Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, „Жайыттар жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 июля 2025 года № 150 "О введении в действие Земельного кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-07-18.
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2022-жылдын 5-августу № 85 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13) асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери - кыртыштын бонитетинин баллы 20дан жогору эмес же тоют бирдигиндеги түшүмдүүлүгү гектарына 0,8 центнерден аз болгон (чабындылар жана жайыттар үчүн), мелиорациялык жактан ылайыктуу эмес жана аларды жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылуучу айыл чарба жерлери;";
2) 30-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6, 7 жана 8-пункттар менен толукталсын:
"6. Асылдуулугу төмөн жайыттар жерлердин максаттуу багыты белгиленген тартипте өзгөртүлгөндөн кийин, андан соң Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин курамына киргизүү менен ал өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына жана юридикалык жактарына 20 жылга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн. Бул мөөнөт аяктагандан кийин тараптардын макулдашуусу боюнча жер участогун пайдалануунун мөөнөттөрү узартылышы мүмкүн. Жерлердин максаттуу багыты өзгөртүлгөндөн кийин асылдуулугу төмөн жайыттарды пайдаланууга берүүдө милдеттүү шарт болуп жерлердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу эсептелет. Асылдуулугу төмөн жайыттарды өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
7. Мал айдап өтүлүүчү асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери, фаунанын эндемикалык түрлөрү байыр алган жана өсүмдүктөрдүн эндемикалык түрлөрү өскөн аймактар өздөштүрүү жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүү үчүн берилбейт.
8. Асылдуулугу төмөн жайыттар тарыхый-маданий мурас чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын оң корутундусу болмоюнча пайдаланууга берилбейт.".
2-берене
"Жайыттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 30-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 2-берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү абзац менен толукталсын: "Асылдуулугу төмөн жайыттар - тоют бирдигиндеги түшүмдүүлүгү гектарына 0,8 центнерден аз болгон (чабындылар жана жайыттар үчүн), мелиорациялык жактан ылайыктуу эмес жана аларды жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылуучу жайыттар.".
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 9-августундагы № 69(3404) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2022-жылдын 30-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Ак-Турпак айылдык кеңешинин 2023-жылдын 14 ноябры № 25 "Оомат-Ордо" ЖЧКнын директору К.Жолдошовдун кайрылуусу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.11.2023 · № 25
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеешинин 2022-жылдын 30-июнундагы N 424-VII "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Жайыттар…Постановление · 30.06.2022 · № 424-VII
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2025 · № 150
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.07.2025 · № 150
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Жайыттар жөнүндөЗакон · 26.01.2009 · № 30 · Күчүн жоготкон