Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР ӨКМӨТҮНҮН «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жеке өнөктөргө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда жер участогун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» ТОКТОМУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2015-жылдын 2-декабры № 823 Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жеке өнөктөргө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда жер участогун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жеке өнөктөргө убактылуу пайдалануу (ижара) укугунда жер участогун берүүнүн тартибин жөнгө салуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-статьясынын 6-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жеке өнөктөргө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда жер участогун берүүнүн тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча тендер өткөрүү эрежелерин жана тендердик документтерди даярдоонун тартибинде:
- 8-пункттун 2-пунктчасынын "д)" пунктчасы "жеке өнөк өзүнө алуучу тобокелдер" деген сөздөрдөн кийин ", жеке өнөктүн жер участогун пайдалануусунун баасы жана шарттары (зарыл болгон учурда)" деген сөздөр менен толукталсын.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирүү сунушталсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 11-декабрында № 119 жарыяланды
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Т.Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жеке өнөктөргө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда жер участогун берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО…Положение · 02.12.2015 · № 823
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 111 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 21.02.2020 · № 111
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 715 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган…Постановление · 26.12.2023 · № 715
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 111 токтомуПостановление · 21.02.2020 · № 111
Шилтеме берет (2)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк чөйрөсүндөгү маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 28.01.2013 · № 39 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору боюнча тендер өткөрүү эрежелерин жана тендердик документтерди даярдоо" тартиби (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын…Порядок · 28.01.2013 · № 39 · Күчүн жоготкон