Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-07-18.
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2009-жылдын 11-марты № 79 Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 4-статьянын 3-пунктунда:
"Айыл, поселок кеңештеринин" деген сөздөр "Айылдык округдун, поселоктун, шаардын" деген сөздөргө алмаштырылсын; "ошондой эле шаар чектериндеги" деген сөздөр алып салынсын; үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- айылдык округдун чектеринде - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы;"; төртүнчү абзацтагы "жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана" деген сөздөр алын салынсын; бешинчи жана алтынчы абзацтар алып салынсын; жетинчи абзацтагы "жана тескөөнү" деген сөздөр алып салынсын; "айылдык жана поселкалык кеңештин" деген сөздөр "айылдык округдун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 13-статьяда:
статьянын аталышындагы "Айылдык, поселкалык кеңештин аткаруу органынын" деген сөздөр "Айылдык округдун, поселоктун жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу-тескөөчү органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын; 1-пункттагы "Айылдык, поселкалык кеңештин чегиндеги жерлерде жер мамилелерин жөнгө салуу жагынан айылдык, поселкалык кеңештин аткаруу органынын" деген сөздөр "Айылдык округдун, поселоктун чегиндеги жерлерде жер мамилелерин жөнгө салуу жагынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-пункттагы "жана тескөө" деген сөздөр алып салынсын; "айылдык, поселкалык кеңештин аткаруу органы" деген сөздөр "айылдык округдун жана поселоктун жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу-тескөөчү органы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 17-статьянын 5-пунктунда:
пункт "иштеп чыгуу" деген сөздөрдөн кийин "жана бекитүү" деген сөздөр менен толукталсын; "областтык кеңеш менен бирдикте" деген сөздөр алып салынсын.
4. 18-статьяда:
статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндө республикалык, областтык жана райондук маанидеги шаарлардын шаардык кеңешинин, райондук кеңештин, айылдык округдун жана поселоктун кеңештеринин компетенциясы"; 1-4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Республикалык маанидеги шаардын шаардык кеңеши жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен шаардын райондорунун чек араларына карата администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт, муниципалдык жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды бекитет, жер пайдалануунун жана шаар куруунун эрежелерин белгилейт, шаарды дыкат пландоо долбоорун бекитет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген шаарларга тиешелүү жерлерге салыктын базалык ставкасынын чегинде шаар ичиндеги жерлерге салыктын дифференциалдуу ставкаларын белгилейт.
2. Областтык жана райондук маанидеги шаардын шаардык кеңеши жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен шаардын администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт, муниципалдык жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды бекитет, жер пайдалануунун жана шаар куруунун эрежелерин белгилейт, шаарды дыкат пландоо долбоорун бекитет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген шаарларга тиешелүү жерлерге салыктын базалык ставкасынын чегинде шаар ичиндеги жерлерге салыктын дифференциалдуу ставкаларын белгилейт.
3. Райондук кеңеш жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен райондун администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштарды карайт, айылдык округдун, поселоктун кеңештеринин макулдугу боюнча айылдык калктуу конуштарга жана поселокторго курулуш куруу долбоорлорунун башкы планын бекитет, жеке жактардын менчигине берилүүчү жер участоктун чектик өлчөмдөрүн аныктайт, райондун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте жерлерди сарамжалдуу пайдалануу боюнча программаларды иштеп чыгат.
4. Айылдык округдун, поселоктун кеңештери жеке көмөкчү чарба жүргүзүү, курулуш куруу жана турак жайды тейлөө үчүн жер участоктордун өлчөмдөрүн белгилейт, жер кадастрын бекитет, тиешелүү район үчүн мыйзамдар менен бекитилген базалык ставканын негизинде эсептелген айыл жана поселок үчүн белгиленген салыктардын жалпы суммасынын чектеринде кыртыш бонитетинин баллын эске алуу менен айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференциалдуу ставкаларын белгилейт, өз компетенциясынын чектеринде жер мамилелери чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечишет.";
5-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
5. 21-статьянын 3-пунктундагы "(областтын, Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, райондун, айыл кеңешинин)" деген сөздөр алып салынсын.
6. 29-статьянын 1-пунктундагы "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөрдөн кийин "жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы" деген сөздөр менен толукталсын;
"берет" деген сөз "беришет" деген сөзгө алмаштырылсын.
7. 30-статьяда:
1-пункттагы "айылдык жана поселоктук кеңештердин" деген сөздөр "айылдык округдун жана поселоктун кеңештеринин" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-пункттагы "айыл кеңешинин" деген сөздөр "айылдык округдун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 102-статьядагы "айыл кеңешинин" деген сөздөр "айылдык округдун" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 109-статьянын 2-пунктундагы "айылдык кеңештер" деген сөздөр "айылдык округдар" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 114-статьянын 4-пунктунун 5-пунктчасындагы "айыл кеңешинин" деген сөздөр "айылдык округдун кеңешинин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (11)
- Кант шаардык кеңешинин 2011 жылдын 21 декабырындагы №205/XXVI-25 «Кант шаарынын курулуш куруу жана жерди пайдалануу эрежелери» ченемдик-укуктук актын бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 21.12.2011 · № 205/XXVI-25
- Кант шаардык кеңешинин 2011-жылдын 21-декабрындагы № 205/XXVI-25 Кант шаарынын курулуш курулуш куруу жана жер пай далануу эрежелериПравила · 21.12.2011
- Талас шаардык кеңешинин 2014-жылдын 31-июлундагы № 126/14-6 "(Талас шаардык кенешинин 2014-жылдын 20-февралындагы №73/10-6 токтому жокко чыгаруу жөнүндө )" токтомуПостановление · 31.07.2014 · № 126/14-6
- Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 25-апрелиндеги № 112 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Таушкандык участкасына 2022-аскер бөлүгүнө чек ара заставасын куруу үчүн жер…Постановление · 25.04.2022 · № 112
- Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 25-апрелиндеги № 113 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылына балдар аянтчасын куруу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.04.2022 · № 113
- Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 25-апрелиндеги № 114 "Ак-Сай айылынын Кактын сайы участкасынан, чек ара кызматына 8,0га жер аянтын убактылуу пайдаланууга ок…Постановление · 25.04.2022 · № 114
- Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 25-апрелиндеги № 115 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылынын Кактын-Сайы участкасынан, Сурма-Кен ишканасына убактылуу…Постановление · 25.04.2022 · № 115
- Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2022-жылдын 9-августундагы № 124 "Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Капчыгай айылына балдар аянтчасын куруу жөнүндө" токтомуПостановление · 09.08.2022 · № 124
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2025 · № 150
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-октябрындагы № 708 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 11.10.2012 · № 708 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2025 · № 150
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон