Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-статья. Ушул Кодексте колдонулуучу түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 18.07.2025 редакциясы · I БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 июля 2025 года № 150.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 июля 2024 года № 152
Ушул Кодексте төмөндөгү түшүнүктөр колдонулат:
1) жердин экинчи жолку рыногу - ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жер участогуна болгон укук менен түзүлүүчү бүтүм;
2) имараттар жана курулуштар - жер менен бекем байланышкан, өлчөөсүз зыян келтирбестен көчүрүү мүмкүн болбогон ар кандай курулуштар жана курулмалар, анын ичинде квартиралар, көп квартиралуу үйдөгү турак-жай эмес жайлар;
2-1) шаар куруу документтери - райондук пландоо долбоорлоонун, башкы пландар, толугу менен пландоо, чектеп түзүү, кварталдарды, шаар куруу тоомдорун жана башка калктуу конуштардын пландоочу түзүмдөрүнүн элементтеринин документтери; 2-2) башкы план - шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнү келечектүү шаар куруу багытында пландоо жөнүндө шаар куруу документтери; 2-3) шаар куруу иши - (мындан ары - шаар куруу) шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнү шаар куруу багытында пландоо жагындагы мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жеке жана юридикалык жактардын иши, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер участокторун пайдалануунун, кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоонун, куруунун жана реконструкциялоонун түрлөрүн аныктоо;
24) кунары качкан айыл чарба багытындагы участкалар - баштапкы пайдалуу касиеттерин аларды максаттуу багыты боюнча натыйжалуу пайдаланганга мүмкүндүк бербеген абалга чейин жоготкон жер участкалары;
3) жер үлүшү - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү айыл чарба багытындагы жер участогу;
3-1) шаар куруу регламенти - шаар куруу документтери, үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери, ошондой эле шаар куруу иш-аракеттерин жүргүзүүдө кыймылсыз мүлк объекттерине жол берилген өзгөрүүлөр менен белгиленген, шаардык жана айылдык калктуу конуштарда жер участокторун жана кыймылсыз мүлктүн башка объекттерин пайдаланууга уруксат берилген параметрлердин жана түрлөрдүн аныкталган жыйындысы;
32) мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар - улуттук коопсуздукту, айлана чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоону камсыз кылууга, социалдык, өндүрүштүк, транспорттук, энергетикалык тейлөө объекттерин жайгаштырууга жана тейлөөгө инженердик жана архитектуралык-курулуш документтерине, пайдалуу кендерди иштетүүгө, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин жүзөгө ашырууга байланыштуу муктаждыктар;
4) жер участогу - туташ чектелген жер аянты;
5) Көп квартиралуу үй алдындагы жер участогу - үйгө танапташ аймакты, анын ичинде бак-дарактарды, чарбалык, балдар жана спорт аянтчалары, тиричиликтик катуу калдыктарды чогултуу үчүн жабдылган аянтчаларды ичине алган участок жана чектери белгиленген тартипте кабыл алынган ченемдиктер менен аныкталган башка участоктор;
6) жер фондусу - Кыргыз Республикасынын чектеринде болгон бардык жерлер;
7) жерди пайдалануучу - жер участогун пайдалануу укугу мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) берилген, өткөрүлгөн, мураска өткөн жеке же юридикалык жак;
8) жерди мамлекеттик пайдалануучу - жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканалары, мекемелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашырып жаткан, калктуу конуштун чегинде жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга алган, уставдык капиталга мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен мамлекеттик ипотекалык турак жайды кредиттөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
9) жерди муниципалдык пайдалануучу - жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алган муниципалдык ишканалар, мекемелер, уюмдар;
9-1) зона (регламенттик зона) - аймак, ага карата (жана тиешелүү түрдө ал жерде жайгашкан бардык жер участокторуна) колдонулуучу шаар куруу регламенти белгиленет;
10) чет өлкөлүк жак - жер-укуктук мамилелердин бир тарабы катары чыккан чет өлкөлүк юридикалык жактар, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар;
11) чет өлкөлүк юридикалык жак - төмөндө саналган белгилердин бирине ээ болгон юридикалык жак:
а) чет мамлекеттин мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана катталган;
б) бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактарга толугу менен таандык болгон;
в) бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактар тарабынан: кат жүзүндөгү контракттын, добуш берүчү көпчүлүк акцияларды сатуу укугу, аткаруучу жана байкоочу органдын көпчүлүк мүчөлөрүн дайындоо укугу аркылуу контролдонуучу же башкарылуучу;
г) Кыргыз Республикасында катталган жана чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга же ушул пунктчада аталган юридикалык жактарга таандык болгон уставдык капиталдын кеминде жыйырма пайызына ээ болгон;
д) эл аралык келишимдин негизинде түзүлгөн;
12) жер категориясы - бир эле максат боюнча пайдаланылуучу же пайдаланууга арналган жер;
121) башка жерлер - айыл чарбалык эмес жерлердин түрү, аларга төмөнкүлөр кирет: кум, таш баскан жерлер, жарлар, шагылдуу жерлер, көчкү, эшилмелер, аскалар, мүрзөлөр, таштанды астындагы жерлер;
13) асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери - кыртыштын бонитетинин баллы 20дан жогору эмес же тоют бирдигиндеги түшүмдүүлүгү гектарына 0,8 центнерден аз болгон (чабындылар жана жайыттар үчүн), мелиорациялык жактан ылайыктуу эмес жана аларды жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылуучу айыл чарба жерлери;
14) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - ушул Кодекстин 13-17, 20, 21-статьяларында көрсөтүлгөн органдар;
15) өзгөчө баалуу жерлер - сугат жана кургатылган жерлер, ургалдуу пайдаланылуучу айыл чарба жерлери (айдоо аянттары, көп жылдык мөмө-жемиш дарактары, жүзүмзарлар, кысыр аңыздар, маданий жайыттар, чөп чабыктар жана түп-тамырынан бери жакшыртылган жайыттар), коргоочу токойлор жана аларга теңештирилген жашыл бак-дарактар отургузулган жерлер, шаар четиндеги жана жашыл зоналардагы жерлер, илим-изилдөө мекемелеринин жана окуу жайлардын тажрыйба жүргүзүүчү талаалары;
16) жер участогун бөлүү - ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде чек арасын көрсөтүү менен жер участогун накталай бөлүп берүү;
17) жер участогуна болгон укугун өткөрүп берүү - жарандык-укуктук бүтүмдөргө ылайык менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун жерге ээлик кылуудан ажыратышы же аны жарандык-укуктук бүтүмдөр аркылуу башка адамга убактылуу пайдаланууга бериши;
18) универсалдуу укук улантуу тартибинде жер участогуна болгон укуктун өтүшү - мурастоодо же юридикалык жак кайрадан уюшулганда укукту улантуучунун жер участогуна болгон укугунун пайда болушу;
19) жер участогуна укук - менчик укугу жана жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу;
20) мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги жер участогун пайдалануу укугу - мамлекеттик же муниципалдык менчикте болгон жер участогун мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу;
21) жер участогун пайдалануу укугу - жер участогуна менчик ээси болуп эсептелбеген жеке жана юридикалык жактардын буюмдук укугу;
22) жер участогуна менчик укугу - жеке жана юридикалык жактардын Конституция, ушул Кодекс жана башка мыйзам актылары менен таанылган жана корголуучу, ушул Кодексте белгиленген чектөөлөр менен бир эле мезгилде өзүнө таандык жер участогун өзү каалагандай ээлик кылууга жана тескөөгө укугу;
22-1) укуктук зоналарга бөлүү - шаардык жана айылдык калктуу конуштардын үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын иштери;
23) жер участогуна укугун берүү - ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик же муниципалдык менчикте болгон жер участогун жеке жана юридикалык жактарга менчикке же пайдаланууга бериши;
23-1) шаардык жана айылдык калктуу конуштарда үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери (мындан ары - үй куруу жана жерди пайдалануу эрежелери) - шаар куруу регламенттерин киргизүү аркылуу кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууну жана курулуштук өзгөрүүлөрдү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылары;
24) короо-жай участогу (там-арка) - мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан турак-жай куруу үчүн жарандарга бөлүнүп берилген, үлүш эмес, бирок, турак-жайга танапташ жаткан жер;
24-1) жер участокторун жана башка кыймылсыз мүлк объекттерин уруксат берилген пайдалануу - калктуу конуштардын шаар куруу документтеринде жана жерди пайдалануу жана үй куруу эрежелеринде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле сервитутта белгиленген объекттерди пайдалануудагы чектөөлөргө, шаар куруу регламентине ылайык кыймылсыз мүлк объекттерин пайдалануу;
242) рыноктук баа - бүтүмдүн тараптары бардык зарыл болгон маалыматтарга ээ болуу менен акылга сыярлык аракеттенгенде, ал эми бүтүмдүн баасынын көлөмүнө эч кандай өзгөчө кырдаалдар таасирин тийгизбегенде, атаандаштыктын шарттарында баалоо объектиси ачык рынокто ажыратылышы мүмкүн болгон кыйла мүмкүн болуучу баа;
