КР «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-07-18.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2009-жылдын 26-майы № 171
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине
толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., N 9, 440-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор
жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-статьяда:
1-пункттун биринчи абзацы "Чет өлкөлүк жактарга" деген сөздөрдөн
кийин ", эгер ушул статьяда башкача каралбаса" деген сөздөр менен то-
лукталсын;
Статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Чет өлкөлүк банктар менен адистештирилген финансы-кредиттик
мекемелер айыл чарба багытындагы жер участокторун өндүрүп алуу кырдаалы
түзүлгөндө айыл чарба багытындагы жерлерди бир жыл аралыгында менчикте
кармоого укуктуу.".
2. 29-статьянын 1-пунктундагы "нарктык баасы (нормативдик баасы)"
деген сөздөр "рыноктук наркы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 111-статьянын 2-пунктундагы "жер участокторун соодада сатууда
алардын старттык баасын," деген сөздөр алып салынсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик
укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
2009-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кант шаардык кеңешинин 2011 жылдын 21 декабырындагы №205/XXVI-25 «Кант шаарынын курулуш куруу жана жерди пайдалануу эрежелери» ченемдик-укуктук актын бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 21.12.2011 · № 205/XXVI-25
- Кант шаардык кеңешинин 2011-жылдын 21-декабрындагы № 205/XXVI-25 Кант шаарынын курулуш курулуш куруу жана жер пай далануу эрежелериПравила · 21.12.2011
- Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын 31-июлундагы № 126/14-6 "(Талас шаардык кенешинин 2014-жылдын 20-февралындагы №73/10-6 токтому жокко чыгаруу жөнүндө )" токтомуПостановление · 31.07.2014 · № 126/14-6
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2025 · № 150
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2025 · № 150
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон