Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ 2021-жылдын 22-ноябры № 272 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен аталган мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Төрага
А.У. Жапаров
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 15-статьясында:
- 84-пункту “тазалоочу курулмалар” деген сөздөрдөн кийин “, саламаттык сактоо, мектеп жана мектепке чейинки балдар мекемелери, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү объекттер,” деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене
“Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 902-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 5-беренесинде:
- 2-бөлүгүнүн 1-пунктундагы “жана” деген сөз “же” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3) мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган саламаттык сактоо, мектеп жана мектепке чейинки балдар, социалдык мекемелер, маданият жана искусство чөйрөсүндөгү объекттерди куруу;”;
- 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 31, 8 жана 9-пункттар менен толукталсын:
“31) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча жүргүзүлүүчү инженердик жана транспорттук инфратүзүм объекттерин жана көрүстөндөрдү куруу;
8) ата мекендик инвесторлор тарабынан ишке ашырылуучу суу сактагычтары жана плотиналары бар ири электр энергетикалык өндүрүш кубаттуулуктарын куруу;
9) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде мамлекеттик муктаждыктар үчүн объекттерди куруу.”.
3-берене
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 100-беренесинин биринчи бөлүгү “, буга ата мекендик инвесторлор тарабынан ишке ашырылуучу суу сактагычтары жана плотиналары бар ири электр энергетикалык өндүрүш кубаттуулуктарын куруу үчүн которулуучу (трансформациялануучу) токой фондусунун жерлери кирбейт” деген сөздөр менен толукталсын;
- 101-беренесинин биринчи бөлүгү “, буга ата мекендик инвесторлор тарабынан ишке ашырылуучу суу сактагычтары жана плотиналары бар ири электр энергетикалык өндүрүш кубаттуулуктарын куруу үчүн которулуучу (трансформациялануучу) токой фондусунун жерлери кирбейт” деген сөздөр менен толукталсын.
4-берене
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Токой кодексиКодекс · 08.07.1999 · № 66
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо)…Закон · 20.01.2022 · № 6
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөЗакон · 15.07.2013 · № 145 · Күчүн жоготкон