Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
29-статья. Тоорук аркылуу жер участогун менчикке же пайдаланууга берүү
Күчүн жоготкон · 18.07.2025 редакциясы · II БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2025 года № 150.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 июля 2024 года № 152
(Берененин аталышы Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 22-июнундагы № 84 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы ушул статьянын 5-9-пункттарында жана ушул Кодекстин 32статьясында каралгандан башка учурларда, жер участогун менчикке же пайдаланууга, электрондук форматта өткөрүлүшү мүмкүн болгон тоорукда сатуу аркылуу беришет. Тоорукка коюлган жер участогунун баштапкы старттык баасы жердин рыноктук наркы болуп саналат.
Караңыздар Айыл чарба багытындагы жерлердин нарктык баасын (нормативдик баасын) аныктоо тартиби, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-февралындагы № 47 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 142 "Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
2. Тоорукту өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.
3. Жер участогун менчикке же пайдаланууга сатуу боюнча тоорук ачык жүргүзүлөт. Бул тооруктар электрондук форматта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте өткөрүлүшү мүмкүн.
Караңыздар Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Типтүү жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзгөчө учурларда мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн тоорук жарыяланган учурдан кийин жана аларды өткөрүү учурунда жер участогун алып коюуга укуктуу.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кабыл алган типтүү жобого ылайык калктуу конуштарда жер участокторун сатпай туруп ижара шартында пайдаланууга берүүгө жол берилет
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте тоорукту өткөрбөстөн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкактарында жер участогун жеке өнөктөштөрдүн пайдалануусуна берүүгө жол берилет.
7. Мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасы чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруу үчүн алмашуу (алмаштыруу) жолу менен тооруктарды өткөрбөстөн мамлекеттик менчикте турган жер участогун менчикке же мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө жол берилет.
Караңыздар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы № 466 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик милдеттерди жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик менчикте турган жер участогун алмашуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому
8. Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган калктуу конуштун чегиндеги жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруу максатында уставдык капиталга мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен мамлекеттик ипотекалык турак жай кредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга мөөнөтсүз пайдаланууга берилиши мүмкүн.
9. Мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу чөйрөсүндө жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй жер участогун белгиленген тартипте берүүгө жол берилет:
1) мамлекеттик менчикте турган жер участогун жүз пайыз мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен мөөнөттүү (убактылуу) же мөөнөтсүз акысыз пайдаланууга;
2) муниципалдык менчикте турган жер участогун жүз пайыз мамлекеттик үлүшү бар юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен мөөнөттүү (убактылуу) же мөөнөтсүз акысыз пайдаланууга.
(Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 23-июнундагы № 77, 2007-жылдын 26-февралындагы № 23, 2009-жылдын 11-мартындагы № 79, 2009-жылдын 26-майындагы № 171, 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2016-жылдын 22-июнундагы № 84, 2022-жылдын 5-августундагы № 84, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 5 августа 2022 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 июня 2016 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам проведения торгов, аукционов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 ноября 2013 года № 201 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 мая 2009 года № 171 "О внесении дополнений и изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 марта 2009 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 февраля 2007 года № 23 "О внесении изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Дагы 1 өзгөртүү - документтин толук текстиндеги өзгөртүүлөр тарыхында
29.07.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Бул тооруктар электрондук форматта Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте өткөрүлүшү … № 571 токтому менен бекитилген)
4. Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети өзгөчө учурларда мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн тоорук … жер участогун алып коюуга укуктуу.
5. Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети кабыл алган типтүү жобого ылайык калктуу конуштарда жер участокторун сатпай туруп ижара шартында пайдаланууга берүүгө жол берилет
6. Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте тоорукту өткөрбөстөн мамлекеттик-жеке … участогун менчикке же мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө жол берилет.
