Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 30 июня 2022 года № 50 "Об игорной деятельности в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-30.
КР 2022-жылдын 30-июнундагы № 50 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаары, 2011-жылдын 1-ноябры № 191 Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө (КР 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин, калктын адеп-ахлагын жана ден соолугун коргоонун артыкчылыктарынын конституциялык принциптерине ылайык ушул Мыйзам менен Кыргыз Республикасында кумар оюн ишин жүзөгө ашырууга чектөө киргизилет.
1-берене
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй аныктамалар пайдаланылат: кумар оюн иши - казинолордо, оюн автоматтарында, компьютердик симуляторлордо, интерактивдүү жайларда, сервердин жайгашкан жерине карабастан электрондук (виртуалдык) казинолордо кумар оюндарын уюштуруу, жүргүзүү жана ойноо мүмкүнчүлүгүн берүү менен байланышкан иш; кумар оюн жайлары - кумар оюндарын жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жана (же) мелдешке ставкалар кабыл алынуучу жай (имарат), ошондой эле кумар оюндарын жүргүзүү үчүн ылайыкташтырылган кумар оюн жабдууларын, компьютердик симуляторлорду, аппараттык-программалык комплекстерди эксплутациялоочу жайлар (залдар); кумар оюну - катышуунун милдеттүү шарты оюнчу тарабынан, анын ичинде электрондук төлөм тутуму аркылуу акча төлөө болуп саналган, катышуучуга кандай болбосун түрдө утушка (байгеге) ээ болуу жана кокустукка жараша ага ээ болбой калуу мүмкүнчүлүгүн берген, тобокелдикке негизделген кандай гана болбосун оюндар; казино - акчалай утуштарды жарыялоо менен кумар оюн жабдууларын пайдаланып кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча иштерди жүзөгө ашыруучу кумар оюн жайы; кумар оюн жабдуулары - чыгырык, карта столдору, сөөк оюну үчүн стол, оюн автоматтары, анын ичинде тотализатор жана букмекердик контора үчүн жабдуулар; оюн столу - кумар оюн жайынын уюштуруучусу өз өкүлдөрү аркылуу тарап катары же уюштуруучу жана (же) байкоочу катары катышкан (чыгырык, карта столдору, сөөк оюндары үчүн стол) утуштун кандай болбосун түрү менен кумар оюндарын жүргүзүү үчүн арналган кумар оюн жайындагы атайын жабдылган орун; оюн автоматы - кумар оюн бизнесинин уюштуруучусунун же анын кызматкерлеринин катышуусуз мындай кумар оюн жабдуулар корпусунун ичиндеги түзүлмө менен кокусунан аныкталган кумар оюндарын жана (же) утушу менен мелдеш өткөрүү үчүн пайдаланылуучу кумар оюн жабдуулары (механикалык, электрдик, электрондук же башка техникалык жабдуулар); оюн автоматтар залы - оюн автоматтарын пайдалануу менен кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш жүзөгө ашырылуучу кумар оюн жайы; оюн зонасы - кумар оюн жайынын кумар оюн жабдууларын орнотуу үчүн арналган бөлүгү; тотализатор - бардык катышуучулардын ортосунда натыйжасы мурдатан аныкталбаган окуянын жыйынтыгына карата өз ара мелдеш болгон, катышуучулардан белгилүү бир жерде ставкаларды кабыл алуучу, аларга утушту төлөп берүүчү жана тийиштүү техникалык каражаттарды жана жол-жоболорду пайдалануу менен мүнөздөлгөн кумар оюн жайы (анын ичинде "Бинго-лото" жана "Русское лото"); букмекердик контора - натыйжасы алдын ала аныкталбаган окуянын бүтүшүнө бардык катышуучулар менен кумар оюн жайынын ортосунда мелдеш болгон кумар оюн жайы; казино же оюн автоматтар залынын кассасы - накталай акчаларды майдалоо (алмаштыруу) боюнча кызматтар көрсөтүлүүчү кумар оюн жайында уюштуруучу тарабынан атайын жабдылган орун; онлайн-казино - бул кумар оюн жайларында же башка жайларда кумар оюндарын өткөрүү үчүн ыңгайлаштырылган аппараттык-программалык комплекстерди пайдалануу же болбосо утуштарды Интернет аркылуу алууну караган байланыш каражаттары аркылуу (пайдалануу жайына карабастан) реалдуу убакыттагы бир же көпчүлүк менен пайдалануу режиминде кумар оюндарын уюштуруу жана өткөрүү; компьютердик симуляторлор - виртуалдык чөйрөдө реалдуу көрүнүштөрдүн жана белгилердин бөлүгүн чагылдыруучу чындыктай таасир калтыруучу программалык жана аппараттык каражаттар; аппараттык-программалык комплекс - тапшырмалардын комплексин аткарууну автоматташтырууга мүмкүндүк берүүчү жана электрондук маалыматтык ресурстардын жана маалымат тутумдарынын иштешин камсыз кылуучу техникалык жана программалык каражаттар; электрондук (виртуалдык) казино - кумар оюндарына Интернет желеси аркылуу жетишүүгө мүмкүндүк берүүчү Интернеттеги сайт же программа. (КР 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене
2-берене. Кумар оюн ишине тыюу салуу
1. Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине, анын ичинде Интернет желеси жана маалымат-телекоммуникациялык байланыш каражаттары аркылуу ойнотууга тыюу салынат.
2. Юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге кумар оюндарына катышуу үчүн, анын ичинде Интернет желеси аркылуу өткөрүлүүчү акча каражаттарын кабыл алууга тыюу салынат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын аймагында кумар оюндарын өткөрүүгө көмөкчү болгон Интернет сайттарга жеткиликтүүлүккө жол бербөө боюнча контролдоону жүзөгө ашырат жана чараларды көрөт.
(КР 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене
3-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү Ушул Мыйзамдын колдонулушу кумар оюн ишинин бардык түрлөрүнө жайылтылат. (КР 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам 2012-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
5-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө киришине байланыштуу коюлуучу талаптар
1. Ушул Мыйзам колдонууга кирген учурдан тартып:
- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген лицензиянын негизинде ишин жүзөгө ашырып жаткан кумар оюн ишинин субъекттери ушул Мыйзамды аткаруу үчүн өз ишин токтотууга тийиш же болбосо алар мажбурлоо тартибинде жабылууга жатат;
- ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин кумар оюн жайларын, оюн автоматтар залдарын түзүүгө жана күтүүгө, кумар оюндарын уюштурууга берилген лицензиялар аларда көрсөтүлгөн колдонуу мөөнөтүнө карабастан чакыртып алынууга жана жокко чыгарылууга жатат.
2. Өкмөт ушул Мыйзамдан келип чыгуучу өзгөртүүлөрдү колдонуудагы мыйзамдарга киргизүүгө карата сунуштарды бир айлык мөөнөттө киргизсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- 2008-жылдын 11-августундагы № 201 "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 665-ст.);
- 2010-жылдын 18-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2010-ж., № 1, 4-ст.).
(КР 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
2011-жылдын 29-сентябрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 23 · байланышкандар: 5
Цитата келтиргендер (23)
- "Отчет о результатах аудита составления и исполнения республиканского бюджета Кыргызской Республики за 2011 год" (утвержден постановлением Правительства КР от 15 апреля 2013 года…Постановление · 15.04.2013 · № 197
- Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндөЗакон · 30.06.2022 · № 50
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 1055-V ""Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.09.2011 · № 1057-V
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 87-б (Жарнама щиттерин, казино жана оюн-зоок автоматтарынын залдарынын көрнөктөрүн алып салуу боюнча) буйругуРаспоряжение · 16.03.2012 · № 87-р
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 9-февралындагы № 1640-V "Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу…Постановление · 09.02.2012 · № 1640-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 29-сентябрындагы № 1058-V ""Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда…Постановление · 29.09.2011 · № 1058-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 29-сентябрындагы № 1059-V ""Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу тууралуу" токтомуПостановление · 29.09.2011 · № 1059-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-февралындагы № 4766-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз…Постановление · 05.02.2015 · № 4766-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 25-февралындагы № 4828-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз…Постановление · 25.02.2015 · № 4828-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 24-декабрындагы № 4633-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз…Постановление · 24.12.2014 · № 4633-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 24-декабрындагы № 4633-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз…Постановление · 24.12.2014 · № 4633-V
- Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2012 · № 104
- КР Министрлер кабинети 2021-жылдын 16-июлу № 79 "Ысык-Көл областынын аймагындагы туристтик оюн-зоок комплексин камтыган адистештирилген административдик район жөнүндө" жана…Постановление · 16.07.2021 · № 79
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-августундагы № 575 "Кыргыз Республикасындагы букмекердик конторалардын жана тотализаторлордун иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору…Постановление · 21.08.2012 · № 575 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 20-октябрындагы №656 "Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишине тыюу салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын…Постановление · 20.10.2011 · № 656 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-майындагы № 279 "Кыргыз Республикасынын 2011-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу" токтомуПостановление · 11.05.2012 · № 279 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217 " 2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчету жөнүндө "…Постановление · 30.04.2013 · № 217 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-майындагы № 270 "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу" токтомуПостановление · 14.05.2013 · № 270 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндөЗакон · 11.08.2008 · № 201 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы №106 "Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу"…Постановление · 17.02.2012 · № 106 · Күчүн жоготкон
23 ичинен 20 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндөЗакон · 30.06.2022 · № 50
- Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндөЗакон · 11.08.2008 · № 201 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралууЗакон · 18.01.2010 · № 4 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (5)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Жогорку кеңешинин 2022-жылдын 3-мартындагы № 99-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 3-мартындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.03.2022 · № 99-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 28-октябрындагы № 4131-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 28-октябрындагы жыйынынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 28.10.2020 · № 4131-VI
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 26-апрелиндеги № 1882-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу"…Постановление · 26.04.2012 · № 1882-V
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 11
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 467 ""Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 04.07.2012 · № 467 · Күчүн жоготкон