановление · 03.02.2021 · № 4362-VI
- Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 26.12.2020 · № 12
- Укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары тарабынан кайтарылып алынган каражаттарды пайдалануу маселеси боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 22.01.2021 · № 11
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери…Закон · 23.12.2019 · № 145
- Жер пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына ("Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий…Закон · 13.11.2020 · № 3
- 2019-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Исфана шаарында суу менен жабдуу…Закон · 21.01.2020 · № 11
- 2020-жылдын 9-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы сугат жерлерин иштетүүнү…Закон · 24.07.2020 · № 92
- 2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, ошондой эле айрым эл…Закон · 04.12.2020 · № 4
- 2019-жылдын 12-декабрында Абу-Даби шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы Соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди…Закон · 05.01.2021 · № 1
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 03.04.2015 · № 72 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (7)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндөЗакон · 17.06.1996 · № 20
- Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2009 · № 257
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндөЗакон · 01.11.2011 · № 191 · Күчүн жоготкон