кошулду: Караңыздар
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы № 466 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик милдеттерди жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик менчикте турган жер участогун алмашуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому
8. Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган калктуу конуштун … № 144, 2016-жылдын 22-июнундагы № 84, 2022-жылдын 5-августундагы № алынып салынды: 84 кошулду: 84, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 31 мая 2018 года №13 "О некоторых вопросах, возникающих при рассмотрении дел об оспаривании решений, действий (бездействия)…Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 31.05.2018 · № 13Пункттар: п. 6, п. 13
Беренеге цитата келтиргендер (64)
- "Кыргыз Республикасынын нотариустары тарабынан нотариалдык иш-аракеттерди жасоо тартиби жөнүндө" Нускама" (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын…Инструкция · 29.12.2023 · № 733
- КР ӨКМӨТҮНҮН 2015-жылдын 2-декабрындагы N 823 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жеке өнөктөргө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда…Постановление · 02.12.2015 · № 823
- Аламүдүн айылдык кеңешинин 2017-жылдын 23-майындагы № 18-27 "Турак үй куруу үчүн жер тилкесин конкурстук негизде жеке менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.05.2017 · № 18-27
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-декабрындагы № 4648-V "Чүй областындагы Сокулук районунун жана Баткен областындагы Кадамжай районунун Актурпак айыл өкмөтүнүн тургундарынын…Постановление · 25.12.2014 · № 4648-V
- Постановление А.Анаровского аильного кенеша от 9 июня 2004 года №29-6 "О представлении прав на земельные участки в Алля-Анаровском айыл окмоту"Постановление · 09.06.2004 · № 29-6
- Постановление Жалал-Абадского городского кенеша от 28 марта 2002 года № 4 "Об утверждении положения по продаже прав собственности на земельные участки в городе Жалал-Абад"Постановление · 28.03.2002 · № 4
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 142 "Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 29.03.2019 · № 142
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябры № 478-б (Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасындагы, мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү үчүн тооруктарды өткөрүү…Распоряжение · 23.09.2008 · № 478-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 15-мартынын № 157- б буйругуРаспоряжение · 15.03.2005 · № 157
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2005-жылдын 11-майы, № 223-б буйругуРаспоряжение · 11.05.2005 · № 223-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2005-жылдын 11-майы № 223-б буйругуРаспоряжение · 11.05.2005 · № 223-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 16-июлундагы № 313-б буйругуРаспоряжение · 16.07.2005 · № 313
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-июлундагы № 400-б буйругуРаспоряжение · 19.07.2006 · № 400
- 2021-жылдын 18-ноябры № 290-т тескемеси (жер өлүштөрүн бөлүп берүү жөнүндө)Распоряжение · 18.11.2021 · № 290-р
- Кайынды шаардык Кенешинин 2019-жылдын 25-январындагы № 88/XXVII-4 “Кайыңды шаардык мэриясынын муниципалдык менчиктеги жер тилкеси аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү жөнүндө”…Постановление · 25.01.2019 · № 88/XXVII-4
- Кайынды шаардык кеңешинин 2019-жылдын 28-майындагы № 98/XXIX - 2 “Кайыңды шаардык мэриясынын муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү…Постановление · 28.05.2019 · № 98/XXIX - 2
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 20-октябрындагы №655 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин колдонууну токтотуу жөнүндө" токтомуПостановление · 20.10.2011 · № 655
- Кайынды шаардык кенешинин 2020-жылдын 25-декабрындагы № 149/XLV- 4 “Кайынды шаары боюнча жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн (павильон) конкурстук негизде ижарага жер…Постановление · 25.12.2020 · № 149/
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 380 "Жер участокторун берүү жөнүндө"Постановление · 04.08.2023 · № 380
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 - жылдын 21 - январындагы №17 буйругуРаспоряжение · 21.01.2008 · № 17
64 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 "Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө…Постановление · 23.09.2011 · № 571
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 29-мартындагы № 142 "Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна электрондук форматта аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 29.03.2019 · № 142
- Постановление Правительства КР от 4 февраля 2002 года № 47"Об утверждении Порядка определения стоимостной оценки нормативной цены земли сельскохозяйственного назначения "Постановление · 04.02.2002 · № 47
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 9-августундагы № 466 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик маанидеги объекттерди…Постановление · 09.08.2024 · № 466
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/8/st-29" title="29-статья - Жер кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>