25) багбанчылык-чарба жүргүзүү участогу - мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан ишканаларга, мекемелерге жана Кыргыз Республикасынын жарандарына жашылча-жемиштерди, анын ичинде айыл-чарба продуктуларын өндүрүү боюнча керек-жарак багбанчылык шериктештигин уюштуруу үчүн бөлүнүп берилген жер участогу;
26) айыл чарба жерлери - айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн пайдаланылуучу, атап айтканда, айдоо аянттары, кысыр аңыздар, көп жылдык өсүмдүктөр өстүрүлгөн жерлер, чабындылар жана жайыттар;
261) айыл чарбалык эмес жерлердин түрлөрү - бул короо-жай алдындагы жерлер; жамааттык огороддор жана бакчалар; токой жерлери, дарактар жана бадалдар; суулар, жолдор, мал айдоочу жолдор, имараттар, курулуштар, короолор, көчөлөр астындагы жерлер, бузулган жерлер; башка жерлер;
27) сервитут - адамдардын башка адамдын менчигинде же пайдалануусунда болгон жер участогун чектелген түрдө максаттуу пайдаланууга болгон укугу;
28) кызматтык жер үлүшү - мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучулар тарабынан өз кызматкерлерине ушул Кодексте белгиленген тартипте берилүүчү жер участогу;
29) айыл чарба жерлерин Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондусу - айыл чарба жерлеринен (жайыттардан бөлөк) жана мамлекеттик менчикте турган жерлерден түзүлгөн жер участоктору;
30) жерлердин максаттуу багыты - жер участокторун жер участогуна болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда пайдалануу.
31) жер казынасын пайдалануу үчүн берилүүчү жерлер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жер казынасын колдонуу укугуна лицензиянын, концессиялык келишимдин, продукцияларды бөлүштүрүү жана мамлекеттик каттоо жөнүндө макулдашуунун жана инфратүзүм объекттерин (жолдорду, жеңил конструкциядагы вахталык кыштакчаны жана кампаларды, электр өткөргүч чубалгыларын (ЭӨЧ) жана жер казынасын пайдалануу максаттарында гана пайдаланылуучу башка инфратүзүм объекттерин) куруу жөнүндө макулдашуунун негизинде жүзөгө ашырылуучу, анын бурчтук чекиттери бар координатынын түз бурч тутумундагы графикалык документтеринде аныкталуучу пайдалуу кендерди казып алуу үчүн жер казынасын пайдалануучуга берилүүчү жер участоктору;
32) (Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 19-апрелиндеги № 49 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
33) Күнөскана - бул айыл чарба өсүмдүктөрүн (жашылча, бакча, декоративдик, тропикалык, субтропикалык жана башка өсүмдүктөрдү) өстүрүү, көбөйтүү, сактоо жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы келбеген башка максаттар үчүн арналган атайын жабдылган жеңил конструкциядагы курулма;
34) баалуулугу төмөн айыл чарба жерлери - өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин кошпогондо, айыл чарба жерлери.
(Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 4-январындагы № 2, 2003-жылдын 9-июлунун № 123, 2006-жылдын 20-январындагы № 7, 2007-жылдын 26-февралындагы № 23, 2009-жылдын 26-январындагы № 29, 2011-жылдын 22-июлундагы № 117, 2012-жылдын 7-майындагы № 46, 2012-жылдын 9-августундагы № 159, 2014-жылдын 14-июлундагы № 134, 2016-жылдын 25-июлундагы № 137, 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2017-жылдын 25-июлундагы № 139, 2019-жылдын 19-апрелиндеги № 49, 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12, 2021-жылдын 17-мартындагы № 33, 2022-жылдын 5-августундагы № 84, 2022-жылдын 5-августундагы № 85, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 5 августа 2022 года № 84 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 5 августа 2022 года № 85 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Земельный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О пастбищах")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 17 марта 2021 года № 33 "О внесении изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 декабря 2020 года № 12 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 19 апреля 2019 года № 49 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Земельный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2017 года № 139 "О внесении изменений в Земельный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 1 июня 2017 года № 95 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере землепользования"Редакцияларды салыштыруу
Дагы 10 өзгөртүү - документтин толук текстиндеги өзгөртүүлөр тарыхында
29.07.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жоготкон жер участкалары;
3) жер үлүшү - Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети аныктаган тартипте Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү айыл … № 33, 2022-жылдын 5-августундагы № 84, 2022-жылдын 5-августундагы № алынып салынды: 85 кошулду: 85, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (2)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 31 мая 2018 года №13 "О некоторых вопросах, возникающих при рассмотрении дел об оспаривании решений, действий (бездействия)…Пленумдун токтому · Постановление Пленума Верховного суда · 31.05.2018 · № 13Пункттар: п. 12
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 13-февралындагы № 03-р "Ысык-Көл областынын Райондор аралык сотунун судьясы Мелис Муктарович…Сот практикасы · Решение · 13.02.2019 · № 03-р
Беренеге цитата келтиргендер (36)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 13-февралындагы № 03-р "Ысык-Көл областынын Райондор аралык сотунун судьясы Мелис Муктарович…Решение · 13.02.2019 · № 03-р
- Положение о порядке предоставления земельных участков в собственность в г.Майлуусуу (утверждено постановлением Майлуусууйским городским кенешем 28 октября 2003 года)Положение · 28.10.2003
- Временное положение " О порядке предоставления земельных участков в собственность или аренды в МСУ Чонсарыой" (Утверждено постановлением Чонсарыойского айыльного кенеша от 10…Положение · 10.07.2006 · № 9
- Положение о порядке предоставления земельных участков в собственность на административной территории города Каракуль (утверждено постановлением Каракульского городского кенеша от…Положение · 19.09.2003 · № 112/25-3
- Положение о порядке предоставления земельных участков в собственность на территории Масынского айыл Окмоту (утверждено постановлением Масынского аильного кенеша г.каракуль…Положение · 15.09.2004 · № 4
- Положение о порядке предоставления земельных участков в собственность в Алля-Анаровском айыл окмоту ( Утверждено постановлением Алля-Анаровского айыльного кенеша от 9 июня 2004…Положение · 09.06.2004 · № 29-6
- Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча НУСКАМА (КР Жогорку Кенешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилди)Инструкция · 26.06.2015 · № 5389-V
- Положение о порядке предоставления земельных участков в собственность г.Чолпон-Ата (Утверждено Постановлением XII сессии Чолпон-Атинского городского Кенеша народных депутатов…Положение · 31.01.2002
- Положение о порядке предоставления земельных участков в собственность г.Кара-Балта (утверждено решением Кара-Балтинского горкенеша от 11 апреля 2002 года N 2)Положение · 11.04.2002 · № 2
- Положение о Комиссии по продаже прав собственности на земельные участки в г. Токмок (Утверждено решением Токмокского городского Кенеша КР от 26 февраля 2002 года № 89/14-1)Положение · 26.02.2002 · № 89/14-1
- Положение о порядке предоставления земельных участков в собственность г. Джалал-Абад (утверждено постановлением внеочередной XVIII сессии Жалалабатского городского Кенеша…Положение · 28.03.2002 · № 4
- Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2025-жылдын 18-февралы № 04-13/48 "Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун…Приказ · 25.02.2025 · № 04-13/59
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ Курулуштагы ченемдик документтер тутумуКЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ИМАРАТТАРДЫН, КУРУЛМАЛАРДЫН ЖАНА КОМПЛЕКСТТЕРДИН ДОЛБООРЛОО ДОКУМЕНТТЕРИНИН…Нормативы · 13.12.2018
- Таш-Көмур шаардык кеңешинин 2003- жылдын 19-сентябрынын № 5/3 "Шаардын аймагындагы жерлерди менчикке жана ижарага берүүнүн жоболорун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.09.2003 · № 5/3
- Корул айылдык Кеӊешинин 2017-жылдын 22-декабрындагы № 12/4 "Кең-Жылга айылынын Тогузгун, Арал участкаларынын генпланын даярдоо үчүн айыл өкмөтү тарабынан акча каражатын бөлүп…Постановление · 22.12.2017 · № 12/4
- Корул айылдык кеңешинин 2018-жылдын 19-декабрындагы №24/2 "Кең-Жылга айылынын Тогузгун, Арал участкаларынын генпланын даярдоо үчүн айыл өкмөтү тарабынан акча каражатын бөлүп…Постановление · 19.12.2018 · № 24/2
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 31 мая 2018 года №13 "О некоторых вопросах, возникающих при рассмотрении дел об оспаривании решений, действий (бездействия)…Постановление Пленума Верховного суда · 31.05.2018 · № 13
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-октябрындагы № 713 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз…Постановление · 30.10.2017 · № 713
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 22-ноябрындагы № 272 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой…Постановление · 22.11.2021 · № 272
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-февралындагы № 88 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 10.02.2017 · № 97
36 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/8/st-1" title="1-статья - Жер кